Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:08

Трампка кол салуу президенттик шайлоого кандай таасир этет?


Трампка кол салуунун чоо-жайы иликтенип жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00

Трампка кол салуунун чоо-жайы иликтенип жатат

АКШда республикачылардын президенттикке талапкери Дональд Трампты өлтүрүү аракети америкалыктарды нес кылды. Өлкөдө мындай окуя 40 жылдан бери боло элек эле. Экс-президент Пенсильвания штатында тарапкерлери менен жолугушуп жатканда ок атылган.

Федералдык иликтөө бюросу кол салган 20 жаштагы жигитти атайын кызмат ошол жерде жок кылганын билдирди. Мындай саясий зомбулук республикачылардын улуттук курултайына эки күн калганда болду.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Тодд Принс кол салуунун президенттик жарышка ыктымал таасирин эксперттер менен талдады.

Кол салуу Трамптын пайдасына ойношу мүмкүнбү?

Социалдык түйүндөрдө президенттикке үмүткөр Трамп аны өлтүрүү аракетинен саясий упай топтойт деген комментарийлер жайнап кетти. Алсак, Х (мурдагы Твиттер) социалдык медианын ээси, таасирдүү миллиардер Илон Маск 13-июлдагы ок атуудан кийин дароо Трампка колдоосун билдирди.

Байден менен Трамптын дебаты. Атланта, 27-июнь, 2024-жыл
Байден менен Трамптын дебаты. Атланта, 27-июнь, 2024-жыл

Быйылкы президенттик жарыш абдан курч жүрүп жаткандыктан, сурамжылоолордо тараза ташынын бир аз болсо да кайсы бир тарапка оогону маанилүү. Ошентсе да, талдоочулар сөз болгон окуя 4 айдан кийинки добуш берүүгө таасир этеринен күмөн санашат.

Кортленддеги Нью-Йорк университетинин саясий илимдер боюнча профессору Роберт Спитцердин көз карашында, Трамп убактылуу бир импульс алат, бирок ал ноябрга чейин сакталбашы ыктымал:

“Трамптын талапкерлиги республикачылардын улуттук курултайынан кийин көбүрөөк колдоо табат деп күтсө болот. Анын көзүн тазалоо аракети секирикке алып келиши мүмкүн. Бирок бир нече жуманын ичинде Трамптын да, Байдендин да рейтинги акыркы бир-эки айдагыдай деңгээлге кайтат деп ойлойм”.

Жорж Вашингтон университетинин профессору Мэтью Даллек тарыхка көз чаптырып, зомбулуктан жабыркаган саясатчыны элдин жылуу сезими шайлоодо жеңишке жеткирет деп айтуу кыйын деген оюн айтты:

"1912-жылы Теодор Рузвельт президенттикке ат салышып жатканда ок жеп жарадар болгон, бирок утулуп калган. 1950-жылы президент Гарри Трумэндин көзүн тазалоо аракети болгону менен, демократтар ал жылы орто мөөнөттөгү добуш берүүдө жыдып калган. 1975-жылы президент Жералд Форд эки жолу кол салуу аракетине кабылган. Андан кийинки жылы шайлоодо жеңилип калган".

Саясатчыны бутага алуу зомбулуктун күчөшүнө жем ташташы мүмкүнбү?

Даллек бул жолку шайлоо алдындагы зомбулук Трампты өлтүрүү аракети менен чектелбеши ыктымал деп кооптонот:

“Зомбулук адатта зомбулукту жаратат, туурабы? Бир жолу ырайымсыз бир чабуул жасалып, анан абал бир заматта тынчып калбайт. Ошон үчүн, менимче, кол салуу алдыдагы айларда жана жылдарда өлкөнү кооптуу кырдаалга кептейт”.

Профессор сурамжылоолор оңчулдар жана солчулдар тараптагы азчылык саясий зомбулукту акташарын көргөзгөнүн, бул абдан тынчсыздантарын белгилейт.

Спитцердин пикиринде, ушул учурдан пайдаланып, өлкөнү бириктүү, партиялар ортосундагы кескин пикир келишпестиктерди басаңдатуу зарыл. Аналитик “ашынган элементтер” тарапташтарын куралданууга үндөшү мүмкүн деген ыктымалдыкты жокко чыгарбайт.

“Тилекке каршы, бул 13-июлдагы окуянын кесепети болушу мүмкүн”, - деп белгилейт профессор.

Кол салуу шайлоо кампаниясындагы уу-дуу кепке кандай таасир тийгизет?

Демократиялык партия шайлоо алдындагы үгүт жарнамаларын убактылуу токтоторун жарыялады. Даллектин айтымында, мындай окуядан кийин бул – кадыресе көрүнүш.

Бирок Трампты демократияга жаралган коркунуч деген сөздөр камтылган позициясы өзгөрөбү же жокпу, белгисиз.

Огайо штатынан сенатор, республикачыл саясатчы Жей Ди Вэнс кол салуу үчүн жоопкерчилик Байдендин штабынын билдирүүлөрүнө жүктөлөрүн айтты. Спитцер мындай айыптоолор “чектен чыгарын”, Байден же анын шайлоо штабы мындай зомбулукка шыкактаган эч нерсе айтпаганын жана кылбаганын белгилейт.

Баса, Вэнс Доналд Трамп вице-президенттикке тандашы мүмкүн деген талапкерлердин арасында аталып жүрөт.

Даллек белгилегендей, Трамп айрым адамдарды, мисалы, мигранттарды сүрөттөгөндө тукуруучу лексика колдонгонун, Өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери, демократ Ненси Пелосинин күйөөсүнө кол салууга байланыштуу тамашалаганын эске салат.

Экс-президентти 2021-жылы 6-январда тарапташтарын Капитолийге чабуул коюуга шыкактаган деп айыптап келатышат. Ал окуя маалында бир киши окко учкан.

Трампка кол салуудан кийин. Пенсильвания. 13-июль, 2024-жыл
Трампка кол салуудан кийин. Пенсильвания. 13-июль, 2024-жыл

Даллек орто мөөнөттүү перспективадан алганда шайлоо кампаниясындагы кеп-сөздөр олуттуу өзгөрбөйт деп эсептейт.

Иммиграция - агрессивдүү билдирүүлөргө жем таштаган темалардын бири. Трамп бул маанилүү саясий маселени президентке доомат артуу үчүн пайдаланышы ыктымал. Байден бийликте турган кезде АКШга мурда болуп көрбөгөн сандагы мыйзамсыз мигранттар кирген.

Ок аткан кишини жетелеген саясий себептер канчалык маанилүү?

Даллек белгилегендей, айрым кишилер Трампка кол салган адамдын психикалык саламаттыгын козгошу мүмкүн, бирок тарыхты карасак, саясатчыларга каршы зомбулукка баргандар идеяларга жетеленет.

Андай адамдарга өздөрү туш болгон “риторика менен идеялар дем берет” деп айткан профессор президент Жеральд Фордду өлтүрүү аракетин көргөн радикал муну менен АКШнын Вьетнамдагы кийлигишүүсүнө чекит коюуну көздөгөнүн эске салат:

"Андай адамдар Кошмо Штаттардагы саясий зомбулуктун кеңири маданиятынын, саясий салтынын бир бөлүгү болот. Албетте, көбүбүз андай салттын жок болушун каалайбыз. Менимче, ал адамды кандай ойлор жетелегенин билүү маанилүү”.

Демократтар кол салууну ок атуучу куралды көзөмөлдөөнү шайлоодо негизги маселеге айландыруу үчүн пайдалана алабы?

20 жаштагы жигит Трампты AR түрүндөгү мылтыктан аткан. Бул факт куралды көзөмөлдөө маселесин шайлоо кампаниясында олуттуу маселеге айландырышы ыктымал. Демократтар көп жылдан бери жарым-жартылай автомат курал-жарак айрым адамдардын, өзгөчө жаштардын колуна оңой тиерин айтып келатышат. Андай курал мектептердеги бир топ ок атууларда колдонулган.

Быйыл жыл башында Трамп Улуттук курал-жарак ассоциациясына жасаган кайрылуусунда өзүн “курал ээлеринин Ак үйдөгү эң жакшы досу” деп атаган жана кызматка кайтып келсе, Байден администрациясынын куралды көзөмөлдөө мыйзамдарын жокко чыгарарын билдирген.

“Куралдын ал түрүнүн жеткиликтүүлүгү жана AR өңдүү мылтыктардын массалык зордукчул аракеттерде көп колдонулушу, менимче, жакынкы күндөрү Байдендин лагеринде активдүү талкууланат", - деп эсептейт Спитцер.

Ок жеп каза тапкан окуучу Жэки Казарестин жакындарынын нааразылык акциясы. Техас. 11-июнь, 2022-жыл
Ок жеп каза тапкан окуучу Жэки Казарестин жакындарынын нааразылык акциясы. Техас. 11-июнь, 2022-жыл

Даллек кол салуудан кийин куралды көзөмөлдөөгө мурдагыдан көп көңүл бурулат деген ойго кошулганы менен, көпчүлүк америкалыктардын бул маселеде пикири калыптанганын, 13-июлдагы окуя ошол көз карашын өзгөртүүгө түрткү бербесин боолголойт:

“Чабуул коюучу курал менен башталгыч мектептеги балдардын өлтүрүлүшү курал-жаракка байланышкан олуттуу талкууларды жүргүзүү үчүн жетишсиз болсо, бул же башка кол салуу адамдардын оюн өзгөртөт деп санабайм”.

XS
SM
MD
LG