Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:28

"Кесиптен алган рахат акчадан баалуу"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.
  • Элмурат Кочкор уулу.
    Элмурат Кочкор уулу.
    Элмурат Кочкор уулу - дин таануучу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты. "Ислам - илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини" аттуу китептин автору.
  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

Жакшы жашоону каалагандар баары эле кесипти туура тандап алгысы келет. Бирок маселе ошол туура тандоо деген эмне экендигинде.

Адамдар инсандык өзгөчөлүгү, жөндөмү, кызыкчылыгы жагынан бири-биринен айырмаланып тургандыктан, туура тандоону ар ким ар башкача түшүнөрү мыйзам ченемдүү нерсе.

Андыктан бир кесипти (мисалы, догдурдун ишин) бардык бүтүрүүчүлөр үчүн жакшы/туура деп эсептеген же дагы кайсы бир кесипти такыр татыксыз көргөн жарабайт.

Демек, тандоо алдында турган адам үчүн эң маанилүүсү "мен үчүн эң ылайыктуу кесип кайсыл?" деген суроонун жообу болушу керек. Бул суроонун айланасында узак убакыт бою ойлонуп көргөн соң, мындай жыйынтыкка келдим: кимге өз кесибин аркалоо андан тапкан акчасынан дагы да жагымдуу сезилсе, ал адам туура тандаган болот. Мисалы, композитор үчүн симфониялык чыгарма жазуунун рахаты ошол музыкадан тапкан акчасынан маанилүү болсо, анда туура кесипти аркалап жатканы.

Акчасы жетиштүү, бирок иш жакпайт; же иш жагат, бирок айлыгы аз деп жумушунан нааразы болгондорду баарыбыз эле көрүп жүрөбүз. Бул жогорудагы эки фактор шайкеш келбей, адамдар өзүнө ылайыктуу жумушту/кесипти таба албаган (жана бул жагдай адамдын өзүн бактылуу сезүүсүнө тоскоол болгон) учурда айтылат.

Эми келиңиздер, азыр толкунданып, ою чачырап, ары-бери урунуп турган бүтүрүүчүлөр туура кесипти тандоо үчүн көңүл бурушу керек болгон кээ бир маанилүү жагдайларды тизмектеп өтөлү.

1. Кыял жана реалдуулук

Бүтүрүүчүлөр кесип тандоодо кыялданган максаты менен ага жеткире турган жөндөмү, шарты, мүмкүнчүлүгү бар же жок экенин аныктап алышы зарыл. Мисалы, канчалык катуу аракеттенсе да, өзү каалаган кесиптин дасыккан адиси боло албагандар көп кездешет эмеспи. Мунун себеби – тийиштүү кесиптин талаптарына жооп бере турган жөндөмдүн жетишсиздиги.

Же жөндөмү жетиштүү болгон менен, шарты туура келбей калган учурлар да кездешет. Маалым болгондой, Чарльз Дарвин медицина факультетинде окуган. Жакшы дарыгер деле боло алган эмес. Бул кесиптен баш тарткан соң, теология жаатында окуп, чиркөөдө иштегенге кызыгат. Бирок бул жагын деле кыйраткан жок.

Дарвиндин биология тармагына аябай кызыгып, буга жөндөмү, аракети болгону да маалым. Бирок атактуу биолог болуу жолу кандайча ачылды? Өзү каалабаган кесипти аркалап жүргөн учурда укмуштай сонун мүмкүнчүлүккө туш келди: алыскы деӊиз саякатына кошулду. Табият таануучу катары кемеде кызмат ордун алып, беш жылдык саякатка аттанды. Тагдыр жолундагы бул бурулуш Дарвин үчүн көп китеп окууга жана түрдүү чөлкөмдөрдөн курт-кумурска топтоп, аларды изилдөөгө толук мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Байкаңыз! Эгер Дарвинге ушундай мүмкүнчүлүк туш келбесе, ал канчалык аракеттенип изденсе да, дүйнөгө белгилүү илимпоз боло алмак эместир?

Бул эмнени көрсөтөт? Кесип тандоодо зарыл шарттардын баары төп келишин эске алуу керек. Эгерде, мисалы, нанотехнология жаатында окуп, билим алгысы келген адам бул багыт боюнча чет мамлекетте, саналуу гана окуу жайларда окуп билим алуу мүмкүн экендигин жана ага жараша чет тилди (мисалы, англис тилин) үйрөнүү керектигин, балким, каржылык шарт-жагдайды, чет мамлекетте жашап кетүү жөндөмүн кошо эсепке алууга тийиш.

Мунун тескерисин да ойго ала жүрүү маанилүү. Мисалы, бир окуучу жаш кезинен кыялданып, суктанып жүргөн кесип чындыгында анын кыялындагыдай чыкпай калуусу да толук
мүмкүн.

Бул жагынан өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын да
үйрөнүү керек. Мисалы, Германиянын мектептеринде окуучулар кичинекейинен эле кайсы бир кесиптин ээси болгусу келсе, аны менен таанышып көрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт экен.

Айталы, бир бала инженер болуп, автоунаалардын моторун жасагысы/оңдогусу келет. Мектеп атайын устаканалар же заводдор менен келишим түзүп, бул окуучуну белгилүү убакытка ал жерге жиберет. Статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, кээ бир окуучулар кыялдарына дагы жакындап, тандаган кесибин ого бетер жакшы көрүп калса, башка окуучулар “жок, мен бул кесипти туура эмес тандаган окшойм, мага жакпай калды” деп, максатын өзгөртөт экен. Андыктан кесипти, анын артыкчылыгын, кемчилигин, талап кылган шарттарын тактап билүү жана ага жараша кыялдануу, иштиктүү план түзүү зарыл.

2. Приоритет

Кесип тандоодо приоритет, б.а. кайсы бир нерсеге артыкчылык берүү чоӊ мааниге ээ. Кээ бир адамдар кесиптик жолун улоодо акчаны, айрымдар карьералык өсүүнү, дагы башкалары рахаттанып иштөөнү биринчи орунга коюшу мүмкүн. Булардын баары шайкеш келген абал идеалдуу болгону менен, жашоодо сейрек кездешет.

Дүйнөдөгү адамдардын басымдуу бөлүгү өзү каалабаган кесипти аргасыздан аркалап, тиричилик кылып келатканын айтууга болот. Акчаны же карьералык өсүштү башкы орунга коюу этикалык, менталдык жактан дайыма эле туура боло бербестигин белгилеп өтүү керек. Бирок кесип тандоодо ушуну да эске алуу зарыл.

3. Талантты туура байкоо

Жөндөмдүүлүккө байланыштуу бир-эки жагдайды көӊүлдөн чыгарбоо керек: кесип тандоо үчүн мектепти бүтүргө жакын издене баштагандар кечигип калышы ыктымал.

Кайсыл жаатка же жумушка жөндөмдүү экенин окуучу өзү, ата-энеси жана мугалимдери ортоңку класстардан баштап эле биргелешип издөөгө тийиш. Бул оңой эмес, бирок мүмкүн. Өнүккөн өлкөлөр мектеп программасын буга чактап жакшырткандыктан мыкты натыйжаларга жетишип жатканы мунун далили. Алсак, фин мектептеринде баланын кайсыл жаатка жөндөмдүү экенин мүмкүн болушунча эрте байкап, ага жараша тийиштүү шарт түзгөндүгү, мектептерде балдардын талантын, жөндөмүн туура байкоо үчүн психологдордон үзгүлтүксүз жардам алуу практикасы – буга дагы бир далил.

Биргелешип изденүү аркылуу дайыма эле баланын жөндөмүн так аныктоо мүмкүн болбой турганын кошумчалай кетели. Мисалы, мектепти бүтүп университетке кирген соң да ал изденүү уланышы мүмкүн. Бул учурда кесибин өзгөртүүнү чечкен, б.а. башка бөлүмгө өтүп окугусу келген студентти туура түшүнүү, ага мүмкүнчүлүк берүү керек. Биздин менталитетке салып “дагы бир-эки жылың текке кетет, андан көрө ушуну бүтүп ала бер, тезирээк ишке кир” деп басым жасоо менен ал студенттин келечегине балта чаап алышыбыз ыктымал. Себеби бир-эки жылдык убакытты эле ойлоп, өмүр бою өзү каалабаган кесип менен жашоого мажбурлаган жакшы эмес.

Мисалы, өнүккөн өлкөлөрдө 2-3-курста бөлүм, университет алмаштырган студенттердин саны көп экенин эске салгым келет. Бул болсо кесипкөй адистердин жолун ачарын азыркы жагдайдан даана байкоого болот.

Универсалдуу талап

Жогорудагы шарттар – адамдык факторлор. Бирок кесиптин артынан нан таап жегиси келгендердин баарынан талап кылынган шарттар да бар. Булардын негизгиси – күжүрмөн эмгек. Башынан эле жеӊилине качырып, аз окуп, аз эмгектенип, бирок чоң ийгиликтерге оңой жетүүнү көздөгөндөр адашат. Бул абалды биздин “Мээнетиң катуу болсо тапканың таттуу болот” деген макалыбыз же түрктөрдүн “Ийгилик – күжүрмөн эмгектин жемиши” деген накыл кеби менен түшүндүрсөк болот.

Дагы бир универсалдуу талап – бул тил үйрөнүү. Илимдин тили кайсыл болсо, дал ошол тилди үйрөнүү бардык кесиптер үчүн маанилүү. Бүгүн эң жаңы макалалар, китептер, видео сабактар кайсыл тилдерде чыгып, эң актуалдуу конференциялар, тажрыйба алмашуу иштери кайсыл тилдерде жүргүзүлүп жатса, ошол тилдерди үйрөнүү абдан зарыл. Мисалы, көптөгөн заманбап кесиптерди өздөштүрүү үчүн англис тилин үйрөнүү керек.

IT жакшы тармакпы?

Соңку учурларда аябай маанилүү боло баштаган багыттардын бири – IT тармагы. Дүйнөдө бардык нерсе технологиялашып бараткандыгы, ошондуктан IT адистерине суроо-талап эӊ көп болуп жатат. Бул жааттагы эмгек акы да башкаларга салыштырмалуу бир топ жогору экендиги анык.

Бирок акчасы жакшы, жумуш орундары көп, келечекте да кеңири болот деп божомолдонуп жатканы үчүн эле бул кесипти бардык балдар үчүн “туура” же “жакшы” дей алабызбы? Менимче, жок. Анткени акча табуу мүмкүнчүлүгү – кесип тандоодогу критерийлердин бири гана. Эң маанилүүсү, башта белгилеп өткөндөй, программа (алгоритм) жазуу иши тартуулаган рахат бул кесипте иштегенде табыла турган акчадан кем эмес мааниге ээ болушу кажет.

Учурда бул кесиптин дүйнөдө популярдуу болуусу, көптөгөн адамдар бул жаатка агылып кирип баратышы, жеке пикиримде, финансылык муктаждыктан улам болуп жаткандай. Акча табуу үчүн өзүнө жакпаган жумушта иштеген адам үчүн бул тандоонун менталдык, рухий кесепеттери да бар экенин, анын жашоосун начарлатарын эске алуу керек.

XS
SM
MD
LG