Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:32

Кыргызстанда орус банктарын ачуу кооптуубу?


Орус рубли.
Орус рубли.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда орусиялык банктардын филиалдарын ачууга чакырды.

10-июлда Орусиянын Красноярск шаарында эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда Орусиянын ири банктарынын бөлүмдөрүн ачууну сунуштады.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка ылайык, Жапаров Орусиянын Сбербанк, ВТБ, "Внешэкономбанк" жана "Газпромбанк" сыяктуу ири мамлекеттик банктары Кыргызстандын каржы рыногуна катышканы маанилүү деп белгилеген. Ал бул улуттук валюталар менен эсептешүү үлүшүн көбөйтүүгө шарт түзөт деди.

Жыйынга Орусиянын премьер-министринин орун басары Алексей Оверчук катышкан. Орусиянын өкмөтүнүн сайтында Москва соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, өлкөлөр ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө сөз болгонун жазды. Расмий Москва же орусиялык банктар кыргыз өкмөт башчысынын сунушу боюнча комментарий бере элек.

Ушул аптада кыргыз өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров баштаган делегация Красноярск шаарында өтүп жаткан "Иннопром-2024" иш-чарасына барып келишти.

"Мир" картасын тейлөө жанданабы?

Иш-чарада Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, орусиялык “Мир” банк карталарын жандандырууга аракет көрүлүп жатканын айткан.

“Программалык камсыздоого ээ болгон европалык өнөктөштөрдүн талабы менен биз “Мир” карталарын тейлөөдөн айласыз баш тартканбыз. Азыркы күндө Банктар аралык процессинг борбору өзүнүн продукциясын түзүү үчүн иштеп жатат”, - деген министр.

Процессинг борборунан жаңы программа тууралуу сурообузга кат аркылуу кайрылуубуз керектигин билдиришти. Алардын жообун күтүп жатабыз.

Ал эми экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” түшүндүрмө берип, эки өлкө ортосундагы гана акча жүгүртүү системасы болорун белгиледи.

Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

“Орусия - стратегиялык өнөктөштөрдүн бири, ортодогу сооданын көлөмү боюнча экинчи орунда турат. Алар менен кантип соода кылышыбыз керек? Эртели кеч бир система кириши керек. Качан иштелип чыгып, качан ишке кирет, белгисиз. Сом менен рублдин ортосундагы карым-катнашты түзгөн программа болот. Сооданын көлөмү өтө чоң, аны камсыз кыла турган система керек”, - деди Амангелдиев.

Апрель айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Кыргызстанда банктар Орусиянын “Мир” карталарын тейлөөнү токтоткону тууралуу комментарий берип, “эч кандай санкциядан чочулабай” турганын билдирген. Анда Жапаров “Мир” картасын тейлөөнү кыргыз өкмөтү эмес, өлкөдөгү банктар ээлик кылган Банктар аралык процессинг борбору токтотконун белгилеген.

Банктар аралык процессинг борбору 3-апрелден тарта Орусиянын “Мир” карталарын тейлөөнү, терминал аркылуу төлөм жүргүзүүнү жана банкоматтардан накталай акча алууну, картадан картага каражат которууларды токтоткон.

Ошондой эле Борбор Азиянын бир катар мамлекеттеринде “Мир” картасын тейлөө токтотулган. Себептери ачык айтылбаганы менен, санкцияларга байланыштуу экени анык.

Орусия ишканалары, айрыкча каржы компаниялары АКШ, Батыш өлкөлөрүндө болуп көрбөгөндөй санкцияга кабылып жаткан маалда ал өлкө менен Кыргызстан финансылык система түзүү аракеттеринин кесепети же мүмкүнчүлүгү кандай деген маселе турат.

Экономист Төлөн Абдыров Кыргызстан-Орусия ортосундагы соода алаканы эске алганда кыргыз өкмөтүнүн демилгесин туура деп эсептейт. Себеби өлкөдө каржы мүмкүнчүлүктөрү канчалык көп болсо, жалпы экономикага ошончолук пайдалуу болот.

“Кыргызстанда Орусиянын банктары деле жок. Азыр Акылбек Жапаров ачык демилге кылып жатат. Бул жакта филиалыңарды ачып, “Мир” карталарыңарды дагы иштете бергиле дегендей кылды. Негизи, Орусия менен соода кыла турган багыттар көп. Бирок алар менен акча жүгүртүү кеңири болбой калды. Мындан бизнес аксап калгандай болуп жатат”, - деди экономист.

АКШ, Европа мамлекеттеринин расмий өкүлдөрү Орусияга салынган санкцияларды Борбор Азия өлкөлөрү кыйгап өтүүгө жол бербеши керектигин эскертип келет.

Экономика боюнча серепчи Марат Мусуралиев Бишкек Москва менен экономикалык алаканы кылдат талдап жүргүзүшү зарыл дейт. Ал Кыргызстанда Орусиянын каржы мекемелеринин көбөйүшүнөн кыйыр санкцияларга туш болуп калуу коркунучун четке какпайт.

Марат Мусуралиев.
Марат Мусуралиев.

“Кыйыр санкцияга түшпөсөк болду. Себебин айтып берейин. Американын тартиби боюнча кара тизмедеги банк же мамлекет менен байланышы болсо, ал дагы санкцияга илинет. Кыйыр санкция деген эмне? Ал кадимки санкциядан жумшак болбойт, ошондой эле катаал чаралар бар. Эсиңизде болсо керек, 2010-жылдары Бишкектеги казактардын банкын Иран сатып алган. Ошол замат АКШ тарабынан санкция салынып, доллар менен эсептерине тыюу салынган. Ирандыктар бир жыл тырышып анан айласы жок банкты сатты. Ошондуктан Америка кааласа ошол эле орус банктарынын филиалын кара тизмеге киргизип салышы мүмкүн”, - деди серепчи.

Санкциялар күчөгөн учур

Санкция демекчи, өткөн айда АКШнын Каржы министрлиги Орусиянын бир катар финансы институттарына санкция салган. Тактап айтканда, Москва биржасы, Орусиянын Улуттук клиринг борбору жана Улуттук эсептешүү депозитарийи Вашингтондун "кара тизмесине" кирип, булар менен кызматташкан чет элдик банктар да санкцияга кабылары эскертилген.

Кыргызстандын Улуттук банкы буга байланыштуу 13-июнда билдирүү таратып, ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу экени, Улуттук банк валюта саясатын жүргүзүүдө суроо-талаптын жана сунуштун негизинде алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режимин сактай турганы белгиленген.

Банкирлер Кыргызстандын негизги соода өнөктөш өлкөлөрүнүн финансы рынокторундагы өзгөрүүлөр ички валюта рыногуна таасир тийгизет деген тынчсыздануусун билдирген. Кыргызстандагы айрым банктар 13-июнда Орусиянын банк жана финансы институттары менен акча которуу системасына чектөө киргизилгенин жарыялаган.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2023-жылы Кыргызстанда эл аралык акча которуу системалары аркылуу 165 млрд сомдон ашуун акча которулган. Анын ичинен 125,5 млрд сом Кыргызстанга которулса, 39,8 млрд сом сыртка чыккан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG