Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:37

Орун алмашкан кадрлар. Иштин сапаты жакшырабы?


Тилек Текебаев менен Абсаттар Сыргабаев.
Тилек Текебаев менен Абсаттар Сыргабаев.

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Абсаттар Сыргабаевдин ордуна Тилек Текебаевди дайындады.

Сыргабаев болсо Текебаевдин ордуна транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болду. Бул өзгөрүүлөр кадр саясаты, жетекчиликке тандалгандардын кесипкөйлүгү тууралуу талкууларга жем таштады.

Садыр Жапаров жана анын администрациясы Тилек Текебаев менен Абсаттар Сыргабаевдин орун алмашуусунун себебин түшүндүргөн жок.

Текебаев Фейсбуктагы баракчасына эки жылга жакын министр болуп иштеп турганда жасаган иштери тууралуу жазды. Өлкө башчыларына жаңы кызматка дайындаганы үчүн ыраазчылык билдирди.

"Мен Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө кайсы жерде болбосун өз салымымды кошуп, өлкөбүздүн өргө карай багыт алышына болгон күч-аракетимди жумшайм. Катардагы жоокер сымал берилген ар бир кызматты ак ниеттик менен аткарууга колдон келген аракетимди кылам. Айтылган ар бир сындын үстүнөн ошол замат иштеп, жумушту өз убагында, планга ылайык аткарууну мындан ары да улантам. Мага көрсөтүлгөн ишеним үчүн өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирем", - деп жазды Текебаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожонун пикиринде, Текебаевдин тушунда салынган жолдордун сапатына байланыштуу маселелер бар.

"Мен парламентте деле салынып жаткан жолдордун сапатына көңүл бурулушу керек деп айтып келем. Мисалы Ак-Талаанын, Жумгалдын жолунда кемчиликтер бар. Жолдор сапаттуу жасалса албетте жакшы болмок. Кеткен чыгым деле оңбогондой. Сапаты начар экенин тургундар деле айтып жатат".


Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Исхак Масалиев дагы Текебаевге байланыштуу сын доомат көбөйгөнүнө токтолду.

"Тилек Текебаев биздин комитеттин жыйындарына келбейт эле. Анын кандай иштегенин убакыт көрсөтөт, ийгиликтүү же ийгиликсиз иштеди деп айта албайм. Бирок транспорт министри тууралуу көбүрөөк сын угуп жүрөм. Божомолдорду алдын ала айтып, мактанып койгон адаттары бар экен. Сыргабаевди тааныбайт экем, анын кандай иштерин Камчыбек Ташиев жакшы билет го. Бирок менин көз карашым ушундай: билим берүү тармагына билим берүү тармагын жакшы билген, медицинага ушул тармакты түшүнгөн адам келсе жаман болбойт эле. Булар азыркы заманда менежерлер керек деп жатышпайбы. Бирок геология, транспорт тармагына адистер келсе жаман болбос эле".


Тилек Текебаевдин мурдагы кеңешчиси Мурат Соорбеков ага министр катары ачык-айкын, таза иштеди деп баа берип жатат. Ал министр көбүрөөк өзүн жарнамалоого басым жасады деген сөздөрдү четке какты.

"Башка министрлерге салыштырмалуу Тилек Кыдырмаевич активдүү иштеди десем болот. Мурда Транспорт министрлиги коррупциялашкан, ачык-айкын эмес иштерди жасаган. Тилек Текебаев болсо бардыгын көрсөтүп, ачык-айкын иштеген. Эң негизгиси ал президенттин ишенимин актай алды. Коррупциялык иштерге аралашкан жок. Президенттин колдоосу менен анын тушунда көп жол салынды. Сапат жагына келсек, канчалык көп каражат бөлүнсө, ошончолук жолдор сапаттуу салынат. Транспорт министрлиги биринчи жолу Ноокаттын жолу сыяктуу чоң жолдорду сала баштады. Буга чейин ушундай жолдорду насыяга "Чайна роуд" сыяктуу жеке компаниялар салчу. Ошондуктан берилген акчага жараша министрлик жакшы эле жолдорду салды".

Транспорт министринин милдетин аткара баштаган Абсаттар Сыргабаев алгач өкмөттүн, андан кийин президенттин Жалал-Абадга өкүлү болуп 2020-жылдын октябрынан бери иштеп келген.

Анын айыл өкмөттөн дароо губернаторлук кызматка көтөрүлүшүн Камчыбек Ташиевге жакындыгы менен байланыштыргандар болгон. Ал ошол маалда "Азаттыкка" комментарий берип жатып, Ташиевдин өкүл баласы экенин бышыктаган, бирок кызматтан кызматка тааныш-билиштик менен көтөрүлүп келет деген сөздөрдү четке каккан.


"Эл ар кайсыны айта берет. Мен бир топ мамлекеттик кызматтарда иштегем. Финполициянын райондор аралык бөлүмүн төрт жыл жетектедим. Бир жыл облуста иштедим. Андан сырткары 2011-2012-жылдары Миграция министрлигинин өкүлү болуп Москвада иштеп келдим. Тажрыйбам жетишерлик. Айыл өкмөттү төрт жыл жетектедим. Эң негизгиси- айыл өкмөт болуп иштесең аким, губернатор болуш жеңил. Бардык маселе, жергиликтүү эл менен иштөө айыл өкмөттө. Кээ бирлери айыл өкмөт деп айта берет, бирок депутат болуп жүрүп деле губератор болуп жатышпайбы. Ага караганда айыл өкмөт болуп жүрүп губернатор болуш алда канча реалдуу", - деген Сыргабаев.

Ал министр катары ишин кантип, эмнеден баштары тууралуу үн ката элек.

Анын аты алгач 2013-жылы Жалал-Абадда облустук администрацияны басып алуу менен коштолгон окуяларда аталган. Милиция кылмыш ишин козгогон "Ата-Журт" партиясынын аймактагы алты өкүлүнүн бири болгон.

Анда Кумтөргө байланыштуу жана камактагы депутаттарды бошотуу талабы менен акцияга чыккандар облустук акимчиликти басып алган. Анда Медербек Үсөнов “элдик губернатор” деп жарыяланган. Кийинчерээк аны атайын кызмат камакка алган. Аны бошотууну талап кылгандар Сузактын Барпы айылынын тушундагы Ош-Бишкек жолун бууган.

Сыргабаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев башында турган “Мекенчил” партиясынан талапкер болгон жана тизмеде 5-орунда турган. Ага Садыр Жапаров 2022-жылы июнда маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкорчулукту азайтуу боюнча жарлыкты жетиштүү аткарбаганы үчүн сөгүш берген. Анын буга чейин транспорт жана жолдор тармагында иштегени тууралуу маалымат жок.

Журналист, талдоочу Адил Турдукуловдун пикиринде, кадр таңкыстыгы маселеси ириде кадр саясатындагы ачык-айкындыктын жоктугуна байланыштуу.

"Президент маектеринин биринде "кадрлар жетишпейт, кесипкөй, дасыккан, чынчыл кадырлар жокко эсе" деп даттанган жайы бар. Мен буга кошулам. Бирок бул жерде кадр саясатындагы кемчиликтер да себеп болуп жатканын айтсак болот. Анткени кайсы кызматка кайсы адамдар кандай критерийлер менен жогорку кызматтарга дайындалып жатканы түшүнүксүз, бүдөмүк. Ошондуктан мамлекеттик кызматка барып карьера жасайм деген адам бир канча жолу ойлонуп чечим чыгарат. Кадр саясатындагы кемчиликтер буга чейинки бийликтердин тушунда деле болуп келген, революциянын себептеринин бири дагы ошо болгон. Баягы эле эски эшелондогу кадрларды алмаштырып, ротация кылып жатканын көрүп атабыз. Бул жерде дагы түшүнүксүз. Анткени ошол эле транспорт министри буга чейин көп эле жолу кагуу жебедиби. "Азаттык" иликтеген Балыкчыдан Карколго карай жасалган жол дагы түздөн түз бул министрликке тиешелүү да. Ал жакта көптөгөн маселелер болгонуна карабастан ага жооп бербегенинен улам бизде дагы деле болсо коррупцияны көз жаздымда калтыруу мамилеси жоюлбаганын билсек болот. Транспорт тармагында иштеген, Жалал-Абадда губернатор болгон кишинин министр болуп дайындалганы дагы түшүнүксүз. Ал жакка адискөй адам барса болмок".


2021-жылы Конституция өзгөргөндөн кийин облус башчылары президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү деген макам алган жана аларды мамлекет башчысы өзү дайындайт.

Министрликке көрсөтүлгөн талапкерлерге парламенттин макулдугу керек.

XS
SM
MD
LG