Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:28

"517 гектар жер жарактан чыкты". Кен казуунун орду толгус кесепети


Кыргызстандагы кендердин бири.
Кыргызстандагы кендердин бири.

Улуттук коопсуздук комитети Жалал-Абад облусунда кен казган компаниялардын ишин көзөмөлдөө үчүн атайын мамлекеттик ишкана түзүү каралып жатканын билдирди.

Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунда мындай фирмалардын айынан экология зыянга учурап, дээрлик 2 миллиард сомдук чыгым аныкталганын маалымдады.

Буга чейин айрым жергиликтүү тургундар, экологдор айрыкча Чаткалда алтын казган, чайкаган компаниялардын айынан жаратылыш бүлүнүп жатканын айтып келген.

Президент Садыр Жапаров кызматка жаңы киришип жатканда бул тармакты иретке келтирүүнү убада кылган.

Атайын кызмат азыр Жалал-Абадда кен казган компанияларга байланыштуу бир топ кылмыш иштери тергелип жатканын кабарлады.

УКМК тараткан маалыматта, Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунда 2015-2023-жылдар аралыгында жалпысынан алтын, көмүр казган, суу жээгинен алтын жууган 40тай компания иштеген.

Учурда тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан улам табиятты калыбына келтирүү (рекультивация) иштери жүргүзүлгөн эмес.

УКМК ушундай жагдайлардан улам "Жалал-Абад кен байлыктары" деп аталган мамлекеттик ишкана түзүү сунушталып жатканын жарыялады:

"Алар лицензиялардын мөөнөтү бүткөндөн кийин лицензиялык участоктордо техникалык жана биологиялык рекультивация жүргүзгөн эмес. Көзөмөлдөөчү органдардан жана жергиликтүү бийликтен тийиштүү көзөмөлдүн жоктугунан жер казынасын пайдалануучулар мыйзам бузуу менен атайын рекультивациялык фондго акча которбой, мунун айынан 517 гектардан ашык түшүмдүү жер жараксыз болуп калган. Мындан сырткары алардын лицензиялык аянтына кирбеген аймактардан да пайдалуу кенди мыйзамсыз казып алган. Мунун натыйжасында экологияга 1,8 миллиард сомдон ашуун зыян келтирилген. Кен тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мыйзамдарды сактоо, кен казган компаниялардын ишин көзөмөлдөө үчүн Министрлер кабинети Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин алдындагы "Жалал-Абад кен байлыктары" мамлекеттик ишканасын түзүү маселесин карап жатат", - деп жазылган маалыматта.

Кыргыз өкмөтү бул ишканага байланыштуу азырынча кеңири маалымат бере элек.


Жогорку Кеңештеги Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин төрагасынын орун басары депутат Кундузбек Сулайманов муну кен тармагында ырааттуу саясат деп сыпаттады:

"Тоо-кен тармагында туура эмес көрүнүштөр көп болгон. Бул иштердин баары ошонун баарын иретке келтирүү максатында болуп жатат. Убагында лицензияларды алып, аны кайра сатуунун кесепети ушул болуп жатат. Текшерүү, көзөмөл жок. Өзүнчө мекеме түзүү - туура эле чечим".

Тоо-кенчилер бирлигинин башчысы Дүйшөнбек Камчыбеков "Азаттыкка" комментарий берип жатып тоо-кен тармагы өзүнчө болушу керек деген оюн дагы белгиледи. Анын пикиринде, кайсы бир аймакка кен тармагын көзөмөлдөгөн ишкана ачуу маселени чечпейт.

"Бизде азыр министрликте экологияны көзөмөлдөй турган тармак дагы, тоо-кен жаатындагы ишканаларды көзөмөлдөгөн тармак да бар. Министрликтин алдында чалгындоо, лицензиялоо иштерин жүргүзгөн өзүнчө мекеме бар. Биз буга чейин айтып келген маселе маанилүү экени акыркы маалымат менен ырасталып жатат. Буга чейин тоо-кен, геология тармагы өзүнчө мекеме болушу керектигин айтып келгенбиз. Алар өздөрүнүн жобосу, мыйзамы менен иштеши керек. Экология тармагынын дагы өзүнүн мыйзамдары, кодекстери бар. Жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдары бар. Бир мекемеде эки тармактын болгону туура эмес, кызыкчылыктар кагылышы болот дегенбиз. Мына ошонун айынан тоо-кен тармагындагы 40ка жакын компания туура эмес иштеген, мыйзам бузган, рекультивациялык фондго акча төлөгөн эмес, анын айынан 1,8 миллиард сомдук зыян келген. Бул жагдай ошол эки башка тармактын бир мекемеге берилгенинин жыйынтыгы болуп жатат. Биз министрден "бир орун басарыңыз бул кенди казуу экономикалык жактан пайдалуу десе, экинчи орун басарыңыз экологияга, жаратылышка зыяны чоң болот деп турса, сиз кандай чечим кабыл аласыз?" деп да сураганбыз. Коңшу өлкөлөрдө деле тоо-кен тармагы өзүнчө бөлүнгөн. Эгер биз "Жалал-Абад кен байлыктары" деп ача турган болсок, анда башка региондордо деле кен казып жаткан компаниялар бар да. Бүгүнкү күндө көмүргө эле 400дөн ашык лицензия берилген. Алтынга берилген лицензиялардын саны дагы 400дөн ашык, кара майга 50дөн көп лицензия берилген. Анда биз Нарын, Ысык-Көл, Чүй кен байлыктары деген ишканаларды да ачышыбыз керек. Эгер биз ушундай жол менен барсак, анда туура эмес болуп калат. Чаткал, Ала-Бука жана Аксыда болуп жаткан жагдайлар башка региондордо деле чыгат", - деди Камчыбеков.


“Азаттык” буга чейин Ала-Бука менен Чаткалдагы алтын казган компанияларга айтылган чыр-чатак, сын-дооматтардын, нааразылыктын чоо-жайын бир канча жолу иликтеген.

Аталган райондо чачыранды алтын казып жаткан компаниялардын дээрлик баары пайдасынан, кирешесинен жана сатуудан салык төлөбөй турганын көрсөткөн. Анда лицензиялар колдон-колго өткөн, ээси ким экени белгисиз учурлар да бар экени аныкталган.

Чачыранды алтынды чакчелекей казгандар

2022-жылы биринчи элдик курултайда Чаткалдан келген делегат Жылдызбек Абибакир уулу аймактагы кен казуу жана экология маселесин көтөргөн. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, кен казган компаниялардын ишин иликтеп, берилген лицензияларды иретке келтирүүгө чакырган.

Жаш активист мамлекет башчысына кайрылгандан бери жагдай дээрлик өзгөрбөгөнүн айтууда:

"Азыр дагы деле чачыранды алтын казган фирмалар иштеп жатат. Кен казган компаниялар рекультивация иштерин жүргүзбөйт. Казган жердин ордуна бир дагы чырпык сайышкан жок. Алтын чайкалган жерлер кайра көмүлгөн жок, суулар ошол бойдон эле турат. Жергиликтүү бийлик ар кайсы шылтоону айтат, биздин колубуздан келбейт, иш козголгон дешет. Аким деле келип булар мыйзамдуу иштейт, мен эч нерсе кыла албайм деп кетет. Жакында эле биздин Кызыл-Токой айылыбыздагы Ак-Чечек кенин казуудагы экологиялык маселелерге байланыштуу анын казылышына эл каршы чыгып, маселе көтөргөнбүз. Эл булар иштебесин, сууну булгайт деп айткан. Ал жерде бир канча жылдык чоң-чоң дарактар, токой бар. Аким келип үч-төрт жолу чогулуш өткөрдү, эл каршы чыкты. Бирок баары бир ал жерди казууга беришти. Бизди милицияга чакырып, суракка алып, коркутканга аракет кылышты".

Чаткалда токой, тал-терек кыйылып, дарыя-суулардын нугу бузулуп, айлана-чөйрө калыбына келтирилбегендиктен, чачыранды алтын казууга мораторий киргизүү талабы байма-бай көтөрүлүп келет. Өкмөттүн токтому менен чачыранды алтын казууга 2020-жылы мораторий кирген. Бирок ошол маалга чейин берилген лицензиялардын мөөнөтү узартылып калган.


Эколог, активист Гамал Сооронкулов кыргыз өкмөтү түзгөнү жаткан мамлекеттик ишкана кандай иштерине азыр көзү жетпей турганын айтты:

"Бир чети, маселеге көңүл бурулуп жатканы жакшыдай көрүнөт. Экинчи жагынан, бул алаксытуу гана болуп калбайбы деген да ой бар. Азыр болор иштин баары болуп калган, 1,5 миңдей гектар жер талкаланып, рекультивация болбой жатат. Биз канчадан бери чыркырап келе жатабыз. Мейли эми, ошондой мекеме болсун. Бирок ал эмне кылат? Мүмкүн, ага менин башым жетпей жаткандыр. Азыр министрлик турат. Ушундай мекеме уюштурбай туруп эле рекультивация кылбай качып кеткендерди УКМК издесе болбойт беле? Качып кеткендерди таап келип, рекультивация жасатуу функциясын ошол мекемеге береби? Мен ушуга бир аз түшүнбөй турам. Мага популизм сыяктуудай сезилип турат. Чоң кендер иштесин, экологияны сактасын. Бирок момундай чачыранды алтындын экология зыянынан башка экономикалык жактан пайдасы деле аз".

Соңку маалыматка ылайык, Чаткалда алтын казууга 140 лицензия берилген. Алардын ичинен эки лицензия изилдөөгө, 72си чалгындоого, 66 лицензия кен казууга берилген. 2023-жылы аталган райондо тогуз ишкана кен казып жатканы белгилүү болгон. Анын ичинен бирөө тамырлуу алтын кенди, жетөө чачыранды алтынды, бирөө сурма кенин иштетип жатат.


Ала-Букада кен казууга жалпысынан 43 лицензия берилген. Анын үчөө изилдөөгө, 24ү чалгындоого, калган 29у кен казуу алынган. Учурда үч компания иштеп жатат, алардын экөө, тактап айтканда "Фулл Голд Майниг" менен "Каз Минералс Бозумчак" тамырлуу алтын кенин казат. Дагы бир компания чалгындоо жүргүзүп келгени айтылган.

Садыр Жапаров Чаткалга 2020-жылы күзүндө президенттин дагы, премьер-министрдин дагы милдетин бирдей аткарып турган маалда барган. Ошол жерде жергиликтүү эл менен жолугушууда дегеле бардык кендерге комиссия жөнөтүп, жалпы жагдай, экологиялык дооматтар иликтенип чыгарын убада кылган. Бирок комиссия түзүлгөнбү, кандай жыйынтык чыгарган, кандай чечимдер кабыл алган деген суроолор ошол бойдон ачык калган.

XS
SM
MD
LG