Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:37

Байден НАТО керектигин, Трампты жеңерин кайталады


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден НАТОну күчтүү блок бойдон сактап каларын, буга чейин да Орусиянын Украинадагы согушуна каршы бекем туруу үчүн өнөктөштөрдүн башын бириктирүү аракетин көрүп келгенин белгиледи.

Трансатлантикалык альянстын саммити жыйынтыкталгандан кийинки пресс-конференцияда америкалык лидер президенттик жарыштан чыкпасын, атаандашы, экс-президент Дональд Трампты жеңүүгө даяр экенин кайталады.

11-июлдагы маалымат жыйынында Байден Украинадагы согушту токтотууга болгон аракетин жумшарын, европалык өнөктөштөр аны экинчи президенттик мөөнөт үчүн ат салышууну улантууга чакырышканын билдирип, Трамп шайлоону жеңсе, АКШ менен Европанын алакалары кандай болот деген тынчсыздануусун ортого салды:

"НАТОнун күчтүү болушу Американын коопсуздугу үчүн маанилүү. Менимче, Бешинчи берененин милдеттенмелери ыйык. НАТОнун узак тарыхында (коллективдүү коргонуу тууралуу) ал берене бир эле жолу - 2001-жылдын 11-сентябрдагы теракттарынан кийин колдонулганын америкалыктардын эсине сала кетейин. Мен Путинге жүгүнбөсүм айдан ачык. Украинаны жалгыз калтырбайм. НАТОну кубатуу бойдон кармап турам. Буга чейин дал ушуну кылып келдик, мындан ары да бул багыттан тайбайбыз".


АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгында Вашингтон НАТОну жана Украинананы мурдагыдай колдобой калат деген кооптонуу саммиттин катышуучуларын түйшөлтүп келди.

Эмне дегенде Трамп бийликте турганда уюмду "жараксыз" деп атаган жана АКШны зарыл болсо андан чыгаруу каалоосун жашырбайт.

Альянстын мааракелик саммитинин жыйнытыгында Байден НАТО кыска мөөнөттүү келечекте Киевге бардык зарыл болгон жардамды берерин, анын ичинде Орусиянын агрессиясына туруштук берүү үчүн курал-жарак менен камсыздарын, келечекте кандай болбосун коркунучтун мизин кайтаруу максатында коргонуу тармагын бекемдөөгө көмөктөшөрүн билдирди.

81 жашагы Байдендин пресс-конференциясын демократтар чыдамсыздык менен күттү. 27-июндагы дебаттан кийин анын саламаттыгы, башкаруу жөндөмү суроо жаратып, президенттик жарыштан чыгуу чакырыктары көбүрөөк жаңырып калды. Бирок президент экинчи мөөнөт үчүн күрөштү улантарын, ден соолугу жакшы экенин айтты.


Байкоочулар сөз болгон эрөөлдөн айырмаланып, бул жолу Байден ишенимдүүрөк сүйлөгөнүн белгилешти. Ошентсе да, бир нече жолу жаңылып, чаташып кетти. Маселен, Зеленскийди Путин деп, Камала Харристи вице-президент Трамп деп атап алды.

Байден дагы көп маанилүү иштердин өтөсүнө чыгышы керектигин, өзүнө алган милдеттенмелерди жетиштүү тажрыйба топтой элек жаш саясатчыларга калтырууну каалабаганын белгиледи.

АКШ президенти ошондой эле Газадагы согушка тезинен чекит коюу керектигин айтып, анын тынчтык планы Израил жана ХАМАС (АКШ менен Ервошаркетте террордук деп таанылган) тобу менен да макулдашылганын билдирди.

Блоктун лидерлери жылдык саммитинин аягында кабыл алган билдирүүсүндө Бээжин Орусиянын Украинадагы согушуна өбөлгө түзүп жатканы айтылган.

Кытай НАТО өлкөнү каралап жатат деп айыптап, уюм Азиядан оолак турушу керек жеген талабын койду:

"Украина маселесине келгенде НАТО жоопкерчиликти Кытайга жүктөп салды. Бул акылга сыйбаган карасанатай ниет. Кытайдын Украина маселесиндеги объективдүү, бейтарап позициясын, конструктивдүү ролун эл аралык коомчулук тааныган. Эч кандай далили жок эле НАТО АКШнын жалган маалыматын таратууну улантуу менен Кытайдын аброюна шек келтирүүдө. Мындай жагдай Кытай менен Еврошаркеттин кызматташтыгына көлөкө түшүрүүдө", - деп айтты Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лин Цзян.

Байден шайлоого катышарын кайталады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00


Батыш Бээжин Орусияга Украинага каршы согушта олуттуу технологиялык жардам көрсөтүп жатканын, станокторду, электроника жана башка товарларды экспорттогонун көптөн бери сындап келет.

Кытай Москванын көз карандысыз өлкөгө басып киргенин бир да жолу айыптай элек.

Бир жылдан ашуун убакыт мурда Бээжин согушту токтотуу боюнча 12 пункттан турган жалпы планын сунуш кылган. Ошол маалда эки тарап тең ал долбоорго ынтызарлыгын билдирген эмес.

XS
SM
MD
LG