Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:42

Гүлнара Каримованын абактагы "козголоңу"


Гүлнара Каримова Миландагы мода жумалыгында, 2009-жыл.
Гүлнара Каримова Миландагы мода жумалыгында, 2009-жыл.

Ташкент облусунун Заңгиата районундагы аялдар колониясында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Гүлнара Каримова жабык мекеменин "баш оорусуна" айланган.

Гүлнара Каримованын абакта чатак салып, чагым уюштурганын атын атагысы келбеген адам "Озодлик" радиосуна айтып берди, ал жердеги окуя маалымдоо каражаттарында буга чейин эле жарыяланган.

"Аны ал жакка отургузбаш керек эле"

Гүлнара Каримова 2015-жылы 18-декабрда Ташкент шаардык соту тарабынан 10 жылга эркинен ажыратылган. 2020-жылы 18-мартта жаңы кылмыш ишинин негизинде 13 жылга кесилген.

Үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда блогер Кирилл Альтман Заңгиатадагы аялдар колониясынан бошонгон аялдын маегин жарыялаган.

Маек темир тор артында жаткан 52 жаштагы Гүлнара Каримованын туулган күнүндө - 8-июлда жарыяланган, маекте анын канчадан бери жатканы маалымдалган эмес.

8-июлда блогер Кирилл Альтманга курган маегинде Ташкент облусунун Заңгиата районундагы аялдар колониясынан бошонуп чыккан аял Өзбекстандын биринчи президенти маркум Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова түрмөдө "козголоң уюштурганын" кабарлаган.

"Ал деле жумушка чыккан. Биринчи жолу козголоң уюштурган. Баары 2,5 саат тикесинен тик турушту. Кыязы, аны айыптап, соттошту окшойт. Негизи аны отургузбаш керек эле, абакта отургандан кийин каалайсыңбы же каалабайсыңбы эрежени сактоого милдеттүүсүң. Тиги болсо эрежени дайым эле сактай бербейт", – дейт абактан чыккан аял.

Альтман менен аңгемелешкен аял түрмөдө жаткан кезинде Гүлнара Каримова кайсы күнү кандай козголоң чыгарганын, каршылык акциясын канча жолу уюштурганын тактаган эмес.

Блогердин суроолоруна жооп берген ошол аял түрмөдө Гүлнара Каримовага өзгөчө сыйлуу шарт түзүшпөгөнүн, ал деле башкалардай эле жалпы отряд менен жаза мөөнөтүн өтөп жатканын билдирген.

"Бир гана өзгөчөлүгү ага төрт керебет коюп беришкен, жаткан жерин шейшептер менен тосуп алган. Башкаларчылап жалпы ашканага барбайт. Ага тамакты өзүнчө алып келишет. Сырттан азык-түлүк жеткирип турушат. Эч ким жокто машиналар келет. Алып кирүүгө уруксат берчү 10 килограммдык аш-тамак эмес, керектүүнүн баары бар. Бир нерсени кааласа аны сөзсүз аткарышат. Абакта жаткан бирөөнү көргүсү келсе, башка отряддан аны чакырып келишет. Бир сөз менен айтканда, түрмөдө ал каалагандай күн кечирүүдө", – дейт аял.

Жакындарынын даты

"Озодлик" кепке тарткан аялдар абагында мурда жатып чыккандардын баары ушундай эле жагдайды сүрөттөштү.

Ташкент облусундагы Заңгиата районундагы №21 аялдар колониясынын жетекчиси Гүлрух Каримова бул боюнча биздин редакция жөнөткөн өтүнүчтү жоопсуз калтырды.

2021-жылдын 14-апрелинде укук коргоочу Агзам Фармонов Өзбекстан акыйкатчысынын байкоо жүргүзүү тобунун курамында Ташкенттин жанындагы аялдар колониясында болуп, ал жерден Гүлнара Каримованы көргөнүн "Озодликке" ырастады.

Ал эми Өзбекстандын туңгуч президентинин үй-бүлөсү Гүлнара Каримованы көптөн бери жакындарына учураштыра элек деп арызданган.

Маселен, анын апасы Татьяна Каримова 2023-жылы Facebook баракчасына небереси Иманды туулган күнүндө – 16-июнда апасы Гүлнара Каримова менен жолугуштурбай коюшканын жазган.

"Неберем Иманды 25 жашка чыгышы менен куттуктайм. Небереме бактылуу жашоону, сүйүүнү каалайм, жакындары менен туугандарына камкор кыз болсун. Ар бир күнү кубанычка, эргүүгө толуп турсун! Өкүнүчкө, жаркыраган жакшы күнү маанайды түшүрүп, кызым Гүлнара менен жолугушууга аялдар колониясына киргизишпей коюшту", - деп жазган Татьяна Каримова.

Татьяна Каримова түрмөдө жаткан кызы Гүлнара менен жолугуштурбай жатканын айтып, нааразылыгын билдирген. Бирок анысына социалдык тармакта боор толгогондор аз болгон, айрымдар аны ачык эле табалап: "Эмнени эксең, ошону аласың" дегендей какшык пикирлерди жаадырышкан.

Ислам Каримовдун жесири бул пикирлерден кийин постун өчүрүп койгон.

Быйыл апасынын туулган күнүн утурлай Иман Гүлнара Каримованын видеосун жарыялап: "Туулган күнүңүз менен" деген гана сөз жазган.

2023-жылдын күзүндө Гүлнара Каримованы үй камагына чыгарат имиш деген маалымат тараган. Расмий ырасталбаган мындай маалыматтын чыгышына Имандын Улуу Британиядан Өзбекстанга тез-тез каттай башташы себеп болду окшойт.

Бир кезде "Озодликтин" булактары Гүлнара Каримова кыйла убактысын үйүндө өткөрөрүн, зарыл учурда гана түрмөгө барып турарын ырасташкан. Бирок мындай кабарлар расмийлер тарабынан ырасталган жок.

№21 аялдар колониясынын атын атагысы келбеген кызматкери "Озодликтин" журналистине жабык мекеме үчүн Гүлнара Каримованын маселеси баш ооруга айланганын ыастады. Бирок ал Гүлнара Каримова үй камагына чыгарылганбы деген суроосун укмаксан болуп койду.

Аялдар колониясынын кызматкеринин айтуусунда, Гүлнара Каримова менен жолугушуу үчүн анын туугандарына эч кандай артыкчылык берилген эмес. "Айрым учурларда мыйзамга ылайык ага жакындары менен жолугушууга уруксат берилет, бирок ага эч ким келбейт", - дейт маектешибиз.

"Мекеменин жетекчилиги бир нече ирет жогорку жакка Гүлнара Каримованын жүрүм-туруму, камактагы башка аялдарга жасаган чагымчылдыгы тууралуу кайрылган. Бир жагынан бизге, оперативдүү кызматкерлерге, ага жакын жолобоону эскертишкен. Экинчи жагынан: "Ага өтөле бөйпөңдөй бербегиле" деп да айтышкан",- дейт Заңгиаттагы аялдар колониясынын кызматкери.

Бийликтин жообу

"Озодликтин" башка булактары да Өзбекстандын туңгуч президентинин кызы түрмөдө такай каршылык акцияларын уюштурарын, анын натыйжасында колония жетекчилиги Жаза өтөө департаменти менен атайын прокуратурага кайрылганын ырасташты.

Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык Гүлнара Каримованы жатак абагынан которуу же мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу убактысы өтүп кеткен.

2021-жылдын мартында Гүлнара Каримова абакта жазган ырларын сыртка чыгарууга жетишкен, анда "такай кыйноолорго кабыларын" жазган.
Иман Каримова апасынын катын өзүнүн Телеграм-каналында жарыялаган.

Ташкент облусундагы Заңгиата районундагы №21 аялдар колониясынын жетекчиси Гүлрух Каримова "Озодликтин" өтүнүчүнө жооп кылып камакта отурган аялдарга, айрыкча Гүлнара Каримовага эч качан мыйзамсыз чаралар көрүлбөгөнүн билдирди.

"Албетте, сиз журналист катары Гүлнара Каримова тууралуу жазууга толук укуктуусуз. Эгер сиз менин сөзүмө ишенбесеңиз, ал кыйноолорго кабылган деп эсептесеңиз, анын жаза өтөө шарты мыйзам талабына жооп бербейт деп ойлосоңуз бул маселе боюнча менин тикелей жетекчилигиме – Жаза өтөө башкы башкармалыгына кайрылсаңыз болот",- дейт №21 аялдар колониянын жетекчиси.

Өзбек бийлиги Гүлнара Каримованын балдары менен адвокатынын айткандарын төгүндөп, түрмөдө ага кысым көрсөтүлбөгөнүн, укугу бузулбаганын ырастап келет.

Миллиондор кайтарылганбы?

2015-жылы 18-декабрда Гүлнара Каримова Ташкент шаардык сотунун өкүмү менен 10 жылга эркинен ажыратылган, 2020-жылдын 18-мартында – жаңы кылмыш иштин негизинде 13 жылга камалган.

Ага кутумчулук, акча талап кылуу, каражаттарды жок кылуу жана тоноо, арам акчаны адалдоо дагы башка кылмыштар боюнча айып тагышкан.
Гүлнара Каримованын мамлекетке, жарандарга келтирген зыянынын жалпы суммасы 1 трлн 270 млрд 200 млн сумду, 1 млрд 651,8 млн АКШ долларын, 26,1 млн еврону түзөт.

2019-жылдын жазынан тарта ал жазасын Ташкент облусунун Заңгиатин районундагы №21 аялдар колониясында өтөөдө.

Каримовага каршы кылмыш иштер Өзбекстанда АКШ менен Европанын бир нече өлкөлөрүнөн кийин ачылган, ага жемкорлук, арам акчаны адалдоо боюнча айыптар коюлуп, кылмыш иштери ачылган.

Тергөөнүн ырасташынча, Каримова мобилдик байланыштарга лицензия берүүгө телекоммуникациялык жана башка компаниялардан (чет өлкөлүк: МТС, "Вымпелком", (ING, Telia Sonera) 1 миллиардга жакын доллар пара алган деп айыпталган.

Кийинчерээк Г.Каримова жакындары менен бул акчаны офшордук компаниялар аркылуу чет өлкөгө алып чыгып кеткен, ага ондогон кымбат үйлөрдү, башка кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган.

Эл аралык иликтөөлөрдөн кийин Каримованын Швейцария банктарындагы 840 миллион долларлык мүлкү камакка алынган.

2022-жылдын февралында Өзбекстандын Юстиция министрлиги Каримованын 10 миллион долларлык активи кайтарылганын, дагы 131 миллион доллар Швейцариядан Бириккен Улуттар Уюмунун көп жактуу траст фонду аркылуу Өзбекстанга кайтарыларын кабарлаган.

Бирок жергиликтүү жана эл аралык коомдук активисттер, укук коргоочулар жана аналитиктер Каримованын кайтарылган активдери карапайым калкка жетерине ишенбейт.

Тактап айтканда, өткөн жылы октябрда Гонконгдо кармалган Гүлнара Каримованын мурдагы жарандык күйөөсү Рустам Мадумаровду учурдагы бийликтин аялы менен арам ишке барган табакташ катары айыптап, абакка отургузушуп, анан ошондой эле ыкчамдык менен боштондукка чыгарып салышы күмөнсүнүүнү күчөттү.

"Озодликтин" кабардар булактары Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Мадумаровду чет өлкөгө чыгарылып кеткен каражаттарды кайтарып алуу үчүн пайдаланышканын ырасташат.

Булактардын маалымдашынча, УКК Мадумаровдон Гүлнара Каримовага байланышкан каражаттарды Standard Chartered Bankынын Гонконгдогу филиалында турган банк эсептерин жеке эсептерге которууну талап кылган. Алардын маалымдашынча, кеп бул жерде жүздөгөн миллиондук доллар жөнүндө болушу мүмкүн.

2016-жылы бийликке келген Шавкат Мирзиёев кызматына киришип жатканда өзүн Ислам Каримовдун шакирти, ал баштаган иштерди улантуучу катары көрсөткөн, иш жүзүндө ал мурдагынын саясий мурасынан өзүн алыс кармоодо.

Тактап айтканда, ал ондогон саясий куугунга кабылгандарды абактан бошотту, "кара тизмеге" түшүп калган миндеген адамдарды жаманатты болуудан куткарды.

Ал эми Татьяна Каримова тууралуу Мирзиёев "Ферганалык келиндер" бир кезде өрөөндү тоноп кетишкен деп айтты.

Социалдык тармакта отургандар менен карапайым өзбекстандыктар Мирзиёевдин кыздары, күйөө балдары менен Каримовдун кыздарынын жашоо ыңгайын салыштырышат.

"Озодлик" радиосунун макаласы орус тилинен которулду.

XS
SM
MD
LG