Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) билдиришинче, 2050-жылы Жер шарында кант диабети менен ооругандардын саны 1,5 млрд адамга жетиши мүмкүн. Кыргызстанда учурда 84 миңден ашуун адам бул оору менен каттоодо турат. Адистердин божомолунда бейтаптардын реалдуу саны мындан да көп болушу мүмкүн.
"Көзүмө суу толуп баратат"
Дарыгерлер адам кант диабети пайда болгонун көбүнчө сезбей калат дешет. Биздин каарман, Чүйдүн тургуну Майрам Осмонбекова кант диабетине чалдыкканын кокусунан билген.
"Беш жыл мурда жүрөгүм катуу ооруган. Небере багып жаткам. Абалым оорлошуп, кыйналганда догдурга бардым. Текшерүүдөн өтсөм, кант диабети пайда болуптур. Азыр үч ай сайын догдурга көрүнүп, анализ тапшырып турам".
Кант диабетине чалдыккан адамдар сөзсүз медициналык каттоого туруп, ар үч айда текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Бирок ар кандай себептерден улам каттоого тура албай жүргөндөр да жок эмес.
"Эки жыл мурда катуу жабыгып калгам. Ошондон кийин эле тамагым кургап, суусай баштадым. Өзүбүз жашаган конуштагы ФАПка барып, диабет болгонумду билдим. Бирок каттоого тура элекмин. Эндокринолог башка органдарды да текшертүүгө багыттама берген. Анын баарынан өтүп келсем, өзү эмгек өргүүсүнө чыгып кетиптир, кийин барсам, күтүп отургандардан кезек тийчүдөй эмес. Кире албай баса бердим. Азыр диета кармап жүрөм, башка дары иче элекмин", - дейт Бишкектин тургуну Сейил.
Кант диабетин дарылаган эндокринолог адистер жетишсиз болгондуктан, айрым аймактардагы бейтаптар Бишкекке каттап, текшерилип турууга аргасыз.
Таластын тургуну Алтын мындан он алты жыл мурда кант диабетине чалдыккан. Ал анализ тапшыруу үчүн борборго башкалардай үч айда бир эмес, ай сайын келет.
"Талас району боюнча бир эле эндокринолог бар. Кокус ал сыркоолоп калса же эмгек өргүүсүнө чыгып кетсе, күтүп калабыз. Мурда үч айда бир келчүмүн, акыркы эки жылдан бери Бишкекке ай сайын каттап, анализ тапшырам. Кант диабети менен ооругандарга жеңилдик бар дешкени менен анализдер, дарылар кымбат. Кандагы кантты ченеп турган глюкометрдин тест-таякчасынын баасы мурда 1600 сом болсо, азыр 2 миң сомдон ашты. Менчик лабораторияларга анализ тапшырам, баш-аягы 10 миң сомдон ашуун акча кетет", - деди ал.
Алтын кант диабетине чалдыкканын жабыгып калганынан көрөт. Үй-бүлөсүнө байланыштуу көйгөйлөр менен алышып жүрүп ооруга чалдыкканын кеч билген. Катаал диета кармаганына карабай, диабеттин айынан бөйрөгү ооруп жатканын айтты:
"Ак нан жеп же уколдон калсам эле, канттын көлөмү көбөйүп, глюкометр көргөзбөй калат. Дайыма кара нан жешим керек. Аны айылдан табуу кыйын. Борбордон товар ташыгандардан алдырам. Негизи кант диабети менен ооругандарга сүт-айран ичкенге, эт жегенге уруксат беришет. Бирок бөйрөгүм ооругандыктан мага болбойт".
Биздин каарман жакында "Азаттыктан" кант диабети менен ооругандар көзүн текшертип жатканын окуп, Эндокринология борборуна барган экен. Ал жердеги фундус-камера карачыгына суу толуп кеткенин көрсөткөн.
Дарыгер жазган дары 20 миң сом тургандыктан, Алтын кийинки айга чейин мал сатып, акча топтоо үчүн кайра айылына кетти.
"Кант диабети - баары бүттү деген өкүм эмес, туура жашоого түрткү"
Дарыгерлер соңку жылдары кант диабетине жаштар да чалдыгып жатканын айтып, коңгуроо кагып келет. Эндокринология борборунун дарыгери Айсулуу Стамкулова менен "Сергек жашоо" подкастында ушул теманы талкуулайбыз.
- Айсулуу айым, кечээ жакында Кыргызстанда 84 миңден ашуун адам кант диабетине чалдыкканы белгилүү болду. Бул эмне болгон оору, андан кантип сактанса болот?
- Кант диабети - кандын курамындагы глюкоза нормадан ашып кеткенде пайда болуучу өнөкөт оорулардын бири. Буга уйку безинен инсулин бөлүнүп чыкпай калганы же аны сезе турган рецепторлордун жакшы иштебей калганы себеп болот. Кант диабети биринчи жана экинчи типтеги деп бөлүнөт.
Биринчи тибине балдар көп чалдыгат. Биз аны аутоиммундук оору деп коёбуз, анткени организм өзүнүн уйку безинин клеткаларын талкалап, анын натыйжасында инсулин бөлүнүп чыкпай калат. Мындай балдар инсулинди ийне менен күн сайын беш жолу алып турат.
Экинчи типтегиси акыркы жылдары жаштар арасында да катталууда, мурда жашы 45тен өткөндөр ооручу экен. Бул дарт тукум куушу да мүмкүн. Ашыкча салмак, кыймылсыз жашоо, туура эмес тамактануу, уйку безинин жараат алышы, ар кандай гормоналдык оорулар дагы себеп болушу ыктымал.
Кыргызстанда ушу тапта 84039 адам кант диабети менен расмий каттоодо турса, анын 90% экинчи түрү менен ооругандар. 8,2% биринчи типтегилер. Калганы диабеттин башка түрлөрүнөн жабыркагандар.
- Бир жерден балдардагы кант диабетинин пайда болушуна кээде ич өткөк, кызамык сыяктуу инфекциялык оорулар себеп болушу мүмкүн деп окуп калдым.
- Балдарда кант диабети эмнеден пайда болору азырынча белгисиз. Ошон үчүн аутоиммундук дарт деп жатабыз да. Бирок кээ бир учурларда инфекциялык оорулардан кийин диабеттин биринчи же экинчи тиби пайда болушу ыктымал. Демек, ооруган баланын генинде кандайдыр бир өзгөрүү жүрүп, сасык тумоо, пневмония ж.б. диабетти козгогон фактор болушу мүмкүн.
- Бизде салмагы чоң бала төрөлсө кубанабыз го. Бирок ашыкча салмактуу балада диабетке чалдыгуу тобокелдиги жогору дешет экен.
- Гестациялык диабет деген бар. Эгер аялга кош бойлуу кезинде ушундай диагноз коюлса, курсактагы ымыркайдын салмагы ченемден ашык болушу мүмкүн. Салмагы төрт килограммдан өткөн ымыркай өзү эле кайсы бир тобокел тобуна кирет.
- Кант диабети бар аялдар үчүн төрөт опурталдуу дейсизби?
- Диабети бар кош бойлуу аялдын көп учурда кан басымы көтөрүлөт, бала жаткан тондун суусу көбөйүшү мүмкүн. Баланын салмагы ашыкча болгондуктан, энеси ар кандай жараат алышы ыктымал. Гестациялык диабет көп учурда төрөттөн кийин жок болуп кетет. Бул диагноз коюлган аял төрөттөн 6-8 жума өткөндөн кийин сөзсүз текшерилиши керек. Эгер дарыгердин айтканын так сактабаса, диета кармабаса кайра пайда болуп, кант диабетине өтүп кетиши мүмкүн.
- Азыр тез татымдар көп, газдалган суусундуктар дүкөндө жайнап турат. Алардын кардарлары негизинен жаштар. Мындай азыктар кант диабетин пайда кылышы мүмкүнбү?
- Кант диабетинин 2-түрүнүн пайда болушуна айлана-чөйрө жана тамак-аштын таасири көбүрөөк. Тукум куушу да мүмкүн, бирок ал 30% гана түзөт. Калганы кандай жашоо таризин карманып, кандай тамактанганыбызга байланыштуу. Фастфуддарга трансмайлар көп кошулуп, абдан калориялуу келет. Көп жесе, организмде холестериндин деңгээли жогорулайт. Анан акырындап диабетти пайда кылышы ыктымал.
- Кант диабетинин алгачкы белгилери кандай?
- Адамдын оозу кургап, сууну көп ичип, ажатканага тез-тез бара баштайт. Арыктап кетиши ыктымал. Денесинде жара пайда болсо, анын айыгышы көпкө созулат. Ошондой учурда текшерүүдөн өтүп коюшу керек.
Негизи биринчи типтеги кант диабети барлар бат эле билинет. Инсулин жок болгону үчүн комага түшүп калышат. Ал эми экинчи типтеги кант диабети бар адам оорусун жылдап байкабай жүрө бериши мүмкүн. Аларда инсулин бар, бирок жетишсиз болот. Кээде бизге бейтаптар хирургиядан келишет. Диагноз бутуна жара чыгып айыкпай, кестирип сала турган болгондо коюлат. Кээде гинекологдордон келишет.
- Биздин айрым каармандарыбыз санаага баткандан көп өтпөй кант диабети пайда болгонун айтышты. Кайгы-кападан улам да уйку бези иштебей калабы?
- Стресстик гипергликемия деген бар. Адам катуу ойлонуп, кыжаалат болгондо, кандагы канттын деңгээли убактылуу көтөрүлөт. Эгер тукумунда бирөө кант диабети менен ооруса же ашыкча салмактан жабыркаса, ал диабетке өтүп кетиши да мүмкүн.
Бирок адам "ата-энем диабет менен ооруган, мен да ооруп калышым" мүмкүн деп коркпош керек. Андан көрө семирип кетпегенге аракет кылып, туура тамактанып, жылына бир жолу анализ тапшырып турганы оң.
- Кант диабетине чалдыккан адамдар көп учурда бат кыжырланып, ачуулуу болуп калат дешет. Бул оору психикалык саламаттыкка да таасир этеби?
- Кээ бир адамдар кант диабетине чалдыкканын моюндагысы келбейт. Каттоого туруудан, дарылануудан баш тартат. Бирок мунун кесепети оор болот. Көбү оорусу өтүшүп кеткенде кайра келет. Дарты күчөп, абалы оорлой баштаганда адам стресс болуп, ачууланышы мүмкүн. Ошондуктан диабетке чалдыккан адамдарды жакындары колдоп турушу зарыл.
Кант диабети кантип аныкталат?
- Канттын кандагы өлчөмү канча болгондо ооруга күмөн саноо башталат?
- Канттын өлчөмүн билиш үчүн манжанын учунан жана венадан кан тапшыртабыз. Бейтап 8-14 саат аралыгында жеңил тамактанып, анализге эртең менен ачкарын барыш керек. Ушундан кийин кандагы канттын өлчөмү 5-6.2 ммолду көрсөтсө, норма деп эсептелет. Эгер 7.2-7.3 ммоль болсо, эндокринологго же үй-бүлөлүк дарыгерге көрүнүшү кажет. Алар так диагноз коюу үчүн гликирлүү гемоглобинге анализ тапшыртат, муну менен акыркы үч айда адам канча кант менен жүргөнү аныкталат. Эгер венадан эки жолу кан тапшырып, экөөндө тең көрсөткүч 7 ммоль же андан жогору болсо, адам дарыгердин каттоосуна турат.
- Глюкоза деп жатпайсызбы, ал биздин организмде эмне милдетти аткарат?
- Глюкоза - бул энергия. Экзамен тапшыруу алдында бир аз таттуу жеп алгыла дешет го. Биздин мээбиз глюкоза менен азыктанат. Кээ бир адамдар ачка болгондо калтырап кетет эмеспи. Демек, ошол учурда кандын курамындагы глюкоза ылдыйлап, организмге энергия жетпей жаткан болот.
- Ал эми инсулинчи?
- Ал биздин уйку безибиз бөлүп чыгарган, кандагы ашыкча глюкозаны жөнгө салып турган гормон. Уйку бездин иши начарлаганда ошол гормон көп бөлүнбөй же такыр чыкпай калат да, кандагы глюкоза көбөйүп кетет.
- Диабети барлар кээде канты түшүп кеткенде эс-учун жоготуп, жыгылып калышат экен го?
- Бейтап таблетканы көп ичип же инсулинди көп сайып алса, же тамак ичпей эле инсулин алса, денеге күч келсе, кандагы канттын көлөмү 4-3,5 ммолго түшүп кетиши мүмкүн. Ошол учурда адам алсырап, тер басат. Муну гипергликемиялык абал деп коёбуз. Мындай учурда дароо кантын өлчөп, төмөн болсо, эки чакмак кантты оозго салып же бир чыны таттуу чай ичире койгон оң. Бир аз өзүнө келгенден кийин кантын текшерип, эгер нормадан ашык болсо, тамак бериш керек.
- Кант диабети пайда болуп калды дейли, эми артка жол жок. Мындан ары кантип жашаш керек, кандай кеңеш бересиз?
- Кант диабети оору эмес - бул жашоо таризи. Дарт пайда болгондон кийин бейтап дарыгердин айтканын аткарып, туура тамактанса, оору өтүшүп кетпейт. Углеводдор тез сиңүүчү жана кеч сиңүүчү деп экиге бөлүнөт. Биз кант диабетине чалдыккан адамдын рационунан тез сиңүүчү углеводдорду (момпосуй, таттуу токоч, суусундуктар) алып салабыз. Кеч сиңүүчүдөн нан, күрүч, гречканы аз өлчөмдө жесе болот. Анан дене көнүгүүлөрүн жасап, жөө басыш керек. Кыймылдаган сайын канттын деңгээли түшөт. Эң башкысы, дарыгер жазган дары-дармекти үзбөй ичиш керек. Бул өнөкөт оору болгондуктан, өмүр бою калат. Убактылуу эле диета кармайм, убактылуу эле дары ичсем болот деген туура эмес.
- Дарыланбай жүрө берсе, кесепеттери кандай болот?
- Кант диабети - биздин организмдеги маанилүү органдарды жабыркатуучу оору. Көздүн кан тамырлары ичкерип, нервдери өлүп калышы мүмкүн. Муну диабеттик ретинопатия деп коёт, убагында дарылабаса, адам көрбөй калат. Бөйрөктүн иши начарлап, диабеттик нефропатия пайда болгондо, гемодиализге түшөт. Кандагы кант жогору болгондо, тарамыштар, кан тамырлар жабыркайт. Бутта жара пайда болуп, ампутацияга да алып келиши мүмкүн.
"Жүзүм кант диабетин айыктырбайт"
- Эл арасында бир чөптүн тундурмасын ичип же жалаң жүзүм жеп, кантын азайткандар тууралуу угуп жүрөбүз. Бул чындыкка жакынбы?
- Заман талабына ылайык, далилдүү медицина менен гана иш алып барабыз. Эч кандай элдик медицина, БАК жок, клиникалык сыноодон өткөн дарыларды гана беребиз. Менин тажрыйбамда жалаң жүзүм жеп же биологиялык активдүү кошулмаларды иче берип көзү көрбөй калганда келгендер болгон. Ошон үчүн бейтап дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болуп, ал жазып берген дарыларды гана ичиши керек.
- Таттуу деп калдыңыз, айрым дарыгерлер момпосуй же шоколаддын ордуна кургатылган өрүк, жүзүм жегенге уруксат берет экен го.
- Табигый болсун, синтетикалык болсун бул оору үчүн таттуу бирдей эле таасир этет. Эгер кант диабетинин биринчи тиби болсо, биз балдарга аз өлчөмдө таттуу жегенге уруксат беребиз. Бирок андан кийин инсулин алууга тийиш. Мен өзүмдүн бейтаптарыма бир-эки өрүк же курманы түшкө чейин жегенге уруксат берем.
Бүгүн бир алма, эртең бир банан, бүрсүгүнү бир кивини түшкү саат 2-3кө чейин жеш керек. Анткени ал күндүз бир жакка барышы же жөө басышы мүмкүн, кыймылда болгондуктан кант түшөт. Бирок бизде көп адамдар жер-жемишти кечинде жеп, анан жатып алат. Кыймыл жок болгондуктан, глюкоза, фруктозалар канга сиңип, кантты көтөрөт. Ал эми жашылчаларга чектөө жок, бууга бышырып же чийки деле жей берсе болот.
- Эт жеп, кымыз ичсе болобу?
- Этти жесе болот, анткени анда белок бар. Бирок кант диабети менен көп жыл ооруган бейтапта нефропатия пайда болсо, биз белокту азайтууга мажбур болобуз. Анткени ансыз да ооруп турган бөйрөккө күч келет. Бөйрөгү таза болсо, тооктун, күрптүн этин терисин сыйрып салып жесе болот. Майлуу эт болбойт, анткени холестерини көтөрүлүп кетет. Кант диабети барларга кымыз көп учурда жакпайт.
Гарвард табагы деген бар, мен аны дени сак адамдарга дагы сунуштагым келет. Күнүмдүк рациондун 50% жашылча-жемиш, 25% белок, 25% кеч сиңүүчү углеводдон (күрүч, кесме, гречка ж.б.) турушу керек. Айрыкча жашылчада клечатка көп, ден соолукка пайдалуу.
- Кант диабетине чалдыккан бейтаптар дарыны жарым баасына алат турбайбы, бирок алар жетиштүүбү?
- Кант диабети менен каттоодо турган бейтап үй-бүлөлүк дарыгердин рецепти менен метформин, сиафор деген дарыларды алса болот. Экинчиден, бейтаптар кантты күн сайын глюкометр менен ченеп турушу керек. Дарыгердин рецепти менен анын тест-таякчаларын 50% арзандатуу менен алса болот. Глюкометр бейтапта сөзсүз болушу керек, аны менен адам өзүн көзөмөлдөп турат. Анын негизинде биз кант эмненин эсебинен көтөрүлүп же түшөрүн билип, дарылайбыз. Кан басымды өлчөгөн тонометр ар бир үйдө болгондой эле, кант диабети барларда да глюкометр болушу керек.
- Дүйнөдө кант диабетин дарылоо үчүн кандай изилдөөлөр жүрүп жатат, ал ыкмалар Кыргызстанга келдиби?
- Бизде бардык дарыгерлер ДССУ же ассоциациялардын клиникалык сунуштары менен иштейбиз. Азыр дүйнөдө боорго, бөйрөккө зыяны аз таблеткалар чыгып атат. Чет мамлекетте суткасына бир эле жолу сайылуучу инсулиндер бар. Бизде деле бар, бирок алар кымбат болгондуктан, бейтаптар өз эсебинен алат. Ал эми инсулиндин протофан, актрапид деген түрлөрү биздин Эндокринологиялык борбордо каттоодо турган бейтаптарга акысыз, шприци менен чогуу берилет.
Шерине