АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп жаңы кабинетин жана администрациясын түзүүгө киришип, негизги кызматтарга талапкерлерди көрсөтүүдө. Арасында миллиардер Илон Маск дагы бар. Ал өкмөттүн эффективдүүлүгүн тескеген департаментти жетектеп калышы мүмкүн.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) баш прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу баштаган жоон топ адамды "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен кармаганы белгилүү болду. Милиция алар шайлоо учурунда калайман башаламандык уюштурууга камданып жүргөн деген маалымат таратты.
Кыргызстандан күчтөп чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров менен алты жылга соттолгон Temirov LIVE порталынын жетекчиси Махабат Тажибек кызынын 12 жаштагы уулу учурда таенесинин колунда тарбияланууда.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тил каты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан чыгарылды. Биринчи май райондук соту Матраимовдун иши 11-ноябрда каралып, жогоркудай чечим чыкканын 13-ноябрда билдирди.
Өзгөндүн Куршаб айылында 1920-30-жылдардагы репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн жайга эстелик орнотулуп, "Кекилик-Учар бейити" деп аталган мемориалдык жайы ачылды.
Кыргызстандын Салык кызматы ишкерлердин карызын алардын макулдугусуз эле банк эсептеринен түз ала баштады. Керектүү сумма жок учурда эсеп минуска кетет.
Орус армиясы Каспий деңизинен Украинага сокку уруп жатканы жөнүндө маалымат аскердик аракеттер дүйнөдөгү эң чоң көлгө экологиялык залакасын тийгизеби деген кооптонууну күчөттү. Москванын коңшусуна кол салганы адам өмүрүн алгандан сырткары экологиялык трагедияга түртүшү ыктымал.
Археологдун жаңы табылгасы тууралуу блог.
12-ноябрда Израилдин куралдуу күчтөрү – ЦАХАЛ Бейруттун жака белине сокку урду. Армиянын өкүлү тараткан маалыматка караганда, анын алдында жергиликтүү жашоочуларга эскертүү берилген. Бир күн мурун Ливандын түндүгүндө аба соккусунан кеминде 14 киши каза тапты. Израил Газада да операциясын улантууда.
Украин тарап Орусия Курскиге он миңдеген аскерлерин жиберип, аймакты көзөмөлгө алууга аракет кылып жатканын билдирди. The New York Times гезити жекшембиде АКШдагы жана Украинадагы булактарына таянып, Курскиде Орусия менен Түндүк Кореянын 50 миңдей аскери чабуулга даярданып атканын жазган.
Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде 12-ноябрда интернетте, медиа каражаттарында жалаа, мазактоого айып салган долбоор күн тартибинен алынды. Ал арада Маданият министрлиги Next TV телеканалын текшергени белгилүү болду.
Ала-Арча жаратылыш паркы Кыргызстандагы туристтер көп каттаган жер. Быйыл ноябрдын башында жаратылыш коругуна кар түшүп, капчыгай кышкы кереметке бөлөнүптүр.
Дагы жүктөңүз