Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:50

Украина: Орусиянын соккусунан Максим үч баласынан, аялынан айрылды


Кривой Рог. Украина. Орусиянын соккусунан үч баласы менен аялынан айрылган Максим
Кривой Рог. Украина. Орусиянын соккусунан үч баласы менен аялынан айрылган Максим

Украин тарап Орусия Курскиге он миңдеген аскерлерин жиберип, аймакты көзөмөлгө алууга аракет кылып жатканын билдирди. The New York Times гезити жекшембиде АКШдагы жана Украинадагы булактарына таянып, Курскиде Орусия менен Түндүк Кореянын 50 миңдей аскери чабуулга даярданып атканын жазган.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн башчы командачысы Александр Сырский Орусия Украина менен чек арасындагы Курск облусуна он миңдеген аскерлерин топтоп, украиндер көзөмөлдөп турган жерлерин кайрадан өз көзөмөлүнө алууга аракет кылып жатканын 11-ноябрда социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жазды:

"Алар биздин аскерлерди сүрүп чыгарып, биз көзөмөлдөп турган аймакта алдыга жылууга аракет кылып жатышат. Биздин жоокерлер бекем турбаса, душман, орус армиясынын мыкты бөлүктөрүнүн он миңдеген аскерлери биздин позицияларга чабуул коймок".

Украин аскерлери Орусиянын Курск облусуна быйыл 6-августта кирип барып, 1000 чарчы чакырым жерди ээлеп турганы маалым болгон.

Киев бул операциясынын негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик аймак” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин орус тарапка да сездирүү экенин белгилеген.

Москва Орусиянын 28 конушу Украинанын көзөмөлүндө экенин моюнга алган.

Сырский Украина Курскиге кирген күндөн тартып 7 905 орус аскерин жок кылганын, дагы 12 220сы жараат алганын, 717си туткунга түшкөнүн 6-ноябрда билдирген.

Согуш шартында бул маалыматты өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.

Украин президенти Владимир Зеленский Курскиде украин аскерлери "душмандын дээрлик 50 миңдей тобун тосуп турганын" 11-ноябрда Telegram каналына жазды.

Сырский Курскиде орусиялыктар менен катар Түндүк Кореянын миңдеген аскерлери топтолуп турганын, алар контрчабуул жасашы ыктымал экенин 9-ноябрда айткан.

"Бизде түндүк кореялык аскерлер орусиялык күчтөр менен бирге согушууга даярдык көргөнү боюнча кеңири далилдер бар", - деп билдирген Сырский.

Орус президенти Владимир Путин 24-октябрда Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга барганы тууралуу суроого жооп бергенде, аталган өлкө менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим бар экенин белгилеп, “эмне кылсак да өзүбүз билебиз” деген.

Түндүк кореялык аскерлер орус армиясы менен чогуу Курскинин батыш тарабында машыгып жатканы тууралуу The New York Times гезити жекшембиде АКШдагы жана Украинадагы булактарына таянып билдирген.

Америкалык аткаминерлердин жаңы маалыматтарына караганда, Орусия бул кадамы менен Украинанын чыгышынан аскерлерин алып кетпөө аракетин көрүүдө. Ошол эле учурда Москва Украинага бир учурда бир нече багыттан басым жасоону көздөп жатканы жазылган макалада.

Ошол эле күнү Киевге Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел күтүүсүздөн барган.

Бул АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамп жеңип чыккандан бери Батыштын жогорку даражалуу расмий өкүлүнүн Украинага жасаган биринчи сапары. Боррел украин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, Евробиримдиктин колдоосу мурдагы бойдон экенин билдирди.

Трамп жана анын өнөктөштөрү Украина тынчтык келишимине жетишүү жана согушту токтотуу үчүн Орусия көзөмөлдөп турган кайсы бир аймагынан баш тартууга аргасыз болушу мүмкүндүгүн ишарат кылышкан.

"Албетте, эгер Украина кыйрап, Путин согушта жеңишке жетсе, бул Америка жетекчилигинин жеңиши болбойт", - деди Боррелл AP агенттигине Украинагы сапарынын алдында.

Бул сапар АКШдагы шайлоонун жыйынтыгына карабастан Киев Евробиримдиктин колдоосуна ээ болобу же жокпу деген кооптонуусун жоюуга багытталганы айтылууда.

Орусия Украинага 2022-жылы февралда кол салган. Ошондон бери эң көп жоготууга быйыл октябрда туш болгонун Улуу Британиянын Башкы штабынын башчысы Энтони Радакин айтууда. Анын маалыматына караганда, өткөн айда Украинадагы согушта каза болгон жана жараат алган орус аскерлеринин саны бир күндө 1,5 миңге жетип жатты:

Энтони Радакин.
Энтони Радакин.

"Орусиянын 700 000 аскери өлгөн же жарадар болгон болушу мүмкүн. Бул Путиндин амбицияларынан улам орусиялыктардын баштан кечирип жаткан азап".

Радакин "Би-Би-Сиге" 10-ноябрда берген маегинде Москва мамлекеттик чыгымдардын 40% ашыгын коргоо жана коопсуздукка жумшап жатканын жана бул өлкөгө оор келип жатканын кошумчалады. Москва аскердик жоготууларынын санын ачыктабайт.

Орусиянын чабуулу алган өмүрлөр

Украинанын Кривой Рог шаарында шейшемби күнү эртең менен Орусиянын соккусунан жарым-жартылай талкаланган үйдүн урандыларынан үч баланын сөөгү табылды.

Бул тууралуу шаардык аскер башкармалыгынын башчысы Александр Вилкул билдирди.

"Кривой Рогдогу кол салууда курман болгондордун саны төрт кишиге жетти. Буга чейин урандылардын астынан каза болгон балдардын энесинин сөөгү табылган", - деп жазылган билдирүүдө.

Маалыматка караганда, каза болгондор он, эки жаштагы балдар жана эки айлык ымыркай болгон.

Үй-бүлөдөн балдардын атасы гана тирүү калган. Украин бийлиги орусиялык аскерлер 11-ноябрда түштөн кийин Кривой Рогду баллистикалык ракета менен аткылаганын, ал беш кабаттуу турак жайга түшкөнүн билдирген.

Николаевде 11-ноябрга караган түнү орусиянын чабуулунан беш киши, Запорожьеде бир адам каза болгон.

Украин президенти Владимир Зеленский өз өлкөсү Батыштагы өнөктөштөрүнүн жардамына муктаж экенин 9-ноябрда кезектеги кечки кайрылуусунда айтып, бул күнү Орусия согуш башталгандан бери эң көп сандагы дрон учурганын билдирген.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG