Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Каспий кантип жаңжал талаасына айланды?


Каспийдеги орус армиясынын кемеси
Каспийдеги орус армиясынын кемеси

Орус армиясы Каспий деңизинен Украинага сокку уруп жатканы жөнүндө маалымат аскердик аракеттер дүйнөдөгү эң чоң көлгө экологиялык залакасын тийгизеби деген кооптонууну күчөттү. Москванын коңшусуна кол салганы адам өмүрүн алгандан сырткары экологиялык трагедияга түртүшү ыктымал.

Орусиянын аскердик күчтөрү Каспий деңизинен жана анын айлана-тегерегинен Украинага сокку уруп жаткандай. Алар бутага алган жерде канчалаган адам өмүрү кыйылганы, кыйроолордун эсеби жана анын айлана-чөйрөгө тийгизген залакасы азырынча белгисиз.

2022-жылы Москва Украинага ар тараптан кол салган алгачкы күндөрү Украинанын расмий жетекчилери орус учактары Каспий деңизинен ракета менен аткылаганын, бул андан кийин деле уланганын билдирген.

Каспийдин жээгинде жашаган тургундар ракеталар атылганын айтышкан, алтургай "Калибр" канаттуу ракетасы тартылган видео жарыяланган.

Кээ бир жергиликтүү тургундар аскердик операциялар айлана-чөйрөнү талкалап жатканын белгилесе, ошол эле маалда айрым журналисттер атылган ракеталардан улам Каспийдеги ит балыктар кырылып жатканын айтышууда.

Орусия Каспийден Украинага сокку урулуп жатканын адаттагыдай эле мойнуна албайт.

Орусиянын коргоо министрлиги тараткан видеодон алынган сүрөт. 20-ноябрь, 2015-жыл.
Орусиянын коргоо министрлиги тараткан видеодон алынган сүрөт. 20-ноябрь, 2015-жыл.

2015-жылы октябрда орус коргоо министри Сергей Шойгунун Каспий деңизиндеги аскердик флоттон атылган "Калибр" ракеталары Сириядагы бутага алган жерлерге сокку урганын айтканын расмий медиа каражаттары жарыялаган. Кийинки жылы деле ушундай маалымат чыккан.

Орус армиясынын согуштук кемеси Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жоочуларына сокку уруп жатат деп Орусиянын коргоо министрлиги тараткан видеодон алынган сүрөт. 6-октябрь, 2015-жыл.
Орус армиясынын согуштук кемеси Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жоочуларына сокку уруп жатат деп Орусиянын коргоо министрлиги тараткан видеодон алынган сүрөт. 6-октябрь, 2015-жыл.

2022-жылдан тарта Каспийдин үстүндөгү бомбалоочу учактар X-55 канаттуу ракеталары менен Украинанын аймагына сокку урганы тууралуу кабар чыгып калат.

Каспий флотунан "Калибр" ракеталары атылды деп боолголонгону менен, украин армиясынын колунда аны ырастоочу так далилдери жок.

Июнь айында жергиликтүү балыкчылар жарыялаган видеодо эки ракета атылганы көрүнөт. Анын куйрук жагынын кыймылдаганы канаттуу "Калибрдикине" көбүрөөк окшош.

Орусиянын президенти Владимир Путин Каспий флотунун Астрахандагы базасында. 25-апрель, 2002-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин Каспий флотунун Астрахандагы базасында. 25-апрель, 2002-жыл.

Бирок Орусиянын Каспий флотунун айлана-чөйрөгө тийгизген залакасы тууралуу кооптонуу 2022-жылы башталган Украинадагы урушка чейин эле бар болчу. Москва ага чейин Дагестандагы Каспийскиде флот үчүн жаңы база кура баштаган, 2020-жылы июнь айында ал жерде кемелердин парады өткөн.

Каспий флотунун кемелери аскердик машыгууда. 2021-жылдын апрели
Каспий флотунун кемелери аскердик машыгууда. 2021-жылдын апрели

Жергиликтүү тургун “Азаттыкка” айтып бергендей, ошондон бери жыл сайын парад өтүп, деңиздин бетин май каптаган соң жээкке балыктардын өлүгү чыгып калат.

"30 жылдай мурун деңизде жашоо кайнап турчу. Эми анын бири жок. Жайында кемелерге чейин сүзүп барып, ал жакта эмне болуп жатканын көрдүм. Каспий флоту залакасын тийгизген факторлордун бири ушул", - деди ал.

Азербайжандын аймагында жүргөн орус кемеси
Азербайжандын аймагында жүргөн орус кемеси

"Эркин Европа/Азаттык" радиосун Москва "жагымсыз уюм" деп атагандыктан, бул тургундун аты-жөнүн ачык айта албайбыз. Антпесек ал эркиндигинен ажырап калышы ажеп эмес.

Атын атагысы келбеген жергиликтүү аял тогуз жыл мурун Дагестандын борбору Махачкаладан Каспийскиге суу таза деген ой менен көчүп келген. Ал ар жыл сайын өткөн параддын терс таасиринен улам жагдай "бир топ өзгөргөнүн" мындайча сүрөттөдү:

Дагестандын Каспийск шаарынын пляжында эс алгандар
Дагестандын Каспийск шаарынын пляжында эс алгандар

"[Кемелер] портто эмес, деңизде турат. Алар күнү-түнү күйүүчү май жагышат, моторлору тынымсыз күркүрөп, андан чыккан бардык зыяндуу газдар деңизге кетет".

"Андан кийин кемеден аткылай башташат. Жүрөк түшүрөт. Аба күйүк жыттанып, жаман жыт жада калса жабык терезелерден кирет. Дем алууга мүмкүн болбой калат".

Флот мындай машыгууларды жыл сайын өткөрөт. Быйыл ага 30дан ашык кеме тартылган.

Машыгуулар деңиздин тээ нары жагында болгону менен, ал жерден кабары бар жергиликтүүлөр жээкте күйүүчү майдын калдыгы жана өлгөн балыктар толуп каларын айтышат.

Журналисттер ит балыктардын жапырт кырылганын аскердик машыгуулардан, ошондой эле согуштук аракеттердин айлана-чөйрөгө тийгизген залакасынан улам деп боолголошот. "Калибр", Х-55 канаттуу ракеталарына пайдаланылган уулуу күйүүчү майлар деңизге куюлуп жатышы да ыктымал.

Бирок Каспий бассейнинде Орусиянын аскердик ишмердигинин айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири тууралуу так илимий маалыматты эч ким топтогон эмес.

Авторлор: Сергей Добрынин, Андрей Беседин и Рэй Ферлонг

Шерине

XS
SM
MD
LG