Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:29

"Банктагы 140 миң сомум жок". Салык кызматы карызды ишкерлердин эсебинен алууда


Кыргызстандын Салык кызматы ишкерлердин карызын алардын макулдугусуз эле банк эсептеринен түз ала баштады. Керектүү сумма жок учурда эсеп минуска кетет.

Салык кызматы мындай тажрыйба мурдатан бар экенин билдирди. Бирок буга чейин эсептерден ири компаниялардын карыздары гана алынса, эми чакан ишканалар жана жеке ишкерлер да мындай абалга туш болду. Сентябрь-октябрь айларында банк эсептеринен 980 млн сом салыктык карыздар өндүрүлгөн.

Бишкектин тургуну Расул - жеке ишкер. Октябрда “Демир банктагы” эсеби - 70 миң сомду көрсөтүп калган. Аны менен кошо доллар жана евролук эсептери да ушул суммага азайган. Банкка кайрылганда, Салык кызматынан тиешелүү талап түшкөнүн түшүндүрүшкөн.

Расулдун банк эсебинде тиешелүү каражат жок болгондуктан, минуска түшкөн.
Расулдун банк эсебинде тиешелүү каражат жок болгондуктан, минуска түшкөн.

Расул салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карызы 2021-жылдан бери топтолуп калганын мойнуна алат. Быйыл карыздарды четинен төгө баштап, 70 миң сомдой калганда Салык кызматы бул сумманы банктагы эсебинен эле түз алып, мындай абалга биринчи жолу кабылган.

70 миң сомдун 30 миңи - салыкты убагында төлөбөгөнү үчүн кошулган туум болуп чыкты.

Дагы бир жеке ишкер Максаттын эсеби 140 миң сомго кемиген. Буга чейин салыкчылар ага телефондон байланышып, карызды төлөп коюну эскертип турушкан. Бирок быйыл Салык кызматы алгачкы жолу түз эле банк эсебинен алып койгонун айтат.

Адвокат Фатима Якупбаеванын да эсебинен эскертүүсүз акча алынган. Териштирүү үчүн Салык кызматына барганда жеке ишкерлердин карыздары сентябрдан тарта түз эле банктардан алына баштаганын айтышкан.

“Салык кызматкери банктарга күнүнө 500дөй кайрылуу жиберилип жатканын айтты”, - дейт Якупбаева.

Ишкерлердин айтымында, буга чейин банк эсептеринен ири компаниялардын карыздары гана алынчу. Эми орто фирмалар жана жеке ишкерлер да мындай абалга туш болду.

“Биздики ЖЧК, 20 жылдан бери соода тармагында иштеп келебиз. Эсебибизден 90 миң сом алыныптыр. Банкка кайрылсак, Салык кызматынан ушундай талап түштү дешти. Биз салыктарды дайыма убагында төлөп келгенбиз. Ал жерде түшүнбөстүк болгон экен. Салык кызматында жарым күн чуркап, туура эмес алынып калганын далилдедик. Мындай система эми гана иштей баштаганын айтышты. Бирок биз акчабызды кайтарган жокпуз, алдын ала төлөм катары кала берди. Ошондо кийинки айларда төлөбөйбүз”, - деп атын атагысы келбеген Бишкектеги компаниянын өкүлү.

“Ишкердин макулдугусуз эле өңдүрүп алууга укуктуу”

Карыздарды банк эсебинен өндүрүү, негизи, жаңылык эмес. Салык кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, мындай норма мекеме түптөлгөндөн бери эле бар. Салыкчылар карызды өндүрүү үчүн телефон аркылуу байланышып, кагаз же электрондук түрдө кабарлама жөнөтүп, сотко кайрылып же банктарга төлөм талабын жиберип келишкен. Карыз кабарлама түшкөндөн тарта 15 күн ичинде төлөнбөсө, салык органы аны “ишкердин макулдугусуз эле банк эсебинен талашсыз тартипте” өндүрүп алууга укуктуу.

Салык кызматы түшүндүргөндөй, сентябрдан тарта банктар менен электрондук интеграция ишке кирген. Анын натыйжасында салык өндүрүүдө банктар менен иштешүү жеңилдеди.

“Электрондук интеграциялоонун жыйынтыгында сентябрь жана октябрь айларында (ишке киргизилген учурдан тартып) карызы бар салык төлөөчүлөргө банктык эсептерине 52 миң 431 салыктык төлөм талабы коюлуп, 980 млн 518 миң сом өндүрүлгөн”, - деп билдирди мекеме.

Салык кодексине ылайык, банктар Салык кызматынын талабын бир күн кечиктирбей аткарууга милдеттүү. Бирок карыз мындай жол менен юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин (ИП) эсептеринен гана алынат. Катардагы жарандардын эсебине салыкчылар кол сала албайт.

“Банкка төлөм талабы жиберилсе, ал аткарууга милдеттүү. Бул Салык кызматынын укугу, - дейт Салык кеңешчилер палатасынын жетекчиси Татьяна Ким. - Эмнеге буга чейин орто жана чакан ишканалардан алынбай келгени башка кеп. Балким, Салык кызматынын шарты келбей, ири ишканаларга гана колу жетип келген. Эми Салык кызматынын мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, жеке ишкерлерге да колу жетүүдө. Өкмөттүн салык чогултуу талабы да күчөп жатышы мүмкүн. Мурун ири ишканалардын карызын өндүрүү жетиштүү болсо, азыр орто жана чакан ишканаларга да киришкендир?”.

Көзөмөл дагы күчөйт

Өкмөт акыркы жылдары салык системасында реформа жүрүп жатканын айтууда. Салыктык процесстерди санариптештирүү жана автоматташтыруу көмүскө экономиканын үлүшүн 23%дан 20% чейин азайтты. Ал эми жыйымдар жыл сайын 30-40 млрд сомго өсүүдө.

Өкмөт 2025-2027-жылдары салык жыйноону дагы да жеңилдетүүнү көздөп турат. Ал үчүн санарип кызматтарды өнүктүрүп, текшерүүлөрдү бара-бара электрондук форматка өткөрөт. Салык кызматы керектүү маалымат системаларына каалаган убакта кире алгыдай шарт түзүлөт. Бюджет долбоорунда айтылгандай, аналитикалык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүшү менен салыктан качкандарды аныктоо да жеңилдейт.

Парламент депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, өкмөт салыктык карыздарды сотко кайрылбай туруп үчүнчү тараптан өндүрүүнү да көздөп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.

“Бул кандай иштейт? Жаран салыгын убагында төлөбөй, Салык кызматына карыз болуп калды дейли. Ал карызды моюнга алды. Анда Салык кызматы бул жарандын келишимдерин изилдеп көрүп, анын өзүнө да башка бирөө карыз экенин аныктады. Мындай учурда Салык кызматы ошол үчүнчү тараптын банк эсептерин карап, керектүү каражатты алып коёт. Мен бул сунушка каршымын. Анткени, берки үчүнчү тарап бул карызды моюндабашы мүмкүн. Бирок Салык кызматы өз карызын өндүрүп алгысы келет”, - деп Бекешев өзүнүн Телеграм-каналында жазды.

Карызды үчүнчү тарапка төлөтүү учурдагы Салык кодексинде да каралган. Бирок салыкчылар ал үчүн сотко кайрылып, соттун чечими менен гана төлөтө алат. Бекешев өкмөт эми сотсуз эле үчүнчү тараптан өндүргүсү келгенин айтууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG