АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы башка өлкөлөрдүн арасынан айрыкча Украинага чоң таасир этет. Талапкерлер Дональд Трамп менен Камала Харрис Украинага жардам маселесине көз карашы кыйла айырмаланат. Бирок кимиси утушка жетишсе да, кадамдары кандай болору анык белгилүү эмес.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик сапар менен Бишкекке келди. Бул - Эрдогандын 2018-жылдан бери Кыргызстанга жасаган алгачкы сапары. Садыр Жапаров 2020-жылы бийликке келгенден бери түрк лидеринин Кыргызстанга биринчи келиши.
Расмий маалыматка караганда, октябрь айында Орусиянын күчтөрү Украинанын чыгышында 478 чарчы чакырымды аймакты оккупациялап алды. Ушул тапта орус армиясы Курахово шаарын курчоого алуу аракетин көрүүдө.
Токтогул шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан талапкер Болот Дүйшөналиев "массалык башаламандыкка чакырган" деп айыпталып кармалды. Буга чейин активист Айтилек Орозбеков камалган. Милиция талапкерге иш козгоого негиз бар деп билдирди.
2022-жылы Орусиядагы мобилизацияга байланыштуу Казакстанга качып чыгып, кийин Европага кеткен бир нече орусиялык жаран “Кош бол, курал!” уюмуна бирикти. Франциядан башпаанек сураган бул адамдар Орусия Украинага кол салганын, мындай шартта дезертирлик үчүн уялбаш керектигин айтып чыгышты.
Кыргыз өкмөтү кытайлык туристтерге визасыз режимди киргизди. Эми так туристтик программасы болгон бештен 25ке чейин кишиден турган топ Кыргызстанга 21 күнгө чейин визасыз келе алат. Өкмөт муну туризмди өнүктүрүү аракети деп түшүндүрдү. Туристтерди ыңгайсыз кылган көйгөйлөр бардыгын айткандар да бар.
Кыргыз кино дүйнөсүндө 1970-жылдардын аягы, 80-жылдардын башында жарк этип жылдызы жанып, бирок күтүүсүз автокырсыктан улам бул жалганды эрте таштап кеткен актер, кинорежиссер Аман Камчыбеков тууралуу социалдык тармактарда маалымат өтө аз.
Кезинде мыйзамсыз жолдор менен жеке колго өтүп кеткен деген кине менен өлкөнүн ар кай тарабынан ондогон кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылууда.
Бишкектеги Батыш автобекети 23-октябрдан тарта жабылып, бош турат. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев эски бекет оңдоп-түзөөдөн өтөрүн айтканы менен, анын ордуна кайсы мекеме келерин айткан жок.
Жогорку Кеңеш "Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган мыйзамды талкуусуз кабыл алып, толук же жарым-жартылай мамлекеттик менчикте болгон мейманканалардын аймагында казино ачууну колдоду.
Дагы жүктөңүз