Орусияда жүргүнчүлөрүн күттүрүп коюп намаз окуду делген автобустун айдоочусуна байланыштуу териштирүү жүрдү. Ал Борбор Азиядан барган мигрант экени айтылды. Окуя Орусиядагы мусулман мигранттардын ачык жайлардагы диний жөрөлгөлөрү тууралуу талкуу жаратты.
Кыргызстанда кант диабетине чалдыккандардын саны 90 миңге чукулдаганы кабарланды. Адистер элдин жашоо образын, тамактануусун ж.б. шарттарды эске алганда реалдуу сан мындан да көп болушу мүмкүн экенин белгилешет.
Кыргызстанда электр энергиясын үнөмдөө аракети бир катар чектөө жана көзөмөл менен коштолууда. Жакында эле мамлекеттик мекеме, мектептерде кечинде жарык өчүрүлө баштаса, кийин кафе, ресторандардын иши кечки саат ондон кийин токтошу керек деген талап коюла баштады.
Борбор Азия өлкөлөрүндө банк сектору саясий таасир каражатына да айланган. Мамлекет башчыларынын туугандары жана жакындары ири каржы структураларын көзөмөлдөшөт. Бул, өз кезегинде, аларга байлыгын да көбөйтүүгө, экономикалык ресурсту административдик күчкө айландырууга да шарт түзөт.
Орусияда өкмөттүк комиссия Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Украинага барып согушкан чет элдиктерди өз өлкөсүнө өткөрүп бербей турган болду. Эксперттер Москва Украинадагы урушка айдаган мигранттарды коргобой эле кайра аларды майданга жиберип, согуш капканынан чыгарбайт деп белгилешет.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эки талапкерин үгүт өнөктүгүнүн эреже-талабын бузган деп айыпка жыкты.
Мындан он жыл мурун 200 чакты өлкөнүн лидерлери Париж келишимине кол коюп, Жер шарынын ысышын 1,5 градустан ашырбоо жөнүндө макулдашкан. Бирок окумуштуулар климаттагы өзгөрүүлөрдү ооздуктоо кыйын болуп баратканын, максатка жетүү дээрлик мүмкүн эмес экенин айтышат.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу үгүт өнөктүгү башталды. 29-ноябрга чейин өлкө боюнча отуз округда 467 талапкер үгүт жүргүзөт. Бул жолку үгүт алдындагы айрым жагдайларга сереп салабыз.
Кыргызстан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилеп жатат.
Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен Борбор Азиянын беш лидери катышкан C5+1 саммитинин алдында "Азаттыктын" казак кызматы Конгресстин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Сидни Камлагер-Довго бир нече суроо узатты.
США заинтересованы в минеральном сырье, которым богаты страны Центральной Азии, поэтому на саммите в Вашингтоне 6 ноября с участием американского президента Дональда Трампа и лидеров центральноазиатских государств в центре повестки будут редкоземельные металлы, прогнозируют аналитики.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) бир нече мыйзам-кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Дагы жүктөңүз