Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:50

Трамптын сунушу: тележылдыз Пентагонду башкарат, миллиардер ысырапкорчулукту тыят


Дональд Трамп менен Илон Маск шайлоо өнөктүгү маалында. 5-октябрь, 2024-жыл
Дональд Трамп менен Илон Маск шайлоо өнөктүгү маалында. 5-октябрь, 2024-жыл

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп жаңы кабинетин жана администрациясын түзүүгө киришип, негизги кызматтарга талапкерлерди көрсөтүүдө. Арасында миллиардер Илон Маск дагы бар. Ал  өкмөттүн эффективдүүлүгүн тескеген департаментти жетектеп калышы мүмкүн.

Fox News телеканалынын алып баруучусу Пит Хегсет, Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагынын ээси, миллиардер Илон Маск, COVID-19 пандемиясы маалында өз штатында беткап кийип жүрүү режимин киргизүүдөн баш тартып таанылган Түштүк Дакотанын губернатору Кристи Ноем. Булар - Дональд Трамп өз командасына тандаган адамдардын айрымдары гана.

Америкалык пресса армиянын ветераны Хегсеттин Пентагонду жетектөөгө көрсөтүлгөнү күтүүсүз окуя болгонун белгилешет.

“Пит бекем, акылдуу жана "Баарынан маанилүү Америка" деген принципке ишенет”, - деп айтылат Трамптын билдирүүсүндө.

Теле алып баруучунун сайтында жазылгандай, ал Ооганстан, Ирак жана Кубадагы Гуантанамо Бей базасында кызмат өтөгөн.

Бизнесмен Илон Маск жана миллионер, фармацевтикалык компаниянын ээси Вивек Рамасвами жаңы түзүлүп жаткан Өкмөттүн эффективдүүлүк департаментин башкарат. Рамасвами президенттик шайлоодо республикачылардын атынан талапкер болуу үчүн ат салышып, жарыштан чыккандан кийин Трампты колдоорун билдирген.

Вивек Рамасвами жана Илон Маск
Вивек Рамасвами жана Илон Маск

Шайланган президент ал түзүм өкмөттөгү бюрократияны жоюу, ашыкча чыгымдарды кыскартуу, федералдык агенттиктердин реструктуризациясына жооп берерин айтты.

Ошентип, Трамп шайлоодо жеңсе Маскка администрациясынан кызмат берүү убадасына турду.

“Демократияга коркунучпу? Жок, бюрократияга коркунуч” деп жазды миллиардер социалдык түйүндөгү постунда:

“Өкмөттүн эффективдүүлүк департаментинин бардык иш-аракеттери максималдуу ачык-айкындыкты камсыздоо үчүн онлайн режимде жайгаштырылат. Коомчулук, биз маанилүү нерсени кыскартып жатабыз деп ойлосо же ысырап кылынган акчаны көз жаздымда калтырып койдук деп ойлосо, бизге кабарлаңыз! Салык төлөөчүлөрдүн акчасы максатсыз коротулуп жатат деген учурлар жазылган атайын такта болот. Бул абдан өкүнүчтүү жана абдан кызыктуу болот."

Дүйнөдөгү эң бай адам Х социалдык медиа платформасынан тышкары электр машиналарды чыгарган Тесла жана SpaceX ракета компанияларына ээлик кылат.

Маск республикачылардын талапкерин колдоого миллиондогон доллар берген жана көп учурда Трампты шайлоо кампаниясында коштоп жүрдү.

Айрым байкоочулар бизнесмендин Ак үйдөгү таасири күчтүү болорун болжолдошот. Ал федералдык бийликти ракета бизнесин көзөмөлдөгөнү үчүн сындаган, технологиянын айрым тармактарында мамлекеттин тескөөсүн кыскартуу керектигин айтып келген.

Трамп Масктын өзгөчө космос жана электромобилдер чөйрөсүндөгү инновацияларын мактап жүрдү.

Ошол эле маалда айрым маселелерде, алсак, климат саясатында алардын көз караштары айырмаланат. Ишкер көмүрдөн баш тартууну колдосо, Трамп климаттагы өзгөрүүлөр менен күрөшүүгө каражат бөлүүнү кыскартууга убада кылып, Калифорниянын жалаң электромобилдерге өтүү мүдөөсүнө каршы чыгууда.

Буга карабай алардын альянсы бекем болушу мүмкүн. Шайлоо кампаниясында Маск Трамп “Конституцияны сактап калуу үчүн жеңиши керек” деп айтканы бар.

Трамп жаңы департамент 2026-жылдын июлуна чейин иштээрин белгиледи. Андан ары мекеме эмне болору айтылган жок.

12-ноябрда ал ошондой эле жакын санаалашын - 2020-2021-жылдар аралыгында Улуттук чалгын кызматынын директору болуп турган Жон Рэтклиффти Борбордук чалгын агенттигинин (CIA) башчылыгына көрсөтөрүн билдирди. Талапкер акыркы мезгилде Трамптын позициясын жактаган "Американын коопсуздугу" деген аналитикалык борбордун жетекчилеринин бири болуп турду. Шайлоо кампаниясы маалында анын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси болгон.

Жон Рэтклифф
Жон Рэтклифф

Жакында Рэтклифф президент Байдендин администрациясынын Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөндөө багытындагы позциясын сындаган. Июнда жарыяланган макаласында чалгынчы Байдендин Израилге курал-жарак берүүнү убактылуу токтотуу менен коркутканы маанилүү өнөктөштү "кооптуу абалга кептеди" деп жазган. Рэтклифф Ак үй Иранга да "жумшак мамиле" кылат деп эсептейт.

Ички иштер департаментин (министрликти) жетектөө вазийпасын Трамп Түштүк Дакота штатынын губерантору Кристи Ноемге жүктөмөкчү.

Кристи Ноем
Кристи Ноем

Ал пандемияда беткап кийүү режимин киргизүүгө каршы чыкканы менен таанылып, мыйзамсыз миграцияга каршы катуу күрөшүү керектигин жактагандардын бири. Бирок анын улуттук коопсуздук жаатында тажрыйбасы жок деп сындагандар аз эмес. Бул мекеме чек ара коопсуздугун камсыздоо, террордук жана кибер чабуулдар коркунучу менен күрөшүү милдетин да аркалайт.

Трамп шайлоо кампаниясында мыйзамсыз миграцияны ооздуктоо, келгиндерди депортациялоо, башка чектөөлөрдү киргизүү убадасын берген.

Марко Рубио
Марко Рубио

Андан тышкары болочок администрациянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилигине атайын кызматтын мурдагы офицери Майк Уолтц тандалды. Америкалык медиа мамлекеттик катчы кызматына Флоридадан сенатор Марко Рубиону көрсөтөрүн жарыялады.

Айрым басылмалар шайланган президенттин кадр тандоосун сындашты. Алар иш тажрыйбасына карабай, негизинен Трампка ыктаган, шайлоодо аны колдогон тарапташтары жогорку жетекчилик орундарга көрсөтүлүп жатканын белгилешет.

Трамп өкмөттүк 15 мекеменин жетекчисин дайындашы керек. Талапкерлерди Сенат бекитет. Андан тышкары жогорку административдик кызматкерлерди дайындайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG