Украин президенти Владимир Зеленский Орусия АКШда шайланган президент Дональд Трамп расмий түрдө ишке киришкенге чейин украин күчтөрүн Курск облусунан сүрүп чыгаргысы келерин билдирди. Reuters жазгандай, украин армиясы Орусиянын бул облусунда ээлеп турган аймактарынын 40 пайыздан ашыгын жоготту.
Өзбекстанда коопсуздук кызматынын жетекчиси баштаган бир катар чиновниктер иштен алынды. Президенттин коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары, Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров өлкөдөн чыгып кеткени кабарланды. Бул окуялар сентябрдагы ок атууга байланыштуубу?
2025-жылы бюджет 700 миллиард сомго жетери пландалды. "Ошондо күнүнө 2 млрд сомдон таап турушубуз керек" деди өкмөт башчы Акылбек Жапаров. 2021-жылдан бери бюджет эки эсе өсүп кетти. Эмненин эсебинен?
Чырактай кыздын тагдырын бузуп алдап кеткен аткаминер акыры жазасын алды. Байкуш кыз балалык сүйүүсүнө чыккынчылык кылган ташбоорду өлтүрттү. Бирок көңүлү жайланган жок. Анын тагдырынын бузулушуна ким айыптуу, өзүбү, турмушпу, акчабы? Ракманберди Мамановдун "Биринчи икая" аңгемесин талдайбыз.
22-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Канатбек Исаевди УКМКнын тергөө абагына 4-декабрга чейин камакка алды. Саясатчыга Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен кине тагылганы белгилүү болду.
Ушул жумада Кыргызстандын кыл калем чебери, Эл сүрөтчүсү Абдрай Осмонов 85 жашында дүйнөдөн өттү.
Кыргызстанда айдоочулардын чыгымы дагы көбөйөт. Жаңы жылдан тарта бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча 1 сом төлөнөт. Өкмөт жолдо көп жүргөндөр көп төлөшү керектигин билдирди.
Турду Акматалиев Красноярск шаарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Жакындарынын айтымында, аны Орусиянын күч түзүмдөрү марттын соңунда кармап, октябрдын аягында Бишкекке экстрадициялаган. 31-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралган.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл он айда 75 өспүрүм өз жанын кыйган. Бул статистика миграция, өспүрүмдөрдүн психикалык абалы, ата-эне менен баланын мамилеси жана мектептеги чоңсунуу сыяктуу коомдогу орчундуу маселелерди кайрадан көңүл борборуна чыгарды.
Президент Садыр Жапаров ипотекалык насыялоо боюнча “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын шарттарын өзгөрткөнүн жарыялады.
Дагы жүктөңүз