Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Next TV текшерүүгө кабылды, парламент талаштуу долбоорду караган жок


Коллаж
Коллаж

Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде 12-ноябрда интернетте, медиа каражаттарында жалаа, мазактоого айып салган долбоор күн тартибинен алынды. Ал арада Маданият министрлиги Next TV телеканалын текшергени белгилүү болду.

Телеканалдын ээси, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков бул аракетти басым десе, министрлик катардагы текшерүү катары түшүндүрдү.

Жалаа үчүн жаза

Талаштуу мыйзамдын 12-ноябрда комитетте каралбай калышына баяндамачынын келбей калганы себеп болду.

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

“Юстиция министрлиги кат жөнөттү, орун басар келе албайт, кийинки жумага жылдырып бериңиз дешти. Бир жумадан кийин каралып баштайт. Жаза айып пулдун өлчөмүн азайтуу сунушу мурдатан эле берилип келе жаткан. Мен миң сомго чейин түшүрүлсүн дегем, айрымдар жеке адамдар үчүн айып пул 20 миң сом, ал эми юридикалык тараптарга 65 миң сом болсун деп жатышат", - деди депутат Дастан Бекешев.

Буга чейин да депутаттар жаза айып пулдун өлчөмүн азайтууну сунуштаган.

Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 23-октябрдагы отурумунда 1-окууда кабыл алган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Юстиция министрлиги сунуштаган долбоор кабыл алынса, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын баракчасында социалдык тармактарда жалган кабарларды же пост, комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, андай маалымат чыгарган медиалар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилет.

Next TV каналындагы текшерүү

Ал арада Маданият министрлиги Next TV телеканалынын берүүлөрүн текшергени маалым болду. Буга Бишкек шаарынын тургуну Адылбек уулу Санжардын жазган арызы себеп болгон.

Анын арызында Next TV телеканалы чет элдик маалымат каражаттарын “Настоящее Время”, “Азаттык Медиа”, ошондой эле “ТМедиа” жана "ПолитКлиника" сыяктуу ЖМКлардын телепрограммаларын көрсөтүп, коомго туура эмес маалымат таратып жатканы, муну менен Next TV телеканалы жана "Арча Медиа" Кыргызстандын мыйзамдарын бузганы жазылган. Берүүлөрдүн көпчүлүгү орус тилинде деген да доомат коюлган.

Арыз ээси деп көрсөтүлгөн Санжар Адылбек уулу менен байланыша албадык.

Аталган телеканалга ээлик кылган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков бул аракетти басым катары баалады.

“Кечээ күнү келип биздин бир айлык берүүлөрүбүздү алып кетти. Өзүбүз алып бердик, анткени мыйзамга ылайык биз беришибиз керек. Алар биздин бир айлык жазуубузду текшерет. Ката кетиргенби же жокпу деп. Оппозициялык саясатчы болгондон кийин, буларга баш ийбегенден кийин, муну мага болгон кысым деп айтсак болот. Бул эки багытта кетип жатат. Жалпыга маалымдоо каражатына жана мага болуп жаткан басым деп эсептейм”.

Next TV телеканалында учурда 12 адам иштейт.

Каналда “Настоящее Время”, “Азаттык Медиа”, "ТМедиа", "ПолитКлиника" жана “МедиаХабдын” берүүлөрү да көрсөтүлөт. Жээнбеков аталган медиалар менен бир нече жылдан бери расмий келишимдердин негизинде иштеп жатканын айтууда.

"Эреже бузуу табылган жок"

Ал эми Маданият министрлиги маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Салкын Сарногоева телеканалда катардагы текшерүү жүргөнүн айтты:

Салкын Сарногоева
Салкын Сарногоева

“Учурда Next TV каналынан алынган эфирди карап чыктык. Андай деле ачык айтылган эреже бузуу табылган жок. Арыз түшкөндүктөн биз берүүлөрдү сурап, карап чыгып атабыз. Маданият министрлиги Next TV телеканалынан эч кандай документтерди талап кылып, алган эмес”.

Аталган телеканалда буга чейин да текшерүүлөр болуп, 2022-жылы Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) телеканалга каршы "улут аралык кастыкты козуткан" деген айып менен иш козгоп, ошол убактагы жетекчиси Таалайбек Дүйшөмбиевди камакка алган.

Тергөө телеканал "Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат жарыялаган" деп билдирген.

Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевди күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерген.

Медиа-серепчи Тамара Валиева аталган министрликтин текшерүүсү саясий буюртманын негизине жүргөн болушу мүмкүн деп боолгоду:

Тамара Валиева
Тамара Валиева

"Маданият министрлиги ушундай арыздардын негизинде текшере алат. Бирок мен муну буюртма катары баалайм. Анткени азыр ачык жаза ала турган көз карандысыз медиалар аз калды. Азыр Next TV каналын текшерип баштаганынын себеби - дал ушул каналда “Азаттык Медиа”, Настоящее Времянын” видео берүүлөрү чагылдырылат. Бул кадамдар аркылуу жогоруда айткан медиалардын контентин чагылдырууга мүмкүнчүлүк бергиси келбейт".

2021-жылы кабыл алынган, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон, “фейктер жөнүндө” деген атка конгон бул мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Мыйзамга ылайык, эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал соттун чечимисиз эле бөгөттөлүп коюлат. Мыйзам бир топ талкуу, сын жаратып келе жатат.

28-сентябрда президент Садыр Жапаров интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору жөнүндө “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, демилгени колдой турганын, бирок 100-200 миң айып салууга каршы экенин белгилеп, анын суммасын “депутаттар чечсин” деген.

“Ошол эле депутаттар же ЖМКлар болобу, сунуштарын берсин, алымча-кошумча кылышсын. Мен дагы 100-200 миң сом айып салуу дегенге каршымын. Муну парламенттин кароосуна коюш керек. Канча айып пул салыш керек, аны депутаттар чечет. Бул мыйзам эмне үчүн керек? Азыр элибиздин дээрлик 95% интернет колдонот. Эки кошуна бири-бири менен интернет аркылуу урушуп жаткан заман. Социалдык түйүндөргө бири экинчисинин абийирин төккөн маалыматтарды жарыялап салат. Анан экөө соттошот. Маалымат жалган болуп чыгат. Сотто кечирим сурап же төлөчүсүн төлөп берип, анан тынчып атышат. ЖМКлар менен бийликтин ортосунда дагы так ушундай эле жагдай. ЖМКлар бийликтегилер жөнүндө жалган маалымат таратып жиберишет. Анан кайра кечирим сурап, ал маалыматты өчүрүшөт”, - деген Жапаров.

Жарандык активисттер жана укук коргоочулар, эркин журналисттер ага каршы болуп, фейктерге эмей эле, эркин медиага каршы иштеп жатканын белгилешкен.

Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун талдап чыккан журналист Семетей Аманбеков бул көз карандысыз маалымат каражаттарына, эркин журналисттерге каршы иштеген гана мыйзам болот деген пикирде:

"Үч-төрт жыл мурун кабыл алынган Гүлшат Асылбаеванын фейк маалыматтар тууралуу мыйзамы жалаң көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы иштеди. "Азаттык", 24 kg сайттары убактылуу бөгөттөлдү. "Клооп Медиа" жабылды. Мыйзам кабыл алынгандан бери бир да фейк маалымат расмий жокко чыгарылган жок, интернетте фейк-аккаунттар жайнап кетти, бирөө да жабылбады".

Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигини Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечиси - президенттик администрация экенин айткан.

Кыргызстанда 2020-жылдан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган жарандардын саны 30дан ашканын буга чейин "Азаттык" аныктаган.

Кармалгандардын арасында 70 жаштагы байбиче жана 21 жаштагы студент да бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG