Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

"Экөөнү тең сагындым". Болот Темировдун ата-энесин күткөн уулу


Коллаж
Коллаж

Кыргызстандан күчтөп чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров менен алты жылга соттолгон Temirov LIVE порталынын жетекчиси Махабат Тажибек кызынын 12 жаштагы уулу учурда таенесинин колунда тарбияланууда.

Алмаз ата-энесинин сүрөттөрүн карап, сагынычын таратып аларын таенеси айтат.
Алмаз ата-энесинин сүрөттөрүн карап, сагынычын таратып аларын таенеси айтат.

Ал атасын эки, апасын бир жылдан бери көрө элек. Буга чейин ишмердигинен улам куугунтукка кабылган журналисттердин уулуна ким камкорчулук кылат деген маселе бир топ талкууга түшкөн эле.

"Ата-энемди көргүм келет"

Көп сүйлөбөгөн, токтоо мүнөз Алмаз Темиров азыр Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жашаган таенеси менен турат.

"Атамды көрө элегиме эки жыл болсо, апамды кучактай элегиме бир жылдай болуп калды. Атам менен видео байланыш аркылуу эле сүйлөшүп калам, апамдын үнүн да уга элекмин".

Алмаз күндө жол карап күткөн атасы Болот Темиров эки жыл мурда соттун чечими менен өлкөдөн мажбурлап чыгарылган.

Ал эми апасы Махабат Тажибек кызы “массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлөнүп, темир тор артында жатканына 11 ай болду.

"Апам менен атамды да сагындым. Үчөөбүз сейил бактарга барып, сейилдеп, сүйлөшүп, ойночубуз. Атам менен балыкка барганыбызды көп эстейм. Азыр мен алтынчы класста окуйм. Мектептен биология сабагынан берген эжейим жүгөрү жана буудайдын данын кичинекей кутучага отургузуп, өстүрүп келгиле деген. Азыр буудайым өнүп калды, аз күндө сонун болуп көтөрүлүп калат. Кийин тхэквондо боюнча мыкты спортчу болгум келет. Таятамдын мал сарайында тайым бар, таякем аны жазында үйрөтүп, мингенге даярдайбыз деген. Азырынча ошондой. Тегеректеги классташтарым менен мектепке кетебиз, кайра келатканда чогуу келебиз. Айылда жашоо кызыктуу. Менин короодо тогуз өзгөчө тоогум бар, "Брама" деген. Булар эттүү келип, бат да семирет. Андан сырткары үндүктөр бар. Менин милдетим - үйдөгү канаттууларга жем берүү. Анан капкара, жылтыраган итим бар, аты Актөш, аны да мен карайм. Мышыгым бар эле, азыр короодо жок экен. Ушулар менен ойнойм зериккенде".

Эки журналисттин уулу Алмаз ар бир таңда ата-энеси үйүнө кайтып келишин тилейт. Баланын аларды катуу сагынганы көзүнөн байкалып турду.

"Көргүм келет, апамдын күлүп чыкканын элестетем. Кучактагым келет, атамдын да күлгөнүн көргүм келет. Кучактагым келет, аларды аябай жакшы көрөм".

"Соттон чыкканда баласына эмне дээримди билбейм калам"

Соңку күндөрү Алмаздын мүнөзү өзгөрүп, түнт тартып кеткенин таенеси Гүлистан Сатыбалдиева айтып жатат. Кандай болгон күндө да балага өз ата-энесиндей мээримди эч ким бере албайт экен дейт ал:

Алмаз атасы өлкөдөн чыгарылып, апасы камалгандан бери түнт тартып калганын жакындары айтууда.
Алмаз атасы өлкөдөн чыгарылып, апасы камалгандан бери түнт тартып калганын жакындары айтууда.

"Атасын чыгарып салышты го. Андан кийин энесин январда камап коюшту. Бала атасын да, энесин да сагынат. Кээ бир учурда отуруп алып ыйлагысы келип, бук болот... Ошондой учурларда алаксытасың, көңүлүн башкага бурганга аракет кыласың. Кээде ар кайсы жерге ээрчитип барам... Атасын, апасын сурайт. Өзгөчө мен сотко Бишкекке кеткенде улам чалып калат, "апамды чыгарып калабы" деп күтөт окшойт, кыязы. Сотто эмне болгонун өзү деле интернеттен көрүп алат. Бирок баары бир менден жакшы кабар күтөт. Мен ошондой учурларда кыйналам, эмне деп жооп берем эми, кантип айтам деп бушайман болом. Анан оюмду топтоп, өзүмдү соороткондон кийин кайра чалып "баары жакшы болот, балам, мамаң келет" дейм. Өзү деле үмүт кылып жүрөт, келип калат деп күтөт. Ансыз да сыгылып турган баланын психикасын өлтүрүп албайын деп корком. Махабат менен көрүшүп же телефондон сүйлөшө элекпиз, соттон эле кезигебиз. Алмазды алып барганда энесин көрүп кандай абалда калат, көрбөй эле койсун дейбиз".

Махабат Тажибек кызы ким?

33 жаштагы Махабат Тажибек кызы Ысык-Көлдүн жээгиндеги Кара-Ой айылда төрөлгөн. Мектеп жашынан баштап эле чыгармачылыкка жакын өсүп, "Манас" айтып ар кандай сынактарга катышкан. Кийин Бишкектеги юридикалык коллежде билим алган. Анын апасы Махабат бала кезинен эле тайманбас кыз болгонун эстеди:

Болот Темиров уулу Алмаз Темиров менен.
Болот Темиров уулу Алмаз Темиров менен.

"Кызым акчасы жок кезде бирөөнүн үйүн жыйнап жүрдү. Кичине кезинен элпек, оокатты майын чыгара жасаган кыз болчу. Каралап, "Европадан мынча алып атат" деп жатышат. Бирок Махабаттын атасы көзү өткөнчө эшек минди. Анысы чын болсо анда "Волга" же Жип минет эле да. "Кызым бирөөнүкү бирөөгө жукпайт" деп көп айтчу. Балдарды ак эмгек, билим менен акча тапканга үйрөткөнбүз. Баласын кичине кезинен эле таятасы экөөбүз чоңойттук, кызыбыз менен күйөө балабызга иштегенге шарт түзүп бердик. Кызым улам бир окуудан өтүп, билимге ыктады", - дейт Гүлистан Сатыбалдиева.

Махабаттын журналисттик кесипке кызыгуусу Болот Темиров менен баш кошкондо пайда болгон. Ал күйөөсү менен бирге "Темиров лайв" порталын түптөөгө катышып, анын директору болгон.

Махабат Тажибек кызы "Манас" айтып, сыйлык алган учур
Махабат Тажибек кызы "Манас" айтып, сыйлык алган учур

Жолдошу өлкөдөн күчтөп чыгарылгандан кийин Махабат журналисттик иликтөөлөрдү даярдоого катыша баштаган.

Болот Темиров 2022-жылы күзүндө өлкөдөн күчтөп чыгарылган. Анын апелляциялык арызына Жогорку сот 2023-жылы сентябрда чекит коюп, мурдагы чечимдерди күчүндө калтырган.

Ички иштер министрлиги анын "Кыргызстандан мыйзамсыз алган паспорту жараксыз деп табылды, Орусиянын жараны болгону үчүн чыгарылды" деп түшүндүргөн. Журналист өзү мындай чечим мыйзамсыз экенин айтып келет.

Адилеттик үчүн күрөш болчу

Темиров жемкорлукту ашкерелегени үчүн саясий куугунтукка кабылып келатканын бир катар эл аралык уюмдар айтып чыккан. Гүлистан Сатыбалдиева камакта жаткан кызы, андан башка жарандык активисттер, пробация менен бошотулган журналисттер да акталып, адилеттик орносо деп үмүт артып отурат:

"Күйөө балам Болот Темировдун, кызым Махабат Тажибек кызынын да, деги эле 11 журналисттин кылган эмгектери бир күнү болбосо бир күнү бааланат, менин ага көзүм жетет. Себеби алар коррупцияны ашкерелеп жатышат. Бир күнү баары ачыкка чыгат, чындык ачыкталат. Чындыкты эч ким жашыра алган эмес. Илгери Токтогул баштаган кишилер куугунтукка алынган экен, булар да ошондой болуп атат. Биз Токтогулду азыр баалап отурабыз, булар да ошентет. Эмгектери акталат деген үмүтүм бар".

Махабат Тажибек кызынын апасы Гүлистан Сатыбалдиева.
Махабат Тажибек кызынын апасы Гүлистан Сатыбалдиева.

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровго жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилген.

Азыр Тажибек кызы жана Ишенбеков Бишкектин №1 тергөө абагында жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG