Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-ноябрда диний ишмерлер менен "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады. Анда коомдук талкууга чыгарылган документке кошумча-алымчалар сунушталып, айрым тактоолор киргизилди.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында эгемендик жылдардан кийин өзүнүн тарыхына, тилине, маданиятына жаңыча мамиле кылып, өтмүшүн кайра карап чыгууга далалат кылып жаткан Борбор Азия өлкөлөрү тууралуу талкуулайбыз.
АКШда 5-ноябрдагы Дональд Трамп жеңип чыккан шайлоодо иммиграция маселеси чечүүчү мааниге ээ болду. Үгүт учурунда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды жапырт өлкөдөн чыгарам деген Трамптын жеңишин кыргызстандык мигранттар кызуу талкуулап жатышат.
Өкмөт 2025-2027-жылдары жыл сайын 34 млрд сомго баалуу кагаздарды чыгарууну пландап жатат. Башкача айтканда, мамлекет үч жылда калктан 100 млрд сомдон ашуун карыз алат. Аны кантип жана эмнеге алат?
Орусия Курскиде украин армиясына каршы согушка салган түндүк кореялык күчтөрдүн даярдыгы күмөн жаратат. Бирок украин армиясынын коргонуусун бузуп өтүү үчүн алардын саны жетиштүү болушу мүмкүн.
Соңку аптада Орусиянын паспортун алып, бирок аскердик каттоого турбаган ондогон борбор азиялыктар жарандыгынан кол жууду. Орусиянын Ички иштер министрлиги бул иштер аскердик каттоодо турбаган адамдарды паспортунан ажыратуу боюнча жаңы мыйзамдын алкагында аткарылып жатканын кабарлады.
Кыргызстанда басма сөз күнү белгиленүүдө. Өкмөт өкүлдөрү ЖМК кызматкерлерине белек-бечкек жөнөтүп, өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып жаткан чакта эркин басылмалар басым-кысым уланып жатканын белгилейт. Быйыл өлкөдө журналисттер жапырт кармалып, соттолуп, басылмалар бөгөттөлгөн учурлар болду.
Бишкекте бүгүн Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити өттү. Анда экономика, коопсуздук жана маданий кызматташтык маселелери талкууланды.
Дагы жүктөңүз