Бул окуядан кийин жалпы укук коргоочуларды, өзгөчө Абдирасулованы каралаган материалдар жарыяланууда. Бийлик укук коргоочунун коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок экенин айтууда.
"Каганат медианын" каралоосун ким тараткан?
14-январда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор Фейсбуктагы баракчасына Азиза Абдирасулованын коопсуздугуна байланыштуу пост жазды:
“Президенттин декабрь айындагы бейөкмөт уюмдар боюнча билдирүүсүнөн кийин Азиза Абдирасулова коркутууга жана социалдык тармактарда каралоого кабылганынан кабардармын. Өкмөт анын 20 жылдык эмгегин эске алуу менен каралоо кампаниясын токтотуп, коркутууларды иликтөөгө алышы керек”.
Мунун алдында бийликти жактаган “Каганат медиа” каналына “Азиза Абдирасулованын тескей тарабы. Тарых унутулбайт” деген тема менен төрт мүнөттөн ашык видео жарыяланган. Анда убагында Азиза Абдирасулова 2010-жылдагы Июнь окуясына байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин соттолуп, 2020-жылы 69 жашында Бишкекте түрмөдө каза болгон Азимжан Аскаровдун укугун коргогону айтылат.
"Каганат медиа" каналына эркин медианы, пикирин ачык айткан айрым саясатчыларды, активисттерди каралаган материалдар буга чейин да чыгып турган. Бирок бир дагы жолу андай видеонун автору көрсөтүлгөн эмес.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров Ички иштер министрлиги (ИИМ) кызматкерлери аркылуу аталган видеону таратканга аракет кылганын жазып чыкты.
ИИМдин басма сөз кызматы ошол жазылгандарды текшерүү жана кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн Темировдон толук маалымат сураганын, бирок ал эч кандай материал бербегенин билдирди.
Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова соңку учурда каралоо, басым аябай күчөгөнүн айтты:
“Мен жөнүндө, Азиза Абдирасулова жана Чолпон Жакупова жөнүндө фейк маалыматтар чыгып жатат. Ал жерде биздин миллиондогон каражатыбыз бар экени, Грузиядан төңкөрүш жасоону үйрөнүп жатканыбыз айтылат. Бийлик ушундай жол менен укук коргоочуларды, эркин болгусу келгендерди өлкөдөн кетиргиси келип жатат. Орусиянын жолун тандап алышты. Мындай окуялар мурдагы бийликтин учурунда да болгон. Бирок жалган маалымат, каралоо дайыма бийликтин өзүнө каршы иштеп келгенин унутпайлы".
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова былтыр жыл соңунда Кыргызстандан чыгып кеткен. Укук коргоочу чөнтөк телефонуна чалып, социалдык тармактарда мазактап, коркуткандар пайда болгонун, коопсуздугунан улам ушундай кадамга барганын билдирген.
"Чыгып кетүүгө даяр эмес болчумун. Оорукчан абышкам, төрт жашар неберем менин кароомдо эле. Бирок түрдүү чагымчыл чалуу, коркутуулардан кийин кетүүгө аргасыз болдум. Анткени мен буга чейин эки жолу инсульт алгам, камалып калууга даяр эмес экенмин. Президенттин курултайда айтканын кайталап уктум, бир катар медиага биздин уюмду кошо айтып, "курултайга чакырылган" дегенине таң калдык. Бир сыйра телефон, электрондук почталарыбызга чейин текшердик. Эч кандай чакыруу келбептир", - деди Абдирасулова.
Укук коргоочу кайсы өлкөгө чыгып кеткени, Кыргызстанга качан кайтып келери белгисиз.
Курултайда айтылган сын
2024-жылы 21-декабрдагы Элдик курултайда президент Садыр Жапаров эркин медианы, бейөкмөт уюмдарды сындап, Азиза Абдирасулованын да ысымын атаган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 30-декабрда "Азаттыкка" курган маегинде өлкө башчысы укук коргоочуну сыйлай турганын айтып, курултай учурунда президенттин колуна туура эмес маалымат тийгенин белгиледи.
Байсалов Абдирасулованы өлкөгө кайтаруу үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн билдирди:
"Өз учурунда президентибиз Садыр Жапаровго болушкан Азиза Абдирасуловага сын айтылганы туура эмес болуп калды. Мен курултайдан кийин дароо Азиза эжеге чалып, "Туура эмес иш болуп калды, кандай болсо да сиздин дарегиңизге айтылбашы керек эле, таарынбаңыз, терикпеңиз. Кээде мамлекет башчысына маалымат берилип, берилбей калат экен, Садыр Нуркожоевичтин сизге кастык, душмандык сезими жок" деп айткам. Азыр ага эч кандай коркунуч жок. Биз дагы тийиштүү органдар аркылуу, өзүбүз дагы айттырып, эжени сооротуп.. Карыганда башка мамлекеттен башпаанек издетүүгө эч кандай негиз жок".
Азиза Абдирасулова 2012-жылы жана 2017-жылы Биринчи май райондук сотунда Садыр Жапаровдун коомдук коргоочусу болгон. Ошондогу соттун жүрүшүндөгү мыйзам бузууларды жалпыга маалымдоо каражаттарына да кабарлап турган.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да бийликте турган 2016-жылы Азиза Абдирасулованын дарегине катуу сын айтып, кийин 2019-жылы кечирим сураган эле.
Саясатчы Равшан Жээнбеков укук коргоочунун өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалады:
"Азиза Абдирасулованын биздин укук коргоо органдарына, саясатчыларга, жарандык коомго, журналисттерге кошкон салымы ат көтөргүс. Опол тоодой. Тилекке каршы, бүгүнкүдөй абал жаралып калды. Бул мамлекетке эч абийир алып келбейт. Терс көрүнүштөрдүн бири болуп эсептелет. Ал эми тышкы саясатты айта турган болсок, коркутуунун, жогорку кызматтагы адамдардын басымынын айынан Абдирасулова сыртка чыгып кетиши мамлекеттин имижине кара тамга болуп басылып калат".
67 жаштагы Азиза Абдирасулова 2000-жылдардан бери укук коргоочу болуп иштеп келет. 2003-жылы "Кылым шамы" бейөкмөт уюмун түптөп, абактагы адамдардын, аскердеги жоокерлердин, катардагы карапайым адамдардын укуктарын коргоп жүрдү.
2020-жылы уюмдун жетекчилигинен кеткен, бирок укук коргоочулук ишмердигин улантып жаткан.
Абактагы ишкер Имамидин Ташовдун, 11 журналисттин жана бир катар саясатчы, активисттерден тартып, карапайым жарандардын укугуна чейин коргоп жүрөт.
Шерине