Тергөө абагында жаткан Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев атайын кызматтын кысымына кабылып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды.
19-сентябрда Бишкек шаардык соту активист, акын жана ырчы Аскат Жетигендин иши боюнча апелляциялык арызды кароону улантты. Жараянда Аскат Жетигендики деген видео кайрылуу боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн эксперттер көрсөтмө беришти. Алар адвокаттардын өтүнүчү менен чакырылган.
Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев атайын кызматтын кысымына кабылып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды. 27 жаштагы Карабаев “массалык башаламандык” беренесине айыпталып, үч айдан бери камакта жатат.
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда тогуз жаштагы кызды зордуктоого шек саналып 19 жана 25 жаштагы эки жигит кармалды. Шектүүлөр райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Бул үрөй учурган окуя кыргыз коомундагы балдарга жасалган зордук-зомбулуктун дагы бир ачыкка чыккан учуру болуп калды.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Ата-Журт” саясий партиясы алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышпай турганын айтып, бийлик кайсы бир партия же талапкерди сүрөөнгө албай турганын билдирди. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтөт.
Ош облустук милициясы 4-5 жаштагы баласын кагып-силкип, "эшикке укта" деп кууп жаткан кишини тапты. Бул окуя мигранттардын балдарынын кейиштүү тагдырын эске салып, алар кабылган зордук-зомбулукка байланыштуу талкууну күчөттү.
Сокулукта төрөттөн ажал тапкан Айым Жыргалбек кызынын жакындары дарыгерлерди шалаакылыкка айыптап, милицияга кайрылганы жатат. Оорукана жетекчилиги айыптоо менен макул эмес. Экспертиза жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы 20 күндөн кийин чыгарын билдирип жатат. Маркумдун ымыркайына операция жасалган.
Жапырт камалган 11 журналисттин кылмыш ишине негиз болгон корутунду чыгарган эксперт Азамат Жанышбек уулу сот аткаруучулар тарабынан Ысык-Көлдөн алып келинип, сурак берди.
Кой-Таш окуясына байланыштуу он жылга соттолуп, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Алга Кылычовдун саламаттыгы начарлап, Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
Майыптыгы бар адамдардын Бишкектен Токмокко чейин пландалган жөө жүрүшү өтпөй калды. Уюштуруучулар буга коопсуздук маселеси негиз болгонун билдиришти.
Нарында аялын иштеген жерине барып бычактаган кишинин окуясы үй-бүлөлүк зомбулук маселесин кайра күн тартибине чыгарды. Мунун алдында 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу күйөөсү эки айга камакка алынганы белгилүү болгон.
Кыргызстанда Эгемендиктин 33 жылдыгы белгиленип жатат. «Азаттык» Эгемен Кыргызстандын каармандары - дарыгер Сыргак Турдалиев, акын Саид Султан жана активист Мубина Орумбаева менен баарлашып келди.
Дагы жүктөңүз