Коомчулук мындай кылмыштарды кескин айыптап, укук коргоо органдары чара көргөнү менен, мындай окуялардын улам кайталанып жатат.
Жети-Өгүздөгү окуянын чоо-жайы
Жети-Өгүздүн Барскоон айылында тогуз жаштагы кыздын ур-токмокко алынып, зордукталганы тууралуу маалыматтан кийин милиция Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин ("Зордуктоо") негизинде кылмыш ишин козгогон. Окуя 9-сентябрда болгон. Милицияга Барскоондун тургуну кайрылып, Көк-Сай аймагынан айылдын эки жашоочусу тогуз жаштагы кызын ур-токмокко алып, зордуктаганын айткан.
Ишти Ички иштер министрлиги көзөмөлүнө алганын билдирди. Мекеме тараткан маалыматта кылмышка шектүүлөр дароо кармалып, тергөө жүрүп жатканы айтылат:
"Бул окуя ички иштер министринин көзөмөлүнө алынып, бардык зарыл болгон тергөө иштерин жүргүзүү тапшырылган. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда. ИИМдин жетекчилиги мындай фактыларды көңүл сыртында калтырбайт жана күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу жазага тартылат".
Министрлик зордуктоого шектүү катары айылдын 19-25 жаштагы эки тургуну кармалып, эки айга камакка алынганын, соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатканын маалымдады.
Үрөй учурган окуя секелек мектепке бараткан убакта болгонун Жети-Өгүз районунун акиминин орун басары Жыпаркүл Бектемирова "Азаттыкка" айтып берди:
"Апасынын айтуусу боюнча, мектепке келе жатканда болуптур. Энеси ал учурда үйүндө болгон экен. Кызынан сураса, эч нерсе айтпаптыр, бир гана "бычак менен коркутту" дептир. Анан ата-энеси деле кичине кыздан күмөн санабаса керек. Бул беш кыздын кичүүсү экен".
Секелектин ата-энесинен маалымат алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Учурда зордук көргөн кыз менен апасы Бишкек шаарында дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин Барскоон айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Гүлзада Чабалдаева билдирди:
"Азыр кыздын абалы жакшы. Учурда Бишкекте чогуу жүрөбүз. Эртең догдурдун жыйынтыгы чыкса, андан ары көргөзөбүз. Акчаларын айыл өкмөт чечип берген. Апасынын абалы да жакшы".
Шектүүлөр
Жети-Өгүз районунун акиминин орун басары Жыпаркүл Бектемированын айтымында, кылмышка шектүү катары кармалган Барскоон айылынын тургундарынын экөө тең ден соолугуна байланыштуу райондук психо-неврологиялык ооруканада каттоодо турат жана экинчи топтогу майыптыгы бар.
Шектүү катары кармалгандардын биринин атын атабаган жакын тууганы мындай деди:
"Баланын апасы дагы экинчи топтогу майып, ал жакшы жооп бере албаганы үчүн, анан бала дагы жакшы окубаганы үчүн мен мыйзамдуу өкүлү болуп дайындалгам. Бала райондук ооруканада каттоодо турат. Азыр документин алдырып жатабыз. Экинчи бала дагы экинчи топтогу майып экен".
"Азаттык" экинчи шектүүнүн апасы менен байланышты. Ал сурообузга кыска жооп берип, баласы "кылганы үчүн жооп берерин" айтты.
Кылмыш-жаза кодексинин 91- беренесинде (Оорусу жана кош бойлуулугу боюнча жазаны өтөөдөн бошотуу) мүмкүнчүлүгү чектелгендер кылмышка барган учурда сот жасалган кылмыштын оордугун, айыпталуучунун абалын жана анын майыптуулугун эске алары жазылган.
Юрист Шердор Абдыгапаров акыркы окуяда шектүүлөрдүн каттоосуна байланыштуу экспертиза жүргүзүлүшү керектигин айтууда:
"Ким болбосун эгер психикалык жактан жабыркаган болсо Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоосу болсо толук текшерүү үчүн сот же тергөөчү психикалык экспертизага жөнөтөт. Ал жерден аларга бир нече суроо коюлат, ошол кылмыш учурунда өздөрүнө жооп бере алат беле, алдын ала ойлонгонбу деген сыяктуу көп суроолор коюлат. Ошол жерден акыл-эси ордунда эмес деген жыйынтык чыкса, алар психикалык ооруканага жаткырылат. Ал эми сот дагы, тергөөчү дагы ал тыянакка баш ийет. Бул деген соттолбой калат деген сөз".
Бул Кыргызстанда жашы жете электер зомбулукка кабылган биринчи окуя эмес.
Кайталанган зомбулук кылмыштары
Ушул эле жылы 15-августта Ош шаарында 15 жаштагы кызды топ кыздар Кара-Суу районундагы каналга алып барып, эч себепсиз уруп, чачын жана кашын кырып, белгисиз даректе мажбурлап кармап отурганы ачыкка чыккан. Ал зордуктоого кабылганы белгилүү болгон. Шектүү катары 18-23 жаштагы төрт кыз кармалган. Ал эми 15-апрелде Кара-Суу райондук милициясы Отуз-Адыр айылынын 31 жаштагы тургуну беш жашар кызды зордуктоого шек саналып кармалганын, кийинчерээк шектүү адам өмүр бою абакка кесилгенин маалымдаган.
Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова балдарга, кыз-келиндерге карата зомбулуктун себебин шектүүлөрдүн жазадан оңой кутулуп жатканынан көрөт:
"Коомчулукта кандай кылмыш кылбайын, тааныштардын, туугандардын же акчанын күчү менен жоопкерчиликтен качып кетем деген түшүнүк бар. Ошондуктан көзөмөлдөөчү органдар ар бир кыскартылган ишти же арызымды албай койду деген учур дагы тыкыр иликтенип, прокуратура же милиция кызматкери болобу, жоопкерчиликке тартылышы керек. Анан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жазага тартуу үчун мыйзамга зордук-зомбулук иштерин жаап-жашырды же ортомчу болду деп жазып, кызматтан кетириш керек. Ошондо, балким, система, бизди коргой турган адамдар коргой баштайт. Анан, албетте, билим берүү да зарыл. Азыр мектептен да, мечиттен да, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу да кол тийбестик тууралуу жетиштүү айтып, "кылган ишиң үчүн жоопкерчиликке тартыласың, катуу чара колдонулат" деген түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек".
Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда өткөн жылы жашы жете электерге карата 406 оор жана өзгөчө оор кылмыш жасалганы аныкталган. Кылмыш иштеринин 160ы зордуктоого байланыштуу.
Башкы көзөмөл органы быйылкы жылдын статистикасын жарыялай элек.