Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Бажы кызматынын төрагалыгына Алмаз Салиев дайындалды


Алмаз Салиев
Алмаз Салиев

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына Алмаз Салиев дайындалды. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына бөлүштү.

Буга чейин 51 жаштагы Салиев Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген.

Кыргыз бажысын буга чейин жетектеп келген Самат Исабеков "башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу" кызматтан алынганы кабарланды. Ал Бажы кызматынын башына 2022-жылдын январь айында келген. 2021-жылы да бир нече ай мекемени жетектеген.

Салиев бажыдагы коррупция, санариптештирүү, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода-сатык, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы ачыла турган “Бедел” өткөрмө бекеттери жана андагы аткезчилик боюнча былтыр "Азаттыкка" кеңири маек курган.

Шерине

XS
SM
MD
LG