Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:44

"Күйөөсү иштеген жерине барып бычактаган". Нарындагы зомбулук, кордолгон кыз-келиндер


Нарындагы окуя тууралуу видеодон алынган скриншот жана Айтурган Маматкулова күйөөсү менен тартылган сүрөт. Коллаж
Нарындагы окуя тууралуу видеодон алынган скриншот жана Айтурган Маматкулова күйөөсү менен тартылган сүрөт. Коллаж

Нарында аялын иштеген жерине барып бычактаган кишинин окуясы үй-бүлөлүк зомбулук маселесин кайра күн тартибине чыгарды. Мунун алдында 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу күйөөсү эки айга камакка алынганы белгилүү болгон.

Нарындагы жүрөк үшүн алган видео

Эгемендик күнү социалдык тармактарда үрөй учурган видео тараган. Анда ашканада иштеп жаткан эки аялдын үстүнө кепка кийген эркек киши кирип барып, алардын биринин моюнуна бычак такап, жерге кулатканын көрсө болот. Аялдын кесиптештери улам кирип, шектүүнү токтотууга аракет кылган. Соңунда эки эркек киши келип, шектүүнүн колун кайрып, алып кеткен. Окуя Нарын шаарындагы Он-Арча базарындагы ашканада болгонун милиция 2-сентябрда маалымдады.

"Саат 11 чамасында жолдошу аялын бычак менен сайып салды деген билдирүү түшкөн. Аталган окуя боюнча ыкчам тергөө тобу барган учурда, 1982-жылы туулган адам 1983-жылкы аялын өзү көтөрүп жүргөн маки менен сайып салганы аныкталаган. Шектүүнү Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармап, тергөө иштерин жүргүзүүдө. 1-сентябрь күнү шаардык сот анын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алды", - деп кабарлады Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Бычак жеген аял Нарын облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө жатат. Анын абалы канааттандырарлык экенин оорукананын башкы дарыгери Чыңгыз Нарынбеков билдирди.

"Бети жана моюнунда аябай көп жаракаттары бар. Ошондой эле ийни, денесинин белинен өйдө жактары да бычак менен кесилген. Бул жарааттардын баары кан тамыр же башка тарамыштарды кескен эмес, ошондуктан анын өмүрүнө чоң коркунуч болгон эмес. Жарааттарын хирургдар улам карап, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат".

Нарын шаардык сотунун чечими менен шектүү тергөө аягына чыкканга чейин эки айга камакка алынды.

"Азаттык" жабыр тарткан аял жана анын туугандары менен байланыша алган жок. Окуянын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат азырынча жок.

"Башка кыздар да көрдүк көрбөсүн дейм"

1-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу кармалган күйөөсүнүн бөгөт чарасын карап, 30-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” маркумдун жакындарынын адвокаты Жанат Гүлжигитов билдирди.

Октябрь райондук милициясы аны 30-августта Кылмыш-Жаза кодексинин “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен айып тагып, кармаган.

Маматкулова 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Анын күйөөсү жубайы "өз өмүрүн кыюу үчүн" дары ичип алганын айткан. Маркумдун жакындары кызы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгонун, буга чейин да зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин айтышты.

Айтургандын апасы Гүлшайыр Сеитова эми сот адилет чечим чыгарат деп үмүт артып турганын айтат. Ал ошондой эле Айтурган билим алган мектеп, бала бакча жана жогорку окуу жайларына чейин барып, кызы тууралуу мүнөздөмө топтогон. Муну менен Маматкулованын "психикалык саламаттыгы начар болгон" деген кептерге чекит койгусу келген.

"Азыр менин бир эле үмүтүм бар - шектүү өз жазасын алат жана буга сот органдары туура баа берет деген. Кызымды мен азыр кайрып ала албайм, ал өлдү, бүттү. Айтургандай болуп күйөөсүнүн колунан башка да кыздар өлүп калбаса экен дейм. Зомбулук көрүп жаткан кыздарды коргоп калгым келет. Себеби, биздин окуяда эле кызымдын психикасы туруктуу эмес деп айтышкан. Мен ошондуктан кызым барган бала бакчадан баштап, университетке чейин барып, мүнөздөмө алдым. Тарбиячысы, мугалимдери, педагогдордун баары кызымдын токтоо мүнөзүн айтып, окуудагы жетишкендиктерин белгилеп, деканына чейин ыйлап, сыздап отурушат. Мен эле кызымды аппак дебейм, кызымдын чөйрөсү, окуган жери анын кандай адам болгонун жакшы билишет. Эми чечим жакшы чыксын. Кыздарыбыз кор болбой, эркин, бактылуу үй-бүлө күтсүн. Мендей болуп энелер сыздабасын".

Айтурган Маматкулова - Оштун тургуну. Ал бир жыл мурда турмушка чыгып, күйөөсү менен Бишкекте жашап жаткан. Социалдык тармактарда келиндин өлүмүнүн себептерин аныктап, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу боюнча талаптар жазылган.

Ишти Бишкектин Октябрь райондук милициясы териштирип жатат. Алгач факты боюнча Ленин райондук милициясы тергөөгө чейинки териштирүү баштаган. Баштапкы экспертизада “Полидорго уулануу, өз жанын кыюу. Жүрөк-кан тамыр курч жетишсиздиги” деген корутунду берилген. Андан ары окуяны тактоо үчүн иш Октябрь райондук милициясына өткөрүлгөн.

25 жаштагы Маматкулованын өлүмү тууралуу материал даярдаган журналист Адыл Акжол уулу 4-августта кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-октябрга чейин тергөө абагына камакка алынган. УКМК ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан.

Журналист маркум келиндин кайын атасынан дээрлик бир сааттык маек алып өзүнүн Ютубдагы баракчасына чыгарганы талкууга түшкөн. Бир катар укук коргоочулар, журналисттер Адыл Акжол уулу тарткан видеону бир жактуу деп айыптап чыгышкан.

Нарында жана Ошто болгон бул соңку эки окуя кайрадан үй-бүлөлүк зомбулук маселесин күн тартибине алып чыкты. Коомдо мындай иштерди адилет тергеп, укуктук баа берүүнү талап кылгандар көбөйдү. Айрым учурларда активисттер тынчтык акцияларын өткөрүп, өмөттүн жана укук коргоо органдарынын көңүлүн буга бурдуруу аракетин көрүп келет.

Маселен ушул жылдын беш айында эле үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5153 учур катталган. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилген. Мындай маалыматты Ички иштер министрлиги тараткан.

"Зомбулукту токтотууга аракет аз"

Мындай окуялардын болушуна милиция органдарында иштеген, сот органдарында иштеген айрым кызматкерлеринин кайдыгерлиги да себеп болуп жатканын айрым укук коргоочулар айтып, бир нече жолу коргоо ордерин алып, соңунда кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын окуясын мисалга тартышат.


Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуп, анын алдын алуу үчүн жана зомбулук көрсөткөн адамдарды оңдоо же өзгөртүүгө багытталган коррекциялык программа 2019-жылы августта өкмөттүн токтому менен киргизилген.

Программанын максаты - үй-бүлөнүн агрессивдүү мүчөсүнүн жүрүм-турумун, психикасын жакшы жакка өзгөртүүгө жардам берүү.

Анын алкагында адистер түгөйүнө же баласына кол көтөрүп, психологиялык кысым көрсөткөн адам менен иштешип, ага зомбулуктун кесепетин түшүндүрөт.

Үй-бүлөлүк маселелер боюнча юрист болуп иштеп келаткан Эркин Асаналиев бул коррекциялык программаларга өкмөт өзү анчейин көңүл бурбай жатканын айтты:

"Өткөн жылы Нарын шаары жана Нарын району боюнча соттун чечими менен коррекциялык программадан өтүшү керек деген 40тан ашык адам менен эки адис иштештик. Алар адеп келгенде биздей адистердин кереги жок экенин, үй-бүлөлүк иштерине биздин кийлигишүүбүз кажет эмес экенин айтышат. Алардын арасында жогорку кызматтарды ээлеп турган, ошол эле милицияда иштеген, коомдо орду бар адамдар да бар. Биз жолун таап, зомбулуктун үй-бүлөгө, өсүп келаткан балдарына, алган жубайына таасири кандай болорун түшүндүргөнгө аракет кылабыз. Жыйынтыгында каршы болуп келгендердин көбү оюн өзгөртүп, аялына карата мамилеси өзгөрөт. Муну биз өзүбүз жүргүзгөн мониторингден билебиз. Коррекциялык программаны 2023-жылы эл аралык уюм каржылап берген, быйыл да жыйынтыгын көрүп, акча бөлүп берүүнү чечкен. Бирок, программа 2025-жылы улантылбайт, себеби акча жок. Өкмөт өзү иштеп чыккан программаны өзү каржылай албай жатышы өтө өкүнүчтүү. Бул иштер болмоюнча үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу кыйла кыйындап бара жатат. Ошондой эле милицияда иштеген айрым кызматкерлердин кайдыгерлиги каралышы керек. Түшкөн арыздын көбү 2-3 айлап каралбай, иш ордунан жылбай кала берет. Бул жагдай зөөкүр күйөөнүн мындан ары да аялын сабап, бул үчүн эч кандай жаза албай турганына жол ачып жатат".

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу, алдын алуу аракеттери 90-жылдары эле башталган. Ошол убактан бери эл аралык уюмдар, жарандык коом кыргыз өкмөтүн зомбулуктун кесепети менен күрөшүүгө караганда анын алдын алуу оңой экенин эскертип келген.

Өлкөнүн "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо" мыйзамына ылайык, коррекциялоо программасын ишке ашыруу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жүктөлгөн. Аталган министрликте тиешелүү адистер, психологдор, окутуу иштерин жүргүзүүчү орун жоктугуна байланыштуу, 2022-жылы бул милдет аймактардагы кризистик борборлорго жүктөлгөн. Ал үчүн мамлекеттен акча бөлүнгөн.

Учурда бул программа боюнча жети облустагы жана Бишкектеги кризистик борборлор өкмөттүн жана ар кандай уюмдардын колдоосу менен иштеп жатат. Маселен, USAID уюмунун “Жигердүү жарандар” долбоору коррекциялык программаны ишке ашырган кризистик борборлорду колдоого алган.

30 күн ичинде адистер күнүнө эки сааттан эки жолу жеке жана төрт жолу топ-тобу менен окутуу өткөрөт. Өз каалоосу менен кайрылган эркектер алты ай окуйт. Аялдар үчүн милдеттүү түрдө 30 күн, анын ичинде төрт жолу тайпаларда окуу каралган. Өз каалоосу менен келген аялдар төрт айда 15 жолу тайпаларда окутулат.

Аялдарды кордогон коом

Аялдардын маселелери боюнча эксперт Гүлбарчын Жумабаева коомдо аялдарга карата жасалып жаткан соңку окуяларды талдап жатып, эркектердин көбү аялына балдарынын апасы, өмүрлүк жары катары мамиле кылбастан жеке менчик буюму катары кабылдай турганын айтты.

"Өзүм билемдик анан коомдун аялдарга кылган мамилеси. Ошол эле Айтургандын окуясында ал кайнежеси делген адамдан сөз угуп жатканын көрдүк. Келин келген маалда кабыл алган тарап аны жумушчу күч, бала төрөп, аны баккан адам катары кабыл алат. Анын үй-бүлөдөгү ролу тууралуу ойлонуп, чоң институтту түптөй турган адам катары кабыл алгандар аз. Уруп-согулуп, басмырлоо алдында жүргөн аял кантип бала тарбиялайт? Өзүнө ишенип, өз пикири бар, күйөөсүнүн камкордугунда болгон, билими бар аял бактылуу болот жана ал бактылуу балдарды өстүрө алат. Тилекке каршы бизде тескерисинче жасалган иштер көп болгондуктан, үй-бүлө институту урап атат. Зомбулук жасаган адамдар, өлтүрүүгө чейин барган кылмышкерлер сот алдында эмес, өз алдында болгон жоопкерчиликти сезбей жатат. Ал балдарынын психологиясын талкалап, өзүнүн үй-бүлөсүнө кол салууда. Ошондуктан мамлекеттин бул жаатта иши күчтөндүрүлүп, мыйзамдар күчтөндүрүлгөнү жакшы. Жаза чаралары күчөтүлбөсө зомбулук өкүм сүргөн үй-бүлөдөгү балдар кандай келечек түзө алат?".

Кыргызстанда жыл сайын Ички иштер министрлигине үй-бүлө зомбулугуна байланыштуу 10 миңден ашуун арыз түшөт. Акыркы эки жылда 20дан ашуун аял зомбулуктун курмандыгы болгон.

XS
SM
MD
LG