Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Зеленский АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрү боюнча кайра тынчсыздануусун билдирди


Украинанын президенти Владимир Зеленский. 19-февраль, 2025-жыл. Киев.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. 19-февраль, 2025-жыл. Киев.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Сауд Арабиясында 18-февралда өткөн АКШ - Орусиянын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүү боюнча тынчсыздануусун дагы бир ирет билдирди.

19-февралда Киевде өткөн маалымат жыйында Зеленский Эр-Рияддагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр Орусиянын президенти Владимир Путинди "обочолонуудан чыгарууга багытталганын", мунун баары геосаясий динамиканы өзгөртүп, Украинанын коопсуздугу үчүн кедергиси тийиши мүмкүн экенин белгиледи.

"Кошмо Штаттар Путинге көп жылдык обочолонуудан чыгууга жардам берди.. Путин жана орусиялыктар буга абдан кубанууда", - деди Зеленский.

Зеленскийдин бул сөзү Трамптын анын дарегине багытталган кескин билдирүүлөрүнөн кийин айтылды. 18-февралда Трамп Зеленскийдин "сүйлөшүүлөргө чакырылбай калганы тууралуу" айтканына нааразы экенин белгилеген.

"Бүгүн алар чакырылбай калганына нааразы экенин уктум. Бирок аларда үч жыл, андан да көп убакыт бар эле. Мунун баарын оңой эле чечип койсо болор эле. Макулдашып алсаңар болмок", - деген Трамп.

АКШнын президенти муну менен эмне айткысы келгенин тактаган жок. Ал буга чейин бир нече ирет Украинанын НАТОго кирүү мүдөөсү согушка себеп болгонун айткан. Эксперттер согуш Путиндин империялык дымагынан улам башталганын белгилешет.

Ушул эле күнү Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Украинадагы "согушту токтотуу келишимине жетишерине терең ишенерин" билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG