Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:03

"Атасы сөккөн наристе таенесине берилди". Миграциянын балдарды бозорткон кесепети


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук милициясы 4-5 жаштагы баласын кагып-силкип, "эшикке укта" деп кууп жаткан кишини тапты. Бул окуя мигранттардын балдарынын кейиштүү тагдырын эске салып, алар кабылган зордук-зомбулукка байланыштуу талкууну күчөттү.

Төрт-беш жаштагы баланы видеого тартып, ага орой сүйлөп, коркутуп жаткан кишинин видеосу социалдык тармактарга тарагандан кийин, айрым жарандар милициянын тез арада чара көрүшүн талап кылган билдирүүлөрдү жазышкан.

Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Таалай Байтиков видеодогу жарандын тек-жайы аныкталып, дарыгерлер баланы текшерүүдөн өткөрүшкөнүн билдирди:

Таалай Байтиков, Ош ОИИБнын маалымат катчысы
Таалай Байтиков, Ош ОИИБнын маалымат катчысы

“Бул окуяны милиция дароо эле каттоого алып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Жыйынтыгында жарандын тек-жайы аныкталып, Алай районунун 1985-жылы туулган жараны экени белгилүү болду. Ал тергөө кызматына камсыз болуп алгачкы берген маалыматында аялы экөөнүн ортосунда пикир келишпестик пайда болуп, аны коркутуу максатында ушул кадамга барганы белгилүү болду”.

Милициянын маалыматы боюнча, текшерүү учурунда баланын денесинде эч кандай так же токмоктолгон белгилер байкалган эмес. Учурда экспертизанын жыйынтыгын күтүп, окуя боюнча кылмыш иши козголо элек.

Алай районунун социалдык жактан коргоо кызматынын башкы кызматкери Максат Маматова бала фостердик үй-бүлөнүң багуусуна өткөрүлө турганын айтты:

“Кечээ баланы ички иштер кызматкерлери менен чогуу текшердик. Ур-токмокко кабылган эмес. Ошентсе да баланы атасынан бөлүп, кечээ түнү таенесинин үйүнө жайгаштырдык. Өкмөттүн токтому менен бекитилген жобого ылайык, баланы фостердик үй-бүлөгө жайгаштырабыз”.

Бул окуя миграциянын кесепети, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселесин кайрадан козгоду. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева психологиялык зомбулукка кабылган баланын окуясын жеке көзөмөлүнө алганын билдирди:

Жамиля Жаманбаева, Акыйкатчы.
Жамиля Жаманбаева, Акыйкатчы.

“Өз атасы тарабынан мындай акылга сыйгыс зомбулукка кабылган наристенин окуясы мени абдан өкүндүрдү. Мигранттардын балдары калктын аярлуу катмарына киргендиктен, жакындары тарабынан да зордук-зомбулукка көп кабылып жатат. Наристе балдарыбыз таттуу балалыкта, камкордукта чоңоюшу керек”.

Жашы жете элек балдар менен иш алып барган социалдык адис Динара Үсөнова балдарга карата зордук-зомбулуктун келип чыгуу көйгөйүнүн баарын ата-энелердин жоопкерчилигинде экенин эскертүүдө:

“Бизде “кыргызчылык” деп жатышпайбы. Экономиканын алсыздыгы, жумушсуздук айынан ата-энелер балдарын бир туугандарына, таенесине же башка жакын туугандарына таштап кетип жатышат. Баланы кимге таштабасын, анын эң жакыны ата-энеси да. Бирөөнүн колунда калган балдар жалтак болуп, оюн эркин айта албай, түнт болуп чоңоёт".

Ош облусунун Алай районунда эле 1200 бала мигранттардын балдары катары тизмеге алынган. Алардын дээрлик 90 пайызы камкорчуга табышталган эмес.

Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мигранттардын балдарына байланыштуу Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун коомдук талкууга чыгарган. Анда балдарын атайын камкорчуга табыштабай, тиешелүү мамлекеттик органдарга кабарлабай кеткен эмгек мигранттарынын жоопкерчилигин күчөтүү, балдарын кароосуз калтыргандарга айып салуу сунушталууда.

Динара Үсөнөванын айтымында, ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүү үчүн катаал чаралар зарыл:

“Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, жазаны күчөтүү керек. Андан сырткары чек ардан чыгып жатканда балдарды кимге таштады, камкорчу барбы, мамлекеттик органдардын кабары барбы деген жагдайларды тактоо керек. Менимче, мамлекет атайын бир база ачып, ал жактан баары көрүнүп тургандай шарт түзүшү керек. Камкорчусу ким, кимге таштады деген маалыматтары менен. Андан сырткары балдарын таштап кеткендерди ата-энелик укуктан ажыратып койбостон катаал чаралар көрүлсө, жоопкерчилик болот беле дейм”, - деди балдар менен иш алып барган эксперт Динара Үсөнөва.

Ош облусунун өзүндө эле акыркы сегиз айда балдарга карата тогуз кылмыш жасалган. Өткөн жылы да Араван районунда эгиз кыздарын сабаган келиндин окуясы ачыкка чыгып, сот аны энелик укутан ажыраткан.

"Мээримге тойбогон балдар чоңоюп жатат"

Миграциянын үй-бүлө институтуна таасири, өзгөчө балдардын ата-эне мээриминен алыс өсүп, ар кандай зомбулук курмандыгына айланып жатышканы тууралуу Оштогу “Энсан Диамонд” фондунун жетекчиси Жамила Капарова менен маек.

- Жамиля айым талкууланып жаткан видеодон кандай көйгөйлөрдү байкай алдыңыз?

- Албетте, видеодогу окуянын себептерин, так деталдарды билбейбиз. Бирок тасма жүрөктү оорутту. Биз мындан Кыргызстандагы жалпы абалды көрө алабыз. Борбор Азия боюнча аялдар миграцияда жүргөнү жагынан биздин көрсөткүчүбүз жогору. Расмий статистикада миграцияда жүргөндөрдүн 48% кыз-келиндер түзөт.

Бул окуя эмнени көрсөтүп жатат? Айылда эркек киши кандай себеп менен үйдө калып, аялы иштегени миграцияга кеткен? Терс эмоцияда жүргөн киши агрессиясын баласына чыгарып, коркутуп жатат. Мунун себебин билбейбиз, бирок көрүнүш ушундай.

- Тасмадагы бала тууралуу сөз кылып жатабыз. Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги билдиргендей, 86 миңдей баланын ата-энеси миграцияда экени айтылды. Миграциялык агымдын көбөйүшү үй-бүлө институтунда кандай көйгөйлөрдү пайда кылды?

- Миграциянын оң жана терс жактары болду. Мунун арты менен көп үй-бүлөлөр экономикалык шартын жакшыртты, ушуну менен күн кечирип жатат. Ал эми терс жагын айтсак, үй-бүлөлүк институт талкаланды. Эркеги кетсе, балдары менен аялы калат. Четте жүргөн эркек акча иштеп тапканы менен, ал жакта жалгыз. Аны аялы кызганат. Сыртка аялы кетсе, бул көрүнүш мындан да курч болот. Мында эң кооптуусу - миграцияда жүргөндөрдүн балдарынын абалы. Алардын кийими бүтүн, курсагы ток болгону менен, психологиялык абалы өтө начар.

Биз бир жолу Алай районуна барып, окуучуларга психологиялык кампания жүргүзгөнбүз. Анда турмушта “силерди эмне кубантып, эмне капалантат?” деген суроо койгонбуз. 50дөй баланын жыйырмадайынын жообу “үйдө күнүгө уруш”, “мигрант болуп жүргөн ата-энемди сагынам”, “апам мага айфон алып берди, бирок мага телефон эмес, апам керек” деген жооптор болгон. Мигрант болуп жүргөндөрдүн балдары менен байланышы жок болуп атат. Телефондо сүйлөшкөнү менен руханий байланыш, жакындык, камкордук сезилбейт.

- Мындай тенденция келечекте кандай таасир бериши мүмкүн?

- Келечекте мээримге тойбогон адамдар көбөйөт. Он баланын ичинен сегизи ата-энеси менен байланышы жок балдар болсо, бара-бара коом кандай болуп калат? Алар кийин үй-бүлө курганда ата-энесинин камкордугун көрбөгөнү үчүн толук кандуу бактылуу үй-бүлө боло албай калышы мүмкүн.

- Өкмөт балдарын камкорчуларга таштабай, каттоого койбой миграцияга кеткен ата-энелерге талапты күчөтүүнү сунуштап жатат. Мындай чаралар абалды өзгөртө алабы?

- Мен миграцияга кетип жаткан жакындарыма балдарды алып кеткиле деп кеңеш берем. Ал жакта кандай шартта жашасаңар да чогуу болгула дейм. Анткени бирөө кетсе, түгөйлөрдүн мамилеси солгундайт. Чогуу кетишсе, балдар менен байланышы азаят. Мында мамлекет колунан келген шарттарды түзүп жатат. Бирок камкорчу болгону менен, алар балдардын коопсуздугун, материалдык муктаждыгын камсыз кылганы менен, камкордук, руханий колдоо деген психологиялык өксүктөрү кала берет.

Кыргызстанда ата-энеси миграцияга кетип, жакындарынын колунда калган балдардын саны 86 миңден ашуун. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри билдирген. Балдардын 85% ата-энеси чет өлкөдө, калганы ички миграцияда. Мындай маалымат министрлик эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо, үй-бүлөлүк, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында 296 миңден ашык үй-бүлөнү кыдыргандан кийин белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG