Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

19-февраль: Трамп Зеленскийди "шайлоосуз отурган диктатор" деп сындады, “Сахароводо” 75 кыргызстандык камалып турат


Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын лидери Дональд Трамп Нью-Йоркто жолугушкан, 27-сентябрь, 2024-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын лидери Дональд Трамп Нью-Йоркто жолугушкан, 27-сентябрь, 2024-жыл.

19-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Москвадагы “Сахарово” борборунда 75 кыргызстандык кармалып турат

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери ал өлкөдөгү тийиштүү органдар менен бирге 18-февралда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга ("Сахарового") барышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Учурда ал борбордо 75 кыргызстандык (мунун ичинен жетөө аял) кармалып турат. Элчиликтин кызматкерлери аларга укуктук кеңеш берип, суроолорго жооп беришти. Алар борбордун кармоо шартына нааразылыгын айткан эмес. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2024-жылдын биринчи жарымында Орусияда 334 миңге жакын кыргызстандык мигрант жүргөнү аныкталган.

Бажы кызматынын төрагалыгына Алмаз Салиев дайындалды

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына Алмаз Салиев дайындалды. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "Фейсбуктагы" баракчасына бөлүштү. Буга чейин 51 жаштагы Салиев Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген. Кыргыз бажысын буга чейин жетектеп келген Самат Исабеков "башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу" кызматтан алынганы кабарланды. Ал Бажы кызматынын башына 2022-жылдын январь айында келген. 2021-жылы да бир нече ай мекемени жетектеген.

Матраимовдун мамлекетке өткөн мейманканасы билим берүү башкармалыгына берилди

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Ош шаарындагы мамлекетке алынган мейманканасы Билим берүү башкармалыгына өттү. Мекеменин башчысы Салтанат Аманова Билим берүү башкармалыгы 1468 чарчы метр жер тилкесиндеги эки кабаттуу имаратка көчүп келгенине жарым ай болгоунн билдирди. Башкармалыктын эски кеңсеси мэрияга өтүп, “Лотос” балдар үйүнө берилет. Буга чейин Ош мэриясы Супаналиев 15-17 даректеринде Матраимовго таандык имараттар бар экенин, аларды бири мамлекетке өткөнүн кабарлаган. 2024-жылы январда Ош мэриясы Супаналиев көчөсүндөгү Матраимовдун үйүнүн тосмолору кызыл сызыктан 9 метр чыгып кеткенин айтып, дубалдарын буздурган. Ошол эле жылы февралда үйдүн дарбазасында атайын кызматтын тергөөчүсүнүн колу коюлган мөөр басылып турганы белгилүү болгон. Мындан сырткары Кара-Суу районунда Матраимовго тиешелүү 26 кыймылсыз мүлк камакка алынганы айтылган.

Трамп Зеленскийди "шайлоосуз отурган диктатор" деп сындады

Кошмо Штаттардын лидери Дональд Трамп украин президенти Владимир Зеленскийди "шайлоосуз диктатор" деп атап, ал "тезирээк кыймылдабаса өлкөсүнөн кол жууйт" деп сындады. Трамп мындай пикири менен Truth Social cоциалдык тармагына бөлүштү. "Ал арада биз согушту токтотуу боюнча Орусия менен ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Анткени бул Трамп жана Трамптын администрациясынын гана колунан келээрин баары мойнуна алып жатат", - деп кошумчалады америкалык лидер. Ал украин лидерин "АКШ жана Трампсыз өзү эч качан жайгара албаган согушка аралашып, Американы 350 миң доллар сарптоого көндүргөн", - деп сындады. Трамп ошондой эле Зеленскийди "шайлоо өткөрүүдөн баш тартып жатканы үчүн" айыптады. Ал украин президентинин рейтинги төмөн экенин дагы бир ирет белгиледи. Украинада 2022-жылдын февралынан бери согуштук абал жарыялангандыктан шайлоо өткөрүүгө мүмкүн эмес.

Евробиримдикке мүчө мамлекеттер Орусияга каршы санкциялардын 16-айлампасын макулдашты

Долбоорго ылайык, Евробиримдик Орусиядан суюлтулган газ сатып алууга толук чектөө киргизбейт. Болгону Еврошаркеттин газ бөлүштүрүүчү системасына кошулбаган терминалдарды Орусиянын көгүлтүр оту менен толтуруу токтотулат. Бул чара деле орус импортуна олуттуу сокку урушу мүмкүн экени белгиленет. Андан тышкары ондогон адамга жана юридикалык тараптарга санкция салынат. Орусиянын алюмминий импортуна чектөө киргизилет. Bloomberg басылмасынын жазышынча, чектөөлөр акырындап иштеп баштайт. Европа мамлекеттери Орусиядан дагы бир жылдай квота системасы аркылуу алюминий сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Москва санкцияларды натыйжасыз жана мыйзамсыз деп мүнөздөп, аларды такыр алууну талап кылып келет. Кремль жакында эле билдиргендей, Батыштын санкциялары Украинадагы согушту токтотуу боюнча АКШ менен Орусия ортосунда башталган сүйлөшүүлөргө кедергисин тийгизбейт.

Өзбекстанда түрмөдө отурган каракалпак блогери Мустафа Турсынбаев каза болду

Бул тууралуу Адам укуктары боюнча Түркмөн Хельсинки фонду кабарлады. Көп өтпөй Өзбекстандын Башкы прокуратурасы да бул маалыматты ырастады. Расмий билдирүүгө караганда, 11-февралда Ташкент облусундагы №7 колонияда курулуш иштери жүрүп жатканда дубал урап, Турсынбаев алган жараатынан өзүнө келе албай 16-февралда ооруканада көз жумган. Окуяга байланыштуу "Эмгек коопсуздугу боюнча эрежелерди бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Түркмөн Хельсинки кору кабарлагандай, соңку эки жылда саясий себептер менен соттолгон каракалпакстандыктардын ичинен ушуну менен үч киши каза болду. Турсынбаев 2023-жылы блогер Саламат Сейитмуратов менен бирге камалган. Былтыр сот эки блогерди тең "опузалап акча талап кылган" деп айыптап, беш жылга кескен. Турсынбаев өзүнө тагылган айыптарды мойнуна алган эмес.

Казакстанда олигарх, экс-президент Нурсултан Назарбаевдин мурунку кудасы Кайрат Боранбаевге ачылган кылмыш иштеринин баары жабылды

Каржы мониторинги боюнча агенттиктин төрага орун басары Женис Елемесов бардык териштирүүлөр токтотулганын дагы билдирди. Олигарх бюжеттик каражатты кымырып алууга жана салык төлөөдөн качууга айыпталган. Елемесов кошумчалагандай, "келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулгандыктан, салык төлөөдөн качуу боюнча иш жабылды". Ал эми калган дооматтар боюнча да ишкер өз ыктыяры менен келтирилген зыяндын ордун толуктаганы маалым болду. 2023-жылы сентябрь айында Астана соту Боранбаевди алты жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Ал бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу жана кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштыруу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. 2023-жылы ноябрь айында ал эркиндикке чыккан. 54 жаштагы Боранбаев Назарбаевдин жакын чөйрөсүнө кирген. Анын кызына Назарбаевдин тун кызы Дариганын уулу, маркум Айсултан үйлөнгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG