Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Трамп Зеленскийди "шайлоосуз отурган диктатор" деп сындады


Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын лидери Дональд Трамп Нью-Йоркто жолугушкан, 27-сентябрь, 2024-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын лидери Дональд Трамп Нью-Йоркто жолугушкан, 27-сентябрь, 2024-жыл.

Кошмо Штаттардын лидери Дональд Трамп украин президенти Владимир Зеленскийди "шайлоосуз отурган диктатор" деп атап, ал "тезирээк кыймылдабаса өлкөсүнөн кол жууйт" деп сындады. Трамп мындай пикири менен Truth Social cоциалдык тармагына бөлүштү.

"Ал арада биз согушту токтотуу боюнча Орусия менен ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Анткени бул Трамп жана Трамптын администрациясынын гана колунан келээрин баары мойнуна алып жатат", - деп кошумчалады америкалык лидер.

Ал украин лидерин "АКШ жана Трампсыз өзү эч качан жайгара албаган согушка аралашып, Американы 350 миллиард доллар сарптоого көндүргөн", - деп сындады.

Трамп ошондой эле Зеленскийди "шайлоо өткөрүүдөн баш тартып жатканы үчүн" айыптады. Ал украин президентинин рейтинги төмөн экенин дагы бир ирет белгиледи.

Украинада 2022-жылдын февралынан бери согуштук абал жарыялангандыктан шайлоо өткөрүүгө мүмкүн эмес.

Зеленский 19-февралда өткөргөн маалымат жыйында АКШ согуш башталганы 60 миллиард долларлык курал-жабдык жана 31,5 миллиард акчалай каражат бөлгөнүн билдирген.

АКШнын президенти ырастагандай, Кошмо Штаттар Европага караганда Украинага 200 миллиард доллар көп короткон.

Буга чейин Трамп Зеленскийдин рейтинги 4% түзөрүн айткан. Украинанын президенти бул "Орусия тараптан жайылган жалган маалымат экенин" белгилеген. Зеленский Киев эл аралык социология институтунун сурамжылоосуна таянып, ага украиндердин 57% ишенерин айткан.

Украинадагы согушту токтотуу маселеси Трамп кызматка киришкени күч алды. 18-февралда Сауд Арабиясында Америка менен Орусиянын делегацияларынын биринчи жолугушуусу өттү. Ушул эле күнү Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Украинадагы "согушту токтотуу келишимине жетишерине терең ишенерин" билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG