Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Жетигендин иши: Адвокат далил видео алмашып калганын айтты, эксперт психиатриялык экспертиза сунуштады


Аскат Жетиген сотто. Бишкек шаар соту. 19-сентябрь, 2024-жыл.
Аскат Жетиген сотто. Бишкек шаар соту. 19-сентябрь, 2024-жыл.

19-сентябрда Бишкек шаардык соту активист, акын жана ырчы Аскат Жетигендин иши боюнча апелляциялык арызды кароону улантты. Жараянда Аскат Жетигендики деген видео кайрылуу боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн эксперттер көрсөтмө беришти. Алар адвокаттардын өтүнүчү менен чакырылган.

Психиатриялык экспертиза тууралуу сунуш

Эксперттердин бири - Юстиция министрлигинин алдындагы соттук экспертиза борборунун адиси Гуля Мураталиева Аскат Жетигендин видеодогу сөздөрүндө "массалык баш аламандыкка, бийликти күчтөп басып алууга чакырыктар жок" деп билдирди.

Ал эми Улуттук илимдер академиясынын лингвист-эксперти Нурлан Сакбаев Аскат Жетигендин видеосунда бийликти, бийлик ээлерин ачык шылдыңдоо, мазактоо бар экенин белгилеп, видеонун автору массалык баш аламандыкка жана бийликти басып алууга чакырганын айтты.

"Изилдөөгө келген материалдарда коомчулукту кандайдыр бир баш аламандыкка, бийликти алмаштырууга багытталган чакырыктар камтылган. Контексттен алып караганда, учурдагы расмий бийликтин ишмердүүлүгүнө каршы аракеттерге чакырык кездешет".

Эксперт корутундусун окуп жатып, Аскат Жетигенге соттук медициналык-психиатриялык экспертиза жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Адвокат Самат Матцаков эксперттен бул сөзүнүн жөнүн сураганда, Сакбаев төмөнкүдөй жооп берди:

Нурлан Сакбаев, лингвист-эксперт.
Нурлан Сакбаев, лингвист-эксперт.

"Мен корутундуга бул сүйлөмдү кошконумдун себеби - видео кайрылууда сүйлөп жаткан адам түш көргөнүн, түшүндө президентти көргөнүн, аны менен оюн ойногонун айтып атат. Ошондуктан, мен мунун адекваттуулугун текшерүү үчүн соттук-психиатриялык экспертиза керектигин киргизгем", - деди ал.

Адвокат Аскат Жетигенге психиатриялык экспертиза дайындоо боюнча лингвист-эксперттин сунушу "чектен чыккандык" деп баалады:

Рита Карасартова. Бишкек. 19-сентябрь, 2024-жыл
Рита Карасартова. Бишкек. 19-сентябрь, 2024-жыл

Сотко катышкан жарандык активист Рита Карасартова да лингвист- эксперттин бул сунушун сынга алды:

"Эгер бизди тоталитардык, өзүбүздүн үнүбүз жок мамлекетке айландырууну көздөсө, анда эч кандай өнүгүү болбойт. Анткени бүгүнкү күнү өнүккөн өлкөлөрдүн баарында адам укугу, эркиндиги бийик турат".

Аскат Жетигендин иши боюнча сот жараяны 3-октябрда улана турган болду.

"Далил зат алмаштырылган"

Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаков кылмыш ишинде тергөөдө тиркелген видео менен сотко алып келинген видеонун ортосунда айырма бар экенин журналисттерге билдирди.

Адвокат Самат Матцаков.
Адвокат Самат Матцаков.

"Мен сиздердин көңүлүңүздөрдү видеого бургум келди. Анткени тергөөнүн жүрүшүндө биз иш менен таанышканыбызда 14 мүнөттүк видео тууралуу сөз болуп жаткан. Бирок биринчи инстанциядагы сотко келгенде прокурор тарабынан эки мүнөт бир нече секундалык видео тиркелип калды. Ушул видео менен экспертиза жасалган. Бул видеону биз сотто көрүп жатып, токтоткон учурубузда ал Whatsapp аркылуу жиберилген видео экени техникалык жактан анык эле көрүнүп турду. Демек, видео ошол эле күнү жазылып, анан жиберилген. Иш болсо сотко май айында эле өткөн болчу. Бул жерде далил заттарды алмаштыруу фактысы жатат".

Адвокат бул маселени райондук сотто көтөргөнүн, бирок судья көңүл бурбаганын кошумчалады.

Ишти карап жаткан Бишкек шаардык соту жана судья адвокаттын видео же далил заттын алмаштырылганы тууралуу билдирүүсүнө комментарий бере элек. Ошондой эле ишке тиркелген видеонун мазмуну тууралуу да прокуратура тараптан маалымат алууга азырынча мүмкүн боло элек.

Аскат Жетигендин ишинин чоо-жайы

  • Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2021-жылы март айындагы видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”), экинчиси - 2024-жылдын 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.
  • Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов Жетигендин иши боюнча быйыл 1-июлда чечим чыгарган. Судья аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен "күнөөлүү" деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган.
  • Мунун алдында Аскат Жетиген акыркы сөзүн сүйлөп, коюлган айыптарды четке каккан. Ал “социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган кайрылууларында элди бийликти басып алууга жана массалык башаламандыктарга чакырбаганын” кайталаган.
  • Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди алгач 2024-жылы 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкекке алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлгандан кийин 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон.
  • 20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгоп, ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Ошондон бери анын тергөө абагындагы мөөнөтү улам узартылып келүүдө.


Ал май айындагы соттук отурумдарда 20-марттагы соттун камакка алуу чечиминен кийин “УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын” эки жолу айткан.

Башкы прокуратура акындын кыйноо тууралуу арызын Аскердик прокуратура териштирип жатканын, анын негизинде дайындалган тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы чыга элек, качан даяр болору азырынча белгисиз экенин майдын этегинде билдирген. Жаза аткаруу кызматы кыйноо тууралуу акындын айтканын четке какса, УКМК комментарий берген эмес.

Андан бери төрт ай өтсө да Башкы прокуратура бул боюнча маалымат бере элек.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү. 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. Камакка алынардан мурда орой сөздөр менен видео чыгарып, бирок кийин ал үчүн коомчулуктан кечирим сураган.

Жакындары, активисттер, акындын бир катар сахналаштары мындай майда бейбаштык үчүн ага өтө оор жаза берилгенин сындап, аны бошотууну суранып келишет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG