Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Зеленский Трамптын атайын өкүлүнө согушка барып, аскерлер менен сүйлөшүүнү сунуштады


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Кит Келлог согушка барып, орус армиясына туруштук берип жаткан украин аскерлери менен сүйлөшүп көрүшү керек деген пикирде. Ал мындай сунушун 19-февралдагы маалымат жыйында айтты. Трамптын Украина жана Орусия боюнча атайын чабарманы Келлог Киевге шаршембиде барган. Бул анын кызматка дайындалган январь айынан бери Украинага алгачкы сапары.

Зеленский Келлогду майданга коштоп барууга даяр экенин да айтты.

"Биз дагы барабыз. Ал жактагы аскерлер менен сүйлөшүп көрсүн. "Мунун баарын орустарга бере салып, коопсуздук кепилдиктери жок эле үйгө тезирээк кетүү үчүн добуш берүүгө даярсыңарбы?" деп алардан сурап көрсүн. Мен үчүн Келлог мырза бул маалыматты өзү алганы маанилүү", - деди Зеленский.

Ал Келлог ошондой эле Украинанын чалгын кызматынын жана Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен жолугарын кошумчалады.

Келлог буга чейин тынчтыкка жетүү үчүн Киев да, Москва дагы эпке келиши керек экенин бир нече жолу айткан. Киев аймактык жана саясий жактан Орусиянын талаптарына көнүү мүмкүн эмес экенин белгилейт.

Соңку жумада Келлог Украинага колдоо көрсөткөн Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолуккан.

Украинадагы согушту токтотуу маселеси АКШ президенти Дональд Трамп кызматка киришкени күч алды. 18-февралда Сауд Арабиясында Америка менен Орусиянын делегацияларынын биринчи жолугушуусу өттү. Ушул эле күнү Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Украинадагы "согушту токтотуу келишимине жетишерине терең ишеничте" экенин билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG