Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

"Тергөөчү түбүңө жетем деп коркутууда". Абактагы Жоомарт Карабаев бийликке кайрылды


Жоомарт Карабаев жана апасы Дамира Карабаева сот залында. Сүрөт "Кылым шамы" уюмуна таандык.
Жоомарт Карабаев жана апасы Дамира Карабаева сот залында. Сүрөт "Кылым шамы" уюмуна таандык.

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев атайын кызматтын кысымына кабылып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды. 27 жаштагы Карабаев “массалык башаламандык” беренесине айыпталып, үч айдан бери камакта жатат.

"Уулумдун өмүрүнө коркунуч жаралды".

Үч айдан бери Жаза аткаруу кызматына караштуу №1 тергөө абагында (№21 мекеме) жаткан уулуна апасы Дамира Карабаева жума сайын ысык тамак киргизгенге аракет кылат. 19-сентябрда абакка жылуу кийимдерин алып келген.

“Башында чийки киргизгенде бир айда бир киргизип турчубуз. Анын ортосунда бышкан тамак киргизип турчубуз. Азыр карантин деп чийки албай жатат. Ар жумада бир жолу бышкан тамак киргизип жатам. Ичи суук дегенинен күзгү кийимдерин дагы алып келдим”.

Дамира Карабаева уулуна тамак-аш, кийим көтөрүп баратат.
Дамира Карабаева уулуна тамак-аш, кийим көтөрүп баратат.

Улуттук Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин абактагы кайрылуусунан кийин Дамира Карабаева уулунун өмүрү үчүн сарсанаа болуп турганын айтты. Ал өлкө жетекчилигинен баласынын ишин акыйкат териштирип, абактан чыгарууну суранууда:

“Өмүрүнө коркунуч келгенин угуп, өзүмдү жоготуп, түнү менен уктай албай чыктым. Түндөн аман чыкса экен деп сарсанаа болуп отурдум. Тергөөчү тергөөнү туура эмес жүргүзүп жатат. Уулумдун өмүрүнө коркунуч келип жатат. Коркутуп, үркүтүүлөр болуп жатыптыр. Уккан адамдын үрөйү уча турган сөздөрдү айтып жатыптыр”, - деди апасы.

Абактан жазылган кат, УКМК үн ката элек

18-сентябрда Жоомарт Карабаевдин атайын кызматтын тергөөчүлөрүнүн кысымына кабылганы жөнүндө жазган катын укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбукка жарыялады. Ал катында президент Садыр Жапаровго кайрылып, ага каршы куугунтукту жана мыйзамсыз козголгон кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алууну суранган.

“2024-жылдын 11-12-сентябрь күндөрү Азат Султаналиев (ред: тергөөчү) менин жактоочуларымсыз УКМКнын имаратынын ичинен мени коркуткан. Тактап айтканда, мага Азат Султаналиев мындай деп айтты: “Менин тергөөдөгү кыймыл-аракетимди жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернетке, социалдык тармактарга мыйзамсыз деп чыгарсаң таарынба. Сен тергөө абагында болосуңбу же башка жерде болосуңбу, түбүңө жетип, кычкылтегиңди кысып коем деп айтты”, - деп жазган Карабаев.


Карабаевдин жактоочусу Акынбек Ногоев кат ал аркылуу берилгенин ырастады. Анын айтымында, Жоомарт Карабаевдин иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өтүп, биринчи соттук отурум 8-октябрга дайындалды.

УКМК катка байланыштуу комментарий бере элек. Мекеменин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, маалыматты тактап берерин билдирди. "Азаттык" атайын кызматтын же аты аталган тергөөчүнүн жүйөсүнө орун берүүгө даяр.

Ал эми Президенттик администрация: "Иш сотко кетиптир. Ушундай учурда соттун ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсүнө мыйзам тыюу салат. Комментарий да бербешибиз керек, себеби кандай гана комментарий болбосун сотко басым деп бааланат", - деп жооп кайтарды.

  • Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Жоомарт Карабаевди 2-июлда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен айып коюлганы кабарланган.

Илимдер академиясына айтылган сын

Жоомарт Карабаев мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

Ал “массалык башаламандык” беренеси менен соттолгон жазуучу Олжобай Шакирдин кылмыш иши боюнча мыйзамсыз экспертиза берилгенин мисал кылып келет.

Абактагы Карабаев кат жазып, коркутууга кабылганын айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:33 0:00

Анын ичинен Улуттук илимдер академиясынын Мамлекеттик жана укук институтунун илимий кызматкери Азамат Жанышбек уулунун атын атаган. Азамат Жанышбек уулу соңку жылдардагы саясий өңүтү бар кылмыш иштеринин козголушуна негиз болгон политологиялык экспертиза жасаган адистердин бири.

Буга чейин Азамат Жанышбек уулу азыр Улуттук илимдер академиясында иштебей калганын айтып, кылмыш ишине негиз болгон корутундулар боюнча жооп берүүдөн баш тарткан. “Азаттык” 19-сентябрда экспертиза боюнча көп суроолор болуп жаткандан улам андан корутунду кандай негизде чыгарыларын сураганда ал:

Азамат Жанышбек уулу.
Азамат Жанышбек уулу.

"Аны Улуттук илимдер академиясына расмий кайрылсаңар, жооп берет. Мурда иштегем, азыр иштебей калгам. Жооп берүүгө милдеттүү эмесмин", - деген жооп узатты.

Ал эми Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги буга чейин Карабаевдин айткандарын толук четке кагып, анын кылмыш ишине мекеменин байланышы жок экенин бир нече жолу билдирген.

"Чынчыл кызматкер болом"

27 жаштагы Жоомарт Карабаев мектепти Бишкектен бүтүп, 2018-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмүн аяктаган. Андан соң Дипломатиялык Академияга магистратурага тапшырган. Ал эки окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктаганын жакындары билдиришти.

Апасы Дамира Карабаева ал дайыма чынчылдыкты сүйгөнүн, илимий кызматкер болууну самап жүргөнүн айтып берди.

“Эки окууну тең кызыл диплом менен бүтүрдү. Арабаевде окуп жүрүп Аскер кафедрасын дагы аяктады. Окууну аяктагандан кийин мага жардам берип ар кандай жумуштарда иштеди. Анан Илимдер Академиясына кирген. Өзү аябай чынчыл болчу. Чындыкты сүйлөп койгондуктан кине тагып, атайын берене менен отургузду. Жоомарт алардын анча-мынча былыктарын интернетке чыгарып салган экен", - деди апасы.

Жоомарт Дамира Карабаеванын оокат-тиричилигине каралашкан кичүү баласы. Ал Жоомарт менен анын 29 жаштагы агасын жалгыз бой тарбиялап чоңойткон.

Жоомарт Карабаев менен жогорку окуу жайларда чогуу окуган айрым группалаштары жаш илимпоз көп сүйлөбөгөн, сабактарды калтырбай катышкан студенттердин бири катары сыпаттап, коомдук-саясий абал боюнча маселелерде өз пикирин билдирип келгенин айтышат.

"Жоомарт Карабаевди магистратурада окуп жүргөндө таанып калдым. Сыртынан караганда жоош, түнт көрүнгөнү менен сабакты калтырчу эмес. Дайыма конспект жазып, тапшырмаларды калтырбай аткарчу. Кийин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу өлкөдөгү окуяларга пикирин жазганын көрүп, саясатка кызыгарын билгем", - деп айтып берди атын атагысы келбеген группалашы.


Жоомарт Карабаев Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунда илимий кызматкер болуп алты ай эмгектенген.

Ал бир жыл мурун мыйзамсыз кызматтан кеткенин айтып, соттошуп жүргөн. Андан тышкары Фейсбукта бийликтин айрым кадамдарын сындаган постторду жазып келген.

Анын айткандарына атайын кызмат жана башка бийлик органдары комментарий берген эмес.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG