Өзбекстанда түрмөдө отурган каракалпак блогери Мустафа Турсынбаев каза болду. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча Түркмөн Хельсинки фонду кабарлады. Көп өтпөй Өзбекстандын Башкы прокуратурасы да бул маалыматты ырастады. Расмий билдирүүгө караганда, 11-февралда Ташкент облусундагы №7 колонияда курулуш иштери жүрүп жатканда дубал урап, Турсынбаев алган жараатынан өзүнө келе албай 16-февралда ооруканада көз жумган.
Окуяга байланыштуу "Эмгек коопсуздугу боюнча эрежелерди бузуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Түркмөн Хельсинки кору кабарлагандай, соңку эки жылда саясий себептер менен соттолгон каракалпакстандыктардын ичинен ушуну менен үч киши каза болду.
Фонддун маалыматына караганда, 41 жаштагы Турсунбаев "Нукус Онлайн" YouTube каналын иштетчү. Анын 153 миңдей катталуучусу бар эле. Өз видеолорунда блогер Каракалпак автоном аймагындагы көйгөйлөрдү чагылдырып, аларды чечүүгө өз салымын кошуп келген.
Турсынбаев 2023-жылы блогер Саламат Сейитмуратов менен бирге камалган. Былтыр сот эки блогерди тең "опузалап акча талап кылган" деп айыптап, беш жылга кескен. Турсынбаев өзүнө тагылган айыптарды мойнуна алган эмес.
Укук коргоочулар жана диаспора өкүлдөрү аны саясий себептерден улам камалган деп санашат.
Шерине