Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" кыймылы бир нече күн мурда аялдарга коомдук жайларда ырдоого, үнүн чыгарып китеп окууга жана жүзүн ачып жүрүүгө тыюу салган жаңы мыйзамдарын жарыялады. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) буга тынчсыздануу билдирди.
Башкы прокуратура Бишкектин тургуну Иван Сологубовдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Маркумдун жакындары Сологубовго милиция кызматкерлери күч колдонгон деп айыптап, ишти адилет тергөөнү суранып президентке кайрылды. Ички иштер министрлиги дооматтарды четке кагууда.
21-августта Жогорку сот пикири үчүн кармалган Каныкей Аранованын адвокатынын кассациялык арызын карап, Бишкектин сотунун аны үч жарым жылга кескен чечимин күчүндө калтырды. Айыпталуучунун жакындары Аранованын атынан Фейсбукка жалган билдирүү жазылып, куугунтукка кабылып жатканын айтып жүрүшөт.
Таласта талаада кой жайып жүргөн баланын видеосу боюнча териштирүү жүрүп, бир катар жагдайлар ачыкка чыкты. Анткен менен окуя балдардын эмгекке күчтөп тартылып, укугу бузулуп жатканын эске салды.
Улуу Үркүн деген ат менен тарыхта калган 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнө быйыл 108 жыл болду.
"Сахарово" борборунда кармалып чыккан кыргызстандык мигрант Аскар Ускенбаев Орусияда кыргызстандыктар кабылган кыйынчылыктар тууралуу "Азаттыкка" айтып берди.
Орусия менен Батыш камактагы жарандарын айырбаштап бүттү. Орус абактарында отурган оппозициячыл саясатчылар, активисттер жана журналисттер бошотулду. Ал эми Орусия Европада соттолгон агенттерин жана адам өлтүрүүгө айыпталган Вадим Красиковду кайтарып алды.
Орусияда улам катаалдашып жаткан миграция мыйзамдары миңдеген кыргызстандыктарды мекенине кайтууга же башка өлкөлөрдөн жумуш издөөгө аргасыз кылды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз мигранттарына карата текшерүүлөрдүн күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди.
Орусияда мигранттарды убактылуу кармоочу жайларда кыйнап, Украинадагы согушка айдап жатышат.
Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Асел Ногойбаева эки апта мурда мурдагы күйөөсү абактан уюлдук телефондон коркуткан каттарды жазып жатканын билдирип, адвокаты Индира Саутова атайын прокуратурага арыз берген.
Татарстанда такси кызматында иштеген кыргызстандыктар Казандагы консулдуктун үстүнөн даттанып, бийликке кайрылышты.
Дагы жүктөңүз