Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:14

"Инвестициялык климат адам укугу, сөз эркиндиги менен байланышта"


Эдуардс Стипрайс, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү
Эдуардс Стипрайс, Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү

Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс Бишкекке иш сапары менен келип кетти.

Кыргызстанга алгачкы сапар менен келген Стипрайс 14-16-май күндөрү президент баштаган аткаминерлер, депутаттар, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар менен жолугуп, “Азаттыкка” маек курду.

Буга чейин атайын өкүл болуп эки жылдай иштеген Терхи Хакала быйыл жыл башында кызматтан кетип, анын ордуна теги латвиялык Эдуардс Стипрайс дайындалган.

- Стипрайс мырза, сиз бул кызматка жаңы дайындалдыңыз жана сиздин Бишкек сапарыңыз эл аралык коомчулукта Кыргызстандагы адам укугуна байланыштуу абалдан улам байма-бай сын-доомат айтылып жаткан учурга туш келди. Өлкөдө жарандык, саясий активисттерди, журналисттерди камап-кармоо уланып жатат. Сапардын алкагында сиз жарандык коомдун өкүлдөрү, лидерлери менен жолугуштуңуз. Анда негизинен кандай теманы көтөрүп, кайсы маселени көбүрөөк талкууладыңар?

- Биз Европа Биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын ортосундагы бардык жагдайларды талкууладык. Албетте, биз экономикалык кызматташтык, инвестициялык алака тууралуу сүйлөшкөндө мен мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып маңдай-тескей отурган адамдарга экономикалык кызматташтыкты башка маселелерден бөлүп кароо болбостугун айтып жаттым. Азыр инвесторлор кайсы бир өлкөдө иш баштарда инвестициялык климатын карап туруп чечим кабыл алат. Инвестициялык климат дегенде бул биринчи кезектеги маселе - укуктун үстөмдүгү. Тактап айтканда, алар салган каражатын юридикалык жактан коргоо көп учурда бул алардын жеке акчасын коргоо дегенди билдирбейт. Биз чоң корпорациялар, акционердик коомдор тууралуу сөз кылып жатабыз. Себеби аларда акчасын салган акционерлердин алдында жоопкерчилиги бар. Биз укуктун үстөмдүгү дегенде ал жалаң эле бизнес чөйрөгө тиешелүү болбойт да. Ал демократиялык институттардын иштеши, адам укуктарынын сакталышы деген өңдүү коомдогу бардык чөйрөнү камтышы керек. Бул жерге ошондой эле сөз эркиндигин кошсо болот.



- Freedom House өңдүү бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУнун адам укугу боюнча комитети коңгуроо кагып, эл аралык рейтингдерди төмөндөтүп жатса деле кыргыз өкмөтү “бул индекстер эч нерсени билдирбейт” деген мазмундагы билдирүүлөрдү жасап келет. Сиз дагы ушундай деп ойлойсузбу?

- Индекстер өз алдынча эч кандай мааниге ээ эмес, ал жөн гана сандар. Бирок алар кандайдыр бир маанилүү салыштырууларды жасаганга мүмкүнчүлүк берет. Кайсы бир тенденцияларды көрсөтөт. Буга чейинки суроого кайтып келсем, эгер кайсы бир инвестор кайсы бир өлкөдө же аймакта буга чейин иш жүргүзүп көрбөсө, ал ошол эле ачык булактардагы маалыматтарга, сандарга таянат. Анан, албетте, индекстерди карайт. Анан калса ал индекстер иштелип чыккан, методикасы ачык жана жеткиликтүү. Балким алар айныксыз эмес деле болушу мүмкүн, бирок колдо болгон жакшыраак варианты азырынча ушул. Ошондуктан ага Европа Биримдигинин мүчөлөрү, Европарламент дагы көңүл бурат.

- Жолугушууларда өлкөдө сөз эркиндигине, пикирин эркин билдирүүгө жасалып жаткан басым-кысым тууралуу өзүнчө маселе көтөрүлдүбү? Ушул тапта, маселен, активист аялдар, журналисттер абакта отурат.

- Мен кайсы бир өзүнчө учурлар тууралуу албетте, маселе көтөрө албайм. Анткени менде бул же тигил окуя тууралуу толук юридикадык талдоо жок. Бирок ачык айтайын, мындай анализ, кандайдыр бир толук маалымат жок болсо деле Кыргызстанда бул жаатта абал жакшы эместей таасир калтырат.



- Жакында эле бир катар журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган адам Клооп басылмасын, журналист Болот Темировду сотко берди. Ал кабарчы соттун чечими менен өлкөдөн күчтөп чыгарылган. Ушундай шартта журналисттер кантип иштей алат? Алардын коопсуздугу кандай корголушу керек?

- Мен бул конкреттүү учур тууралуу азырынча комментарий бере албайм. Ушул жерден биз башында сөз кылган укук үстөмдүгү деген маселеге кайтып келсек. Бул жерде натыйжалуу, иштин өтөөсүнө чыккан соттук система, көз каранды эмес юстиция системасы болушу керек. Ал бар же жок болот. Булардан сырткары ЖМК өтө маанилүү коомдук жана саясий функцияны аткарат. Бекеринен аларды бийликтин бир бутагы дешпейт да. ЖМКга карата аша чапкан аракеттер дайыма эле өзүн актай бербейт жана буга толук көз каранды эмес юстиция системасы таасир этет. Мамлекет көз каранды эмес юстиция системасынын таасири анын имижине, бизнеске таасир этерине маани бериши керек.

- Ушул жерден эми экономика тууралуу сүйлөшсөк. Апрель айында Өзбекстанда Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн саммити өттү. Ал жерде Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен аймакка 12 миллиард евро салынарын билдирди. Бул каражаттан Кыргызстанга дагы бөлүнөбү, эгер бөлүнсө кайсы тармактарга жумшалат?

- Бул каражат сөзсүз түшөт жана Кыргызстанга дагы бөлүнөт деп ишенем. Биринчи кезекте биздин алака-катышка байланыштуу ошол эле Ляйен айым белгилеген транспорт тармагы. Тактап айтканда, Европа менен Борбор Азия чөлкөмүн байланыштыруу. Ошондой эле Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн өз ара ички байланышын жакшыртуу. Биз ички инфраструктура экономикалык деңгээлди өнүктүрүү жана өз ара кызматташуу үчүн жетиштүү эмес экенин билебиз.Ошондуктан ушул багытты белгилесек болот. Андан сырткары санарип инфраструктура дагы бар. Бул жерде спутниктик интернетке байланыштуу долбоор ишке ашырыла баштады. Айрыкча шарты катаал айыл жергесине интернет жеткирүү тоолуу Кыргызстан үчүн эле эмес, Тажикстан үчүн дагы маанилүү. Бул жаатта иш башталды.Дүйнөлүк рынокко, анын ичинде Европа үчүн “жашыл энергетикага” керектүү ресурстар маанилүү. Мен билгенден чөлкөмдөгү беш мамлекеттин тең бул багытта, “жашыл энергетикага” өтүү боюнча өтө дымактуу программалары бар. Мен билгенден Кыргызстанга углевод ресурстарынын басымдуу бөлүгү импорттолуп келет. Өзүндөгү запас болсо экономиканын туруктуу өнүгүшү үчүн аздык кылат.



- Сиз транспорт, “жашыл энергетика” жаатындагы алдыдагы иштер тууралуу сөз кылдыңыз. Ишке аша баштаган реалдуу долбоорлор барбы?

- Бул негизинен кыргыз тарап үчүн приоритеттүү долбоорлор жана ага Евробиримдиктин, тактап айтканда, европалык каржы институттардын катышуусу каралып жатат. Биринчи кезекте Камбар-Ата-1 ГЭСи. Бул Европа Биримдиги, тактап айтканда, бул жактагы өкүлчүлүгү катышып жаткан долбоорлордун бири. Кыргызстандагы чакан ГЭСтерди куруу, Кытайдан Өзбекстанга Кыргызстан аркылуу темир жолун куруу долбоорлору да бар.

- Соңку үч-төрт жылдан бери Еврошаркет менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода кеңейип жатат. Бул деген Батыштын Орусияга салган санкциялары катаалдашып жатканынан дагы кабар бербейби?

- Бул суроого бир ыктай жооп берүү кыйын. Орусияга карата санкциялык режимдин дагы таасири бар. Буга чейин Орусия аркылуу канча бир көлөмдө жүк ташуу өтүп келген. Эми ал Орусияны кыйгап өтө баштады. Мен бардык учурда көлөм өстү деп айтпас элем. Болгону товардын кайдан келген таржымалы, өндүрүүчүсү так жазыла баштаган да болушу мүмкүн. Мисалы буга чейин кайсы бир товар Орусияда өндүрүлүп ташылып келсе, же Батыш өлкөлөрү өндүргөн товарлар Орусия аркылуу келсе анын баары жабылды да. Балким ал товарлар азыр Польшадан же Италиядан алынып келип калды.

- Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү Европа мамлекеттерине барганда бизнес коомчулукту Кыргызстанга инвестиция салууга дайыма чакырып келет. Сиздин баамыңызда европалык ишкерлер бул сунушка канчалык кызыкдар?

- Мага бул суроого жооп бериш оңой болбойт. Менин бул кызматка дайындалганыма эки гана ай болду. Европадагы бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен түз сүйлөшүүгө, алардын пикирин билүүгө азырынча мүмкүнчүлүк боло элек. Менимче, натыйжалуулукту бир гана ыкма менен аныктаса болот. Инвестициянын көлөмүн, бул өлкөдө түзмө-түз иш алып барып жаткан европалык компаниялардын тизмесин карап туруп билсе болот. Менимче, кызыгуу бар. Кыргызстандын эбегейсиз потенциалы бар. Тоолуу, деңиз портторунан алыс жайгашканына карабастан ресурстардын, адамдардын потенциалы бар. Борбор Азия деген аталышынан улам эле бул аймак ортодо жайгашканын билсе болот. Бул түндүк менен түштүктү, чыгыш менен батышты байланыштырууда өтө маанилүү роль ойношу мүмкүн. Потенциал бар, бирок ал ишке ашар-ашпасы көбүнчө жеке бизнес бул жактагы реформаларга ишеним артабы, алар үчүн жагымдуу шарт түзүлгөнүнө ишенеби же жокпу, юридикалык туруктуулукка, чыныгы укуктун үстөмдүгү орногонуна көзү жетеби же жокпу деген жагдайдан көз каранды.

Шерине

XS
SM
MD
LG