Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

"Кыргызстандын Европа менен кызматташтыгы жакшырат деп ойлойбуз"


Өкмөттүк делегациянын Страсбургдагы сапары
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:44 0:00

Өкмөттүк делегациянын Страсбургдагы сапары

Кыргыз өкмөтүнүн делегациясы Страсбургда Евробиримдиктин институттары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, өлкөдөгү демократиянын абалы боюнча да талкуу жүргүзүп жатканы маалым болду. Бир катар эл аралык уюмдар соңку жылдары Кыргызстанда демократия, адам укугу боюнча маселе курчуп жатканын белгилеп келишет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Евробиримдиктин институттары кайсы жагдайларды белгилеп жатат жана расмий Бишкектин буга реакциясы кандай? Делегацияны баштап барган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Азатыкка” учкай маек берди.

- Эдил мырза, кыргыз өкмөтүнүн делегациясы Страсбургда Европа Биримдигинин институттары менен сүйлөшүүлөрлү көтөрүп, өлкөдөгү демократиянын абалы боюнча баяндама жасай турганы маалым болду. Мында жагдайды кандай деп белгилеп, кандай маалыматтар менен бөлүшөсүздөр?

- Өкмөттүк делегация Страсбургда жолугушууларды өткөрүп жатабыз. Бул жакта жайгашкан Европа Кеңешинин жетекчилиги, Венеция комиссиясы, Адам укуктары боюнча соттор менен жолугуп жатабыз. Баш кеңсеси Брюсселде жайгашканы менен Европарламент Страсбургда ай сайын сессияларды өткөрүп турушат. Ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, көптөгөн депутаттар, фракциялар, топтор менен көрүшүп жатабыз. Бир аздан соң Адам укуктары боюнча кичи комитет менен сүйлөшүүлөрүбүз бар. Негизинен өлкөдөгү соңку абалды, социалдык-экономикалык өнүгүү, элге көрсөтүлүп жаткан кызмат, реформалар тууралуу маалымат берип жатабыз. Биздин мамлекеттик кирешенин үч эсеге өскөнү - бул коррупцияга каршы оозеки эмес, иш жүзүндө жүргөн күрөштүн үзүрү. Президент Садыр Жапаров өзү да уурдабай, башкаларга да уурдатпай, мамлекеттик кирешени үч эсеге, ички дүң өнүмдү эки эсеге өстүрүп, акыркы үч жылда 9% экономикалык өнүгүү болуп жатат.

Мурдагы күнү Кожент шаарында болгон тарыхый окуя – Кыргызстан дипломатиялык, тынчтык жолу менен өзүнүн мамлекеттик чек араларын тактап алганын бул жакта кубаныч менен кабыл алып жатышат. Эртең баштала турган “Евробиримдик - Борбор Азия” саммити да чоң маанилүү окуя болуп жатат. Ушундан улам Европа өлкөлөрү менен кызматташуу мындан да күчөйт деген ойдобуз.

- Бир катар эл аралык уюмдар соңку жылдары Кыргызстанда демократия, адам укугу боюнча маселе курчуп жатканын белгилеп келишет. Жакында эле Freedom House уюму да Кыргызстанды бешинчи ирет эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кошту. Мындай эл аралык бааларга кыргыз өкмөтүнүн жообу, реакциясы кандай?

- Биздин башкы максатыбыз - элибиздин жашоо-турмушун оңдоо. Ошол бизге негизги критерий. Биздин эң негизги кожоюнубуз – улуу кыргыз эли жана ошондуктан алардын баасы бизге маанилүү. Өзүңүздөр да байкап жатасыздар, сырттан болгон рейтингдерди мурда каржылап келген өкмөт азыр баарын жоюп, “бул эч кандай туура эмес, адамзаттын турмушуна кереги жок” деп жатат. Бир да мамлекетти башкага салыштырууга болбойт. Ар биринин өзүнүн уникалдуу, суверендүү мамлекети, орду, көздөгөн максаттары бар. Ошондуктан биз андай рейтингдерге терикпейбиз. Бизде кандайдыр бир мүчүлүштүктөр болуп жатса, ал жакырчылык маселеси. Кудай буюрса, президентибиздин көздөгөн амбициялуу пландары боюнча келерки 10-15 жылдын ичинде 4-5 эсе жакшыраак жашасак, бардык көйгөйлөрдү чечүүгө шарт түзүлөт.

- Расмий Бишкектин ою боюнча адам укугу жаатында айтылган сын-дооматтар олуттуу эмеспи?

- Олуттуу. Биз ийри отуруп, түз кеңешип жатабыз. Ошол эле камоолор, сот тарабынан түшүнбөстүкпү же сын-пикирлерге карата чыккан чечимди алсак. Мурдагы күнү эле Париждеги чечимди, Румыния, Венгрия, ошол эле АКШдагыны карагыла. Бул күнүмдүк жашоо. Ар мамлекеттин өзүнүн өнүгүү этаптары болот. Бизди кызыктырган негизги адам укуктары социалдык-экономикалык укуктар. Саясий эркиндиктер деп жүрүп 30 жыл бою туңгуюк жолго барып калбадыкпы. Сөз эркиндиги жана башка конституциялык эркиндиктер бизге аба-суудай керек, бул биздин ДНКбыз, бул биздин баш мыйзамыбызда жазылган. Бирок биз жанагындай сындарга терикпейбиз. Баарын убакыт көрсөтүп коёт. Биздин жолубуз түз, ниетибиз таза.

- Европа биримдиги, эл аралык адам укугу боюнча уюмдар жолугушууларда өлкөдөгү демократияга каршы келген делген иш-аракеттер боюнча маселе көтөрүп жатабы? Ага кыргыз бийлиги канчалык ынанып, кайсы пикирлер менен макул болот?

- Ар бир мамлекетке ар кандай мүчүлүштүктөр боюнча суроолор берилет. Биз өзүбүздү демократия жолунда адашып калгандай көрбөгүлө. Кыргызстанга эң аз сын-доомат айтылып жатат. Кандай болгон чакта да аймакта Кыргызстан эң демократиялуу, шайлоолору таза, бийлик элдин мүдөөсүн аткарган бийлик катары кала беребиз.

- Соңку учурда социалдык тармактардагы пикири үчүн жоопко тартылган, суракка алынган, камалган учурлар да Кыргызстандагы адам укугу боюнча маселени утур-утур күн тартибине чыгарып жатат. Сын-пикирлерге карабай, мындай көрүнүштөр уланып жатат. Эркин журналист Канышай Мамыркулованын камакка алынышы да буга бир далил катары келтирилүүдө. Бул маселени БУУнун адам укуктары боюнча комиссары Фолкер Түрк да Бишкектеги сапарында белгиледи. Пикири үчүн камоолор, соттошуулар, суракка алууларга кандай түшүндүрмө бересиз?

- Пикир деген пикир. Аны мурда өз алдынча отурганда ашканада айтып койчусуң. Кээ бир пикирден, ойлонулбаган сөздөн чоң от чыгып, мамлекетке зыян келиши мүмкүн. Биздин башыбыздан өткөндөй, этностук араздашуу, биримдик, ынтымакка, башка өлкөлөр менен мамилебизге кыянаттык кылгандарга мурда эле айтылган. Мындай маселелерде ойноп сүйлөсөңөр да ойлонуп сүйлөгүлө. Канышай Мамыркулованын окуясы дагы башкаларга сабак. Аны дагы жазалоо маселеси эмес. Эжесин көрүп, инилерине, сиңдилерине сабак болсун. Ашканадагы кеп башка, социалдык тармакта 7-8 миллиард элге сүйлөгөн өтө опурталдуу. Мындай аракетке мамлекет каршылыгын көрсөтөт. Муну сөз эркиндиги менен алмаштырып албоо керек. Бул “коомдук кастыкты күчөтүү” жана буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинде жазасы да көрсөтүлгөн.

- Демократияга, адам укугуна коркунуч катары мүнөздөлгөн бир катар мыйзамдар да болду. “Чет элдик өкүл” мыйзамы, мазактоо үчүн айып салганга жол ачкан мыйзамдарын алсак болот. Эл аралык уюмдар да ушул маселе боюнча кыргыз бийлигине бир катар эскертүү, кайрылууларды берген. Бишкек мындай тынчсызданууларга канчалык кулак салып жатат?

- Ошол эле “Чет элдик өкүл” жөнүндө мыйзам каралып жатканда кандай гана ызы-чуу болуп, салыштырып, “жарандык коомдун баарын камайт, жабат” деп чыгышкан. Азыр эч нерсе өзгөнгөн жок. Ошол тизмени карасаңар, болгону беш уюм каттоого туруптур. Дагы бир жолу кайталайм. Демократия биздин өзүбүзгө керек, кайдагы бир акылдуусунган эксперттер үчүн демократияны сактабайбыз, өзүбүз үчүн зарыл.

Азыр кырдаал такыр өзгөрдү. 1990-2000-жылдардагы кырдаал азыр жок. Европада, АКШда кандай гана мыйзамдар кабыл алынып жатат. Ошол эле Англияда социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн 3 миңдей киши камалып жатат, башка өлкөдө сот тарабынан оппозиция жетекчисин камап, шайлоого чыгарбай жатышат. Адам укуктары болобу, башка мамлекеттик өнүгүү болобу, биздин жүзүбүз жарык. Бизди Страсбургда бизди түшүнүү менен кабыл алып, мактаганга чейин барып жатышат.

- Cиз Страсбургдагы Венеция комиссиясынын жетекчилиги менен жолугушууңуз тууралуу айтып өттүңүз жана "бейөкмөт уюмдар тууралуу болобу, сөз эркиндиги тууралуу болобу, кайсы бир башка маселелер боюнча болобу, эксперттердин пикирлери эске алынып жатканын" билдирдиңиз. Сиз жолуккан Венеция комиссиясы Кыргызстандагы "Чет элдик өкүл жөнүндө2 мыйзамды артка кайтарууга чакырган болчу. Кыргыз бийлиги бул чакырыкты эске алабы? Бул чакырыктын аткарылышы канчалык реалдуу?

- Бул чакырык боюнча биз түшүндүрмө берип, алар ынанышты. Башында мыйзам кабыл алынса, бардык бейөкмөт уюмдар жабылып калат деп ойлошкон. Эч ким жабылган жок. Ошондуктан ал мыйзам кандай аткарылганын көрүп, кубанышты. “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзаМ боюнча алардын экспертизасы эске алынган. Президент былтыр май айында долбоорду чакыртып алып, жаңы редакциялык топ өздөрү каалагандай жазышты. Ошол мыйзамды үтүр-чекитине чейин өзгөртүүсүз парламентке киргиздик.


Шерине

XS
SM
MD
LG