Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:18

Мунир Сатури: Президентке камоолор жана адам укуктары боюнча тынчсыздануубузду ачык айттык


Садыр Жапаров жана Мунир Сатури. Бишкек. 26-февраль, 2025-жыл.
Садыр Жапаров жана Мунир Сатури. Бишкек. 26-февраль, 2025-жыл.

Европа парламентинин Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган делегация Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, жергиликтүү депутаттар, чет мамлекеттердин элчилери, укук коргоочулар, журналисттер менен жолукту.

26-февралда мамлекет башчы менен кездешүүдө Мунир Сатури Кыргызстандагы адам укуктары, "Социал-демократтар" партиясынын лидери, камактагы Темирлан Султанбековдун абалы жана башка маселелерди козгоду. Европарламент бул боюнча былтыр атайын резолюция да кабыл алган.

Мунир Сатури "Азаттыкка" маек куруп, Кыргызстан адам укуктарын сактоодо артка кадам таштаганын белгилеп, кыргыз өкмөтүн мыйзам үстөмдүүлүгүн сактоого жана Евробиримдик менен келишимдердин принциптерин урматтоого чакырды.

- Мына, сиз жетектеген делегация президент Садыр Жапаров баштаган Кыргызстандын расмий өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына жана "Социал-демократтар" партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековдун ишине байланыштуу сүйлөшүп чыктыңыздар. Кездешүүнүн видеосун маалымат каражаттарынан да бир сыйра көрдүк. Сиздер анда так кандай маселелерди койдуңуздар? Кыргыз тараптын жүйөлөрүн кандай кабыл алдыңыздар? Президенттин кеби сиздерди ынандырдыбы?

- Биринчиден, башында биздин миссиябызды тааныштыра кетүүгө уруксат этиңиз. Биз Европарламенттин адам укуктары боюнча кичи комитетибиз, же Европарламенттин беш мүчөсүнөн турган делегациябыз. Кичи комитеттин миссиясы – Европа Биримдигинин бардык тышкы мамилелеринде адам укуктарын, мыйзамдын үстөмдүгүн жана басма сөз эркиндигин камсыздоону көзөмөлдөө. Бул миссияны бизге шайлоочулар ишенип тапшырган.

Европарламентте ички иштерге жооптуу дагы бир комитет бар, биздин комитет тышкы иштерге жооптуу. Башкача айтканда, биз өнөктөш өлкөлөргө байкоо салабыз. Бул мониторинг абдан маанилүү учурда болуп жатат. Дегеним, бир нече айдан кийин Евробиримдик менен Кыргызстан өнөктөштүк тууралуу келишимдин кеңейтилген вариантына кол коет. Европарламент ошонун алкагында өз пикирин билдириши кажет. Ошол себептүү, биз, жеринде кырдаалга баа берип, мониторинг жүргүзүү үчүн так ошол отчеттун алдында ушул миссияны уюштурдук.

Албетте, Европарламентте биз Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга көз салып турабыз, эл аралык отчетторду окуйбуз. Европада жайгашкан же ушул эле чөлкөмдө адам укуктарынын абалына көз салган ар кандай бейөкмөт уюмдарды угабыз. Бул биз Кыргызстандагы кырдаал тууралуу толук кабардарбыз дегенди билдирет. Бирок өлкөгө келип, өзүбүз көргөн башкача болот.

Биз сапарыбызды европалык делегация менен жолугушуудан баштадык, алар бизге кырдаалды кеңири баяндап беришти. Андан кийин ар кайсы өлкөлөрдүн, айталы, Франциянын, Германиянын жана Венгриянын элчилери менен жолуктук. Анан жарандык коомдун өкүлдөрү менен кездештик. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги өкмөт өкүлдөрү менен жолугуштук. Брюсселден жөнөгөнүбүздө президент биз менен жолугушууга даяр экенин билген эмеспиз. Жогорку даражалуу өкүлдөр менен жолугушуу биз үчүн абдан жакшы жаңылык болду.

Садыр Жапаровдун жана Мунир Сатури баштаган делегациянын жолугушуусу.
Садыр Жапаровдун жана Мунир Сатури баштаган делегациянын жолугушуусу.

Биздин жолугушуу 30 мүнөткө созулушу керек эле. Ал эки саатка созулуп, абдан түз пикир алмашуу болду. Суроолорубузду бердик. Биз айрыкча өзүбүз “жарандык мейкиндикти тарытып жатат” деп эсептеген нерселер жөнүндө тынчсызданууларыбызды айттык. Ошондой эле мыйзам актыларына, анын ичинде чет элдик өкүлдөр жөнүндөгү мыйзамга байланыштуу камтамачылыктарыбызды билдирдик.

Европарламент адам укуктарына байланыштуу дүйнөдөгү кырдаал боюнча резолюцияларды туруктуу негизде кабыл алып турарын билесиз. Өткөн жылы биздин резолюциябыз Кыргызстанга багытталган. Анда өлкөдөгү адам укуктарынын начарлашына байланыштуу биздин тынчсызданууларыбыз чагылдырылган.

Мындан сырткары биз "Социал-демократтардын" маселесине кайрылып, бир топ нерселерди козгодук. Президент менен болгон жолугушуу бизге президенттин өзүнө, Кыргызстандын ички иштер министрине суроолорубузду берүүгө, айрым жоопторду алууга мүмкүнчүлүк берди.

Сиздердин өлкө чөлкөмдө абдан маанилүү жерде жайгашкан. Силер, коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу демократиялык жолдосуңар. Бирок акыркы кездери бизде кандайдыр бир кооптонуулар жаралды. Кыргызстан менен мамилебизди тереңдетүү чечимин кабыл алардан мурда адам укуктарын урматтоо, медиа эркиндигин жана мыйзам үстөмдүгүн урматтоо Европа Биримдиги жана өнөктөш өлкөлөр үчүн милдеттүү компоненттер болуп саналарын түшүнүп алуубуз кажет. Президент менен сүйлөшкөндө биз мына ушуну ачык айттык. Жарандык коом негизги ролду аткара алышы керек – бул биздин мамилебизди жеңилдетет жана жакшыртат.

Мына ушундан улам "Социал-демократтар" партиясынын лидерине каршы иш же бейөкмөт уюмдардын абалы, мыйзам үстөмдүгүнүн алкагында жана ар кандай институттарды урматтоо менен каралышы шарт. Ошондо гана биз алдыга жыла алабыз.

Ачык сүйлөшүү абдан маанилүү болчу. Биз лидерлердин ар кандай аргументтерин уктук, алар биздин аргументтерди угушту.

Келечекте жалпы баалуулуктарга негизделген мамилебизди тереңдетебиз десек Европадагы жана Кыргызстандагы лидерлердин ортосунда саясий эрк болушу керек. Адам укуктары, мыйзам үстөмдүгү, сот системасынын көз карандысыздыгы жана медианын эркиндиги бул өнөктөштүктүн чордонунда болушу шарт.

Мен саясий лидерлерге, жарандык коом өкүлдөрүнө жана Кыргызстандын жарандарына айткым келет: Биз Европанын, ошондой эле Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн чогуу алга жылышыбыз керек. Адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарды сыйлоо эки тараптын тең милдети болушу абзел. Анткени Европада да, кээ бир мүчө мамлекеттерде да көйгөйлөр болушу мүмкүн экенин унутпайлы. Бул баалуулуктарды сактоо өз ара карым-катнаштын пайдубалы болуп саналат.

- Кечиресиз, суроомдун соңку бөлүгүн кайталап коёюн... Ошондо президенттин жообу сиздерди ынандырдыбы?

- Бизди көңүл буруунун сапаты канааттандырды. Парламенттик дипломатия Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелер үчүн маанилүү экенин билебиз. Мына ошонун алкагында менин миссиямдын максаты так жооп алуу эмес, негизгиси кабарды жеткирүү болчу. Чынын айтсам, менин үнүм жеткендей сезилди. Биздин жүйөлөр угулду. Президент бул жүйөлөргө көңүл бурду. Бул пикир алмашуу келечекте эки тарап үчүн тең жемиштүү болот деп ишенем.

- Былтыр жыл соңунда Европа парламенти Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына байланыштуу резолюция кабыл алгансыздар. Анда Кыргызстан демократия жолунан тайганы айтылган. Анда ошол эле Темирлан Султанбековдун “күмөндүү жүйө менен” кармалганы мисал катары келтирилген. Султанбековдун ишинин деталдары менен жеринен таанышууга мүмкүнчүлүк болдубу? Ал эмне болгон күмөндүү жагдайлар экен?

- Ооба, туура айтасыз, өткөн жылдын декабрь айында Европарламент кабыл алган резолюцияда Кыргызстанда адам укуктарынын начарлашы жана Султанбековдун иши боюнча айыптоо келтирилген. Чечимди Европарламент көпчүлүк добуш менен жактырган. Анда бир катар кооптонуулар белгиленип, кээ бир өтүнүчтөр келтирилди. Мен Кыргызстандын жетекчилигинен бул өтүнүчтөрдү карап чыгууну сурандым.

Түпкүлүгүндө, Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы кырдаалга баа берүү максатын көздөгөн бул шашылыш резолюциялар биздин мерчемде жок болчу.

Биз Кыргызстандын адам укуктары боюнча жетишкендиктери менен сыймыктанып келгенбиз. Сиздер эгемендикти алгандан бери адам укуктарын коргоодо чындап эле оң жылыштарга жетишкенсиздер. Бирок кайра артка кадам таштадыңар. Кээ бир нерселер туура эмес болуп калды.

Мунир Сатури баштаган делегациянын Садыр Жапаров менен жолугушуусу.
Мунир Сатури баштаган делегациянын Садыр Жапаров менен жолугушуусу.

Биз саясий лидерлердин “туруктуулук керек” деп айткандарын толук түшүнөбүз, бирок биздин көз карашыбызда мыйзамдын үстөмдүгү жана адам укуктары туруктуулукка кедерги болбойт. Биз Кыргызстанда демократиянын келечеги бар деп ишенебиз жана мен дайым эле өнөктөш өлкөнүн өкүлдөрү менен жолугуп турам. Мени так ушул учурда эмне болуп жатканы эмес, биз жетишкен прогресс кызыктырат. Багытыбыз маанилүү. Эң негизгиси – Кыргызстандын илгерилөөсү. Мен мында жалпы прогресс жөнүндө айтып жатам. Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүн жакшыртып, бийликти жакшыраак бөлүштүрүү үчүн, демократиянын өнүгүшүнө карай оң натыйжаларга жетишүү үчүн сиздерде зарыл болгон нерселердин баары бар деп ишенем.

Султанбековдун иши боюнча айтсам, соттук териштирүү маалында анын укуктары сакталып жатканына ишенгибиз келет. Соттун адилет жана ачык болушун каалайбыз. Биздин оюбузча, бул процессти жашыруун кылуу чечими туура эмес. Ишти жашыруун кароо мыйзам үстөмдүгүнө туура келбейт. Ачык-айкындуулукту урматтоо керек жана соттук териштирүү адилеттүү жүрүшү шарт.

Биз мындан сырткары аны күнөөсү далилденгенге чейин камакка алууга жана тергөө камагынын узактыгына кабатырланып жатабыз. Султанбеков соттук териштирүүсүз эле бир нече айдан бери камакта отурат. Мына ушул нерсени айтканыбызда юстиция министри ага макул болуп, тергөө камагынын мөөнөтүн кыскартууга аракет кылып жатканын билдирди. Дайыма альтернативдүү варианттар бар. Султанбековдун коргонуу укугун урматтоо менен же жеке ден соолугуна байланыштуу бул сот процессин тез арада өткөрүү керек. Же процесс жүрүп жаткан маалда аны абактан бошотуп турушса болмок.

- Европа парламентинин резолюциясында кыргыз өкмөтүнүн эркин медианы, саясий оппозицияны куугунтуктоосуна, журналисттердин, блогерлердин жана жарандык активисттердин камалышына камтамачылык айтылган. Резолюцияда "Клооп", "Темиров Live", "Айт, айт десе" жана "Азаттык" өңдүү көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары куугунтукка кабылып жатканы белгиленип, жапырт кармалган журналисттерден айыптарды алуу зарылдыгы айтылган. Журналисттердин иши боюнча Жогорку сот баштапкы инстанциялардын өкүмүн өзгөртпөй, аларды абакта калтырды. Муну кандай кабыл алдыңыздар?

- Ооба, бул мени абдан кайгыртты. Сиздердин аудиторияңыз үчүн ачык айткым келет: журналисттер эч качан камалбашы керек. Камак алар үчүн ылайыктуу жер эмес.

Сиз саясий көз карашыңыздан улам кайсы бир журналистти жактырбашыңыз мүмкүн, же сизди журналисттер сындашы мүмкүн. Сиз сын “мыйзамдуу эмес” деп да ойлошуңуз мүмкүн, бирок бул демократиянын бир бөлүгү. Демократиялык контексттен алып караганда эркин медиа төртүнчү бийлик болуп саналат.

Мен макул болбошум мүмкүн, берилген суроолорду жактырбашым мүмкүн, же журналисттердин айтканына жиним келиши ыктымал, суроонун өзүн сындашым мүмкүн, бирок журналисттердин эркиндигин сыйлашым керек. Мыйзамдуулук деген мына ушунда. Эгер бул интервьюну кыргыз лидерлери көрүп калышса, ачык эле айтып коёюн –темир тор арты журналисттин орду эмес.

- Резолюцияда Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы Кызматташтык жана өнөктөштүк тууралуу келишимдин алкагында демократиялык стандарттарды, жарандын эркиндигин урматтоого чакырык жасалган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги болсо Еврошаркеттин дооматтарын четке кагып, бул резолюцияны өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттаган. Президент Садыр Жапаров да Европарламенттин резолюциясын “колунда далилдер жок туруп чыгарылган чечим” деп мүнөздөгөн. Бишкектеги окуялар тууралуу сиздердин билдирүүлөр Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү эмеспи?

- Мен буга чейин сөз эркиндиги жөнүндө айтып, ал ыйык нерсе экендигин белгилей кеттим. Сөз эркиндиги ыйык. Европарламент резолюция үчүн добуш берди. Тышкы иштер министрлиги ага макул болбошу мүмкүн жана ал өз пикирин айтууга укуктуу. Менде бул боюнча маселе жок.

Республиканын президенти макул болбой, “силер жаңылып жатасыңар” деп айтууга да укуктуу. Бул нормалдуу. Сөз эркиндиги деген мына ушул. Сиз өз пикириңизди билдирүүгө укуктуусуз. Биздин миссия так ошол кызыкдар тараптар менен сүйлөшүү болчу жана сүйлөшүү ачык эмес болду деп эч ким айта албайт.

Биз республиканын президенти менен сүйлөштүк. Тышкы иштер министри менен, юстиция министри менен, Жогорку Кеңештин спикери, депутаттары менен дагы сүйлөштүк. Абдан түз жана ачык пикир алмашуу болду. Биз бири-бирибиз менен бирге алга жылууга даяр экендиктерибизди көрсөттүк.

Европарламенттин резолюциясы – Европа Биримдигинин эрежеси. Биздин мындан аркы келишим жарандык коом жана адам укуктары жаатында мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өтө олуттуу милдеттенмелерден түзүлүшү керек. Биздин келечегибиз, биздин өнөктөштүгүбүз үчүн бул чечүүчү роль ойной турган милдеттенме.

Ошондуктан, келгиле, бул жаңы баракты чогуу ачалы. Келгиле, бул жаңы бөлүмгө ачык айтып, ак сүйлөп кирели жана бири-бирибизге ишенели. Бул менин Кыргызстандын лидерлерине жасалган негизги билдирүүм.

- Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосунда кызматташтык боюнча кеңейтилген келишим иштелип чыгып, ага былтыр кол коюлган. Сиз кечээ да өз сөзүңүздө бул документ жакын арада каралышы мүмкүн экенин, анда соңку кырдаал да эске алынарын белгиледиңиз. Бул документти кароодо акыркы жагдайлар кандайча эске алынат?

- Бул деген Европарламент Кыргызстан менен болгон кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантат дегенди билдирет. Биз андан кийин гана Кыргызстан боюнча отчеттун долбоорун даярдайбыз жана Адам укуктары боюнча кичи комитет Европа парламентинин курамында өз ролун аткарат. Мен бир гана нерсени тилеп жатам – Кыргызстанга кайтып келип, ортобузда жаралган пикир келишпестиктер чечилип калганын жана Кыргызстан менен Евробиримдик мен айткан баалуулуктарды жана принциптерди сактоо менен бирге турганын көргүм келет.

Кыргызстан кичинекей мамлекет – мында көптөгөн маселелер, анын ичинде геостратегиялык көйгөйлөр бар. Мисалы, энергия булактарына жана тышкы күчтөргө болгон көз карандылыктан арылуу маселеси. Ошондой эле билим берүү тармагында, транспорт тармагында чоң көйгөйлөр бар жана абал анча туруктуу эмес.

Эгер сиз Европа Биримдиги өнөктөштүктү, көз карандысыздыкты чыңдоого, энергетика, билим берүү жана башка тармактардагы диверсификациялоого жардам берет деп ойлосоңуз, эгерде сиз бул өнөктөштүк пайдалуу болушу мүмкүн деп ойлосоңуз, анда адам укуктары жана демократия принциптери негизги баалуулуктар экенин билишиңиз керек. Мен ошону гана каалайм. Мен биздин келишим жаңыланышын каалайм, бирок ал так принциптерди урматтоо менен гана жүрүшү керек.

- Адам укуктарынан, мыйзам үстөмдүгүнөн тышкары кеңейтилген келишимде Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы саясий диалогду, экономикалык, инвестициялык жана соода алаканы да тереңдетүү маселелери каралган. Кыргызстан, деги эле Борбор Азия Кытай менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык мааниси бар чөлкөм экени белгилүү. Мындай шартта ЕБ чөлкөм менен, Кыргызстан менен алакасын кандай көргүсү келет? Эмнеге басым жасагысы келет?

- Буга чейинки суроого жооп берип жатып мен бул сурооңузга да жооп бердим деп ойлойм. Мында бир эле нерсе – эки тарапка тең пайдалуу мамиле керек. Бул үчүн реалдуу потенциал бар.

Европа Биримдиги сизге Европа базарына оңой жетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Биз сиздин Орусиядан жана Кытайдан көз карандысыз болушуңузга жардам бере ала турган өнөктөш боло алабыз. Биз сизге стратегиялык ролду ойноого көмөктөшө алабыз. Борбор Азияда биз менен мындай кеңейтилген өнөктөштүккө даяр туруктуу өнөктөштөр көп эмес. Демек, бул соода-экономикалык жагынан, маданият жагынан эки тарапка тең пайдалуу келишим болуп калмакчы.

Кыргызстандык студенттер келечекте Евробиримдиктин ар кайсы өлкөлөрүндө билим алышы мүмкүн. Бизде туризм боюнча да кызматташтык потенциалыбыз бар, бул жаатта сиздерде байлыгыңыздар жетиштүү. Эгерде сиз туризм саясатын иштеп чыгууну кааласаңыз жана ал айлана-чөйрөнү сактап калгыдай болсо, өлкөгө көбүрөөк каржы ресурстарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берсе, бул Европа Биримдиги үчүн кызыктуу болот. Анткени Кыргызстан европалык жарандар үчүн да абдан жагымдуу жер.

Мен Европа Биримдиги курган өнөктөштүк Европа Биримдиги үчүн гана пайдалуу болушу керек деп эсептегендердин бири эмесмин. Мен дүйнө жаранымын. Бардык өнөктөштүк мамиле эки тарапка тең пайдалуу болушун каалайм. Биздин мамиле Евробиримдик үчүн пайдалуу болушу шарт, бирок Кыргызстан үчүн да пайдалуу болушу керек.

- Мунир мырза, бизге убактыңызды бөлүп, маек куруп бергениңиз үчүн дагы бир жолу ыраазылык билдиребиз.

- Сиздердин чакыруу үчүн да рахмат. Менден интервью алганыңыз көз карандысыз медианы колдоп жатканыңызды айгинелеп турат деп ойлойм. Бардык өлкөлөр көз карандысыз маалымат каражаттарына муктаж деп эсептейм. Ал нерсе жолтоо эмес, байлык.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG