Пакистандын борбору Исламабадда 11-ноябрда болгон жардыруудан кеминде 11 адамдын өмүрү кыйылды, ондон көп адам жаракат алды. Бул тууралуу коопсуздук кызматкерлерине таянып "Ассошиэйтед пресс" агенттиги жазды.
Маалыматтарга караганда, жардыруучу зат райондук соттун имаратынын жанында токтоп турган автоунаага коюлган. Окуя болгон маалда соттун алдында жүздөгөн адамдар бар эле.
Жардыруу үчүн азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек.
Шейшемби эртең менен Пакистан коопсуздук күчтөрү түнкүсүн армияга караштуу коллеждин окуучуларын барымтага алуу аракетин алдын алганын билдиришкен.
Кол салуу түнкүсүн Вана шаарындагы (Хайбер-Пахтунхва провинциясы, Ооганстан менен чек арага жакын) кадеттер коллежинде болгон. Бул аймак буга чейин пакистандык "Талибан", "Аль-Каида" сыяктуу террордук топтордун очогу болуп келген. Окуу жайдын аймагындагы атышуулар таңга чейин уланган.
Пакистандагы "Талибан" уюму бул чабуулга катышы жок экенин билдирди.
2014-жылы Пешавар шаарындагы армияга караштуу мектепке болгон чабуулда талибдер 154 адамды жок кылышкан. Алардын көбү окуучулар болгон. Коопсуздук күчтөрүнүн айтымында, жоочулар дүйшөмбүдө дал ошол 2014-жылдагы окуяны кайталоону көздөшкөн.
Соңку айларда Пакистан менен Ооганстандын ортосунда чыңалуу күчөдү. Кабул 9-октябрдагы дрон чабуулдары үчүн Исламабадды айыптап, анда бир нече адам каза болгонун билдирип, өч алууга убада берген.
Андан кийинки чек арадагы кагылыштарда ондогон аскерлер, жарандар жана жоочулар набыт болгон. 19-октябрда Катардын ортомчулугу менен тараптар ок атышууну токтотууну макулдашкан.
Шерине