Самарканд калаасындагы Евробиримдик менен Борбор Азиянын жогорку деңгээлдеги алгачкы жыйынында инфраструктурага инвестиция салуу жагдайы караштырылат. Жыйындын "Азаттыктын" колуна тийген документинде ушундай айтылган. Бул аркылуу Брюссел аймак менен байланышын чыңдоого умтулуп жаткандай.
"Азыркы ааламдык жана аймактык геосаясий ландшафтка ылайык, ынтымакты арттырууга ниет кылган Европа Биримдиги менен Борбор Азия ортосундагы карым-катышты стратегиялык деңгээлге көтөрүүнү көздөп турабыз", - деп жазылган 3-4-апрелдеги саммит соңунда кол коюла турган декларация долбоорунда.
Европа Биримдиги менен Борбор Азия ортосунда алаканы чыңоо суу ресурстары менен табигый байлыкты башкаруу, санарип байланыш жаатында карым-катнашты арттырууга көңүл бурушу мүмкүн.
Долбоордун мазмунуна ылайык, 27 өлкөдөн турган блок соода жана инвестицияга көңүл бөлүү менен Борбор Азияга "Аалам каалгасы" (Global Gateway) планы алкагында бул аймакка сунушталган долбоорлорду интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн караштырат.
"Аалам каалгасы" Европа Биримдиги 2021-жылы сунуштаган, кээде Кытайдын "Бир алкак–бир жол" демилгесине альтернатива катары каралып келген инфраструктуралык план.
"Аалам каалгасынын" башкы таянычы – Борбор Азиядагы Транскаспий транспорт коридору ("Орток коридор" деген ат менен белгилүү). Бул Орусияны айланып өтүп, Борбор Азия менен Кавказ аркылуу Европа жана Кытайды байланыштырган, узундугу 6500 км соода маршруту.
Саммит Евробиримдик үчүн чечүүчү жыйын катары саналат, анткени Орусия Украинага басып киргени Борбор Азиядагы геосаясий тең салмактуулук бузулду, Кытайдын экономикалык экспансиясынын натыйжасында аймак Бээжинге ыктап, коюн-колтук алыша баштады.
Бирок, серепчилердин айтымында, Евробиримдиктин чөлкөмгө кызыгуусунан күмөн санагандар да жок эмес.
"Борбор Азия Евробиримдик менен көбүрөөк ымала түзүүнү каалайт, бирок чөлкөм башчылары көп деле нерсе күтпөйт", - деди Карнеги Евразия континентинин илимий кызматкери Темур Умаров.
"Евробиримдик ушул күнгө чейин "Европа үчүнчү оюнчу болуп, Борбор Азияга Кытай менен Орусияга көп таянбаганга жардам берет" деп ойлоого негиз болгудай каражат бере элек", - дейт серепчи.
Евробиримдик Борбор Азия менен байланышын эмнеге чыңагысы келет?
2023-жылдан бери Батыш өлкөлөрүнүн башчылары Украинада согуш башталганда пайда болгон экономикалык жана саясий боштукту пайдаланып, Борбор Азияга мамлекеттик сапарлардын санын арттырды.
Москва менен тыгыз карым-катнашты сактап отурганы менен Борбор Азия өлкөлөрү башкалар менен да алакасын арттырууга тырыша баштады.
Көмүртек ресурстары менен маанилүү чийки зат кендерине өтө бай аймактын бири саналган Борбор Азия жаңы шериктештерди таап, мурдагылар менен карым-катышты бекемдөөгө көңүл бурууда.
Натыйжада Брюссел дагы, Франция, Германия сыяктуу айрым өлкөлөр өзүнчө дагы аймак менен дипломатияны чыңоого маани берүүдө. Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Жакынкы Чыгыштын башка элдери да аттын башын бурууда.
Бирок бул жагынан Кытай баарынан озду. Кытай өзүн Борбор Азияга негизги соода өнөктөшү жана инвестор катары көргөзө алды. 2024-жылы Кытай лидери Си Цзинпин чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн президенттери менен өз саммитин өткөрдү.
Борбор Азия менен Кытай ортосундагы соода жүгүртүү жыл санап өсүүдө. 2024-жылы ал рекорддук деңгээлге - 94,8 миллиард долларга жетти. Анткен менен 27 өлкөдөн турган Евробиримдик аймактагы эң ири инвестор бойдон калууда.
Евробиримдик менен Борбор Азиянын беш эли 2023-жылы карым-катнашты чыңай турган "жол картасына" кол койгон. Ага удаа 2024-жылы инвесторлор форуму өтүп, анда Евробиримдик "Орток коридор" соода маршрутуна 10 млрд евро бөлүүгө убада берди.
"Аалам каалгасы" Кытай менен атаандаша алабы?
Евробиримдик энергетика булактарын ташуу, маанилүү кен байлыктарга жетүү жана аймак менен алакасын чыңдап, аны Москвадан көз каранды эмес кылуу өңдүү себептер менен Борбор Азияга кызыгып келди.
Мында "Орток өтмөктү" өнүктүрүү жана "Аалам каалгасын" көбүрөөк таанытуу орчундуу роль ойнойт.
"Евробиримдик Борбор Азия менен шериктештик маселесиндеги башкы жүйөлөрдүн бири – чөлкөмдүн өзү менен жана аймак аркылуу байланыш орнотуу аракети. Борбор Азия өлкөлөрү "Аалам каалгасы" долбоорунун пайдасын көрүшү керек, бирок чыныгы долбоорлор жай ишке ашып, байкалбай жатат", - дейт Европадагы эл аралык байланыштар борборунун программалык жетекчиси Мари Дюмулен.
Украинада согуш башталганы "Орток өтмөккө" жаңы инвестициялар келди. Чек ара көйгөйү да, чыгымы да көп болгондуктан узак убакыт бою көңүлдөн тыш калып келген автоунаа, темир жол жана деңиз аркылуу жүк ташуу артты.
Анткен менен негизги порттордо тийиштүү инфраструктура жок болгондуктан өткөрүү мүмкүнчүлүгү аз, андыктан соода жолдорунун мүмкүндүгү чектелүү, кедергиси көп. Мына ошондуктан товарды Кытайдан Орусиянын аймагы аркылуу Европага ташый турган салттуу "Түндүк өтмөккө" толук альтернатива боло албай турат.
Самаркандда өтө турган Евробиримдик – Борбор Азия саммити бул демилгеге жаңы дем берет деген үмүт бар.
Sinification борборунун улук илимий кызматкери, "Аалам каалгасы" долбоору боюнча жаңы отчеттун автору Жейкоб Марделлдин айтымында, Евробиримдиктин инфратүзүм долбоору Брюсселге Борбор Азияга адал ниетин таанытып, көзгө басар жергиликтүү оюнчуга айланууга мүмкүндүк берет. Маселен, "Бир алкак–бир жол" долбоорунун аркасында Кытай да инвестор катары кулачын керип, кытай бизнеси үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жасай алды.
"Аалам каалгасын" "Бир алкак–бир жолго" түз жооп дегенге болбойт, бирок өнүгүүнү каржылоо ишинде тоңду эриткен бул долбоор аркасында өзгөргөн кырдаалга көнүшүү аракети десек болот", - деди Марделл "Азаттыкка" берген комментарийинде.
Макаланын автору Рид Стэндиш
Которгон Санжи Туйтунова