Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан чек ара тилкелеринде курал-жаракты колдонуу тартибин өзгөртүп жатканын билдирди.
Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы 11-ноябрда Оштун Чоң-Алай районунун Кара-Мык чек ара заставасында чек ара кызматкерлерине жаңы кызматтык батирлерди тапшыруу иш-чарасында айтты. Камчыбек Ташиев Кыргызстан бардык коңшу өлкөлөр менен чек арасын тактап бүткөнүн, мындан ары чек арада жаңжалдар болбойт деген үмүтү бар экенин кошумчалады.
“Мындан ары силердин колуңардагы оор курал-жарактар, оор техникалар колдонулбайт. Алардын баарын биз коңшулар менен сүйлөшүп, алып жатабыз. Силердин колдо жеңил гана курал-жарактар болот”, - деди ал.
Чоң-Алай районунун Кара-Мык чек ара тозотунда эки кабаттуу, 20 батирден турган турак жай комплекси курулуп, пайдаланууга берилди.
Кыргызстан төрт өлкө - Казакстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Кытай жана Казакстан менен чек ара сызыгы буга чейин эле толук такталып бүткөн.
Кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын президент Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке өзбек президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келгенде жарыялаган. Андан кийин чек араны демаркациялоо боюнча жумуштар жүрүп баштаган.
Эң талаштуу болуп келген кыргыз-тажик чек арасы быйыл чечилди. 2025-жылы 13-мартта Бишкекте президенттик администрациянын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.
Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон 31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан. Бул документ алмашуу менен чек араны тактоодогу делимитация процесси толук бүткөн. Азыр чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат. (BTo)
Шерине