Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Энергетика министри Ибраев мурдагы президент Атамбаевге жооп берди


Таалайбек Ибраев жана Алмазбек Атамбаев. Коллаж.
Таалайбек Ибраев жана Алмазбек Атамбаев. Коллаж.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстандын мурдагы президенти, чет өлкөдө жүргөн Алмазбек Атамбаевдин энергетика системасы тууралуу билдирүүсүнө жооп берди. “Кабар” улуттук маалымат агенттиги чыгарган маекте министр Кыргызстан 2010–2017-жылдары мезгил-мезгили менен Казакстан менен Тажикстандан 1 кВт/саат электр энергиясын орто эсеп менен беш сомдон сатып алып турганын айткан. Азыр өлкө 1 кВт/саат электр жарыгын 3 сомдон импорт кылып жатканын билдирген.

2017–2018-жылдары кар жана жаан көп жаагандыктан, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 19,6 млрд куб метрге чейин көбөйүп, өлкө эки кыш электр жарыгын сатып албаганын кошумчалады.

Таалайбек Ибраевдин сөзүнө караганда, 2019-жылдары Кыргызстан бир жылда 14 млрд 163 млн кВт/саат электр энергиясын керектеси, азыр жаңы мектептер, бала бакчалар, завод-фабрикалар, өндүрүш ишканалары ачылгандыктан керектөөнүн көлөмү 20 млрд кВт/саатка жетти.

“Чынында “Датка–Кемин” аба чубалгысынын курулушу Атамбаевдин убагында аяктаган, бул чын. Бирок ушул сыяктуу энергетикалык “CASA-1000” долбоорун биз быйыл ишке киргиздик. “CASA-1000” долбоорундагы чубалгынын 1 чакырымы 420 миң доллар болду. Салыштырып көрсөк: “Датка–Кемин” чубалгысынын 1 чакырымы 644 миң доллар турган. Айырма чоң. Ар бир чакырымынан 224 000 долларды түзөт. 405 чакырымга көбөйтсөк 90 миллион 720 мин доллар болот экен. Атамбаевдин убагында бул акча уурдалып кеткен”, - деген министр Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда өлкөдө бир да ГЭС курулбаганын айтты.

Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү энергетикалык кризис тууралуу президент Садыр Жапаровдун акыркы билдирүүсүнө жооп берген. Мурдагы мамлекет башчынын Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланган постто анын президенттик убагында ишке ашкан энергетикалык долбоорлор жана электр жарыгына байланыштуу Кыргызстандагы азыркы кырдаал тууралуу сөз болот.

Алмазбек Атамбаев анын бийлиги тушунда “Датка – Кемин” линиясы, “Датка” көмөк чордону ишке берилип бул проекттердин арты менен Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстанга транзит үчүн акча төлөбөй калганын жазган. 2012-жылы Токтогул гидроэлектрстанциясынын (ГЭС) гидроагрегаттарын реконструкция иштери башталып, Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кубаттуулугу 300 МВтка көбөйгөнүн кошумчалаган.

Алмазбек Атамбаев учурдагы бийликтин мурдагыларды каталары үчүн сындоого укугу бар экенин, бирок миңдеген адамдардын эмгегин жокко чыгарып, “биз келгенге чейин эч нерсе жасалган эмес” деп айтканы туура эместигин жазган. Ал саясатка аралашуу ниети жоктугун, бирок учурдагы бийликти энергетика жаатындагы чыныгы абалды көрсөткүсү келсе жарыкты импорт жана экспорт тууралуу сандарды ачыкка чыгарууга чакырган.

Президент Садыр Жапаров 9-ноябрда өлкөдөгү энергетикалык абалга токтолуп, дагы бир жолу калкты энергияны үнөмдөп, сарамжал колдонууга чакырган. Мамлекет башчы бул тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып, учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки миллиард куб метрге аз экенин билдирип, буга чейинки бийликтегилердин тушунда энергетикалык ири долбоорлор ишке ашпаганын айткан.

Садыр Жапаров энергетика тармагынын карызы 25 млрд сомго чейин азайганын, Кыргызстан кышкысын энергияны 3 сомдун тегерегинде импорттоп, элге 1 сом 37 тыйындан берип жатканын жазган. Мындан сырткары 2026-жылы 25 чакан ГЭС куруларын, энергетикадагы тартыштык убактылуу көйгөй экенин кошумчалаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда “Кой-Таш иши” боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Бишкектин шаардык сотунда 23-октябрда өкүмдү күчүндө калтырган.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Ал Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин сунуштап келет.

2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, УКМК офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG