Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:10

Евробиримдик–Борбор Азия саммити: Шаркеттин мүдөөсү, Бишкектин утушу


Коллаж
Коллаж

Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Европа Биримдиги–Борбор Азия саммитинин келечеги барбы? Чөлкөм, анын ичинде Кыргызстан андан кандай пайда көрүшү мүмкүн? Тышкы саясатта бул кызматташуу Кытайдын жана Орусиянын кызганычын ойготпойбу?

Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Евробиримдик–Борбор Азия саммитинде Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен “Аалам каалгасы” долбоорунун алкагында Борбор Азияга багытталган 12 миллиард евролук инвестициялык пакетти жарыялады:

"Прогрессти тездетүү максатында бүгүн мен "Аалам каалгасынын" Борбор Азия үчүн миллиарддаган еврого бааланган инвестициялык жаңы пакетин сыймыктануу менен жарыялайм. Бул пакет Евробиримдиктин жана ага мүчө мамлекеттердин инвестицияларынын башын бириктирет. Муну "Европа Тайпасынын" ыкмасы деп атайбыз. Бул жаңы долбоорлордун агымын ачат. Ошондой эле байыркы достугубуздун жаңы доору башталганын билдирет".

Расмий Брюссел мындай инвестициялык пакетин Кытайдын "Бир алкак–бир жол" долбоору чөлкөмдө тамырын жайган учурда жарыялап отурат.

Евробиримдик–Борбор Азия саммитти байыркы Жибек Жолунун боюндагы Самарканд шаарында өткөнү да жөн жеринен эмес. Бул шаар кылымдар бою Чыгыш менен Батышты байланыштырган соода жана маданий борбор саналып келген.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мындай жолугушуу чөлкөм үчүн ири бурулуш экенин белгиледи:

Самарканд саммити
Самарканд саммити

"7-8 жыл мурда эле азыркыдай кырдаалды элестетүү мүмкүн эмес эле. Чөлкөмдөгү айрым өлкөлөр ортосунда чек аралар жабык болчу. Соода, транзит жок, бизнес жана гуманитардык байланыштар да болгон эмес. Мамилелер толугу менен токтоп калган. Ошондо тез арада эле Европа лидерлери менен сүйлөшүүлөргө бирдиктүү аймак катары катышып каларыбыз эч кимдин оюна да келбесе керек".

Чөлкөм менен кызматташтык Евробиримдик үчүн да маанилүү болуп тургандай. Аналитиктердин баамында, Орусиянын Украинадагы согушу Борбор Азиядагы геосаясий кырдаалды өзгөрттү.

Жыйында Евробиримдиктин лидерлери аймактагы беш мамлекет менен транспорт, сейрек кездешүүчү металлдар, энергиянын таза булагы жана санарип байланыш жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Евробиримдик бул саммитке чейин эле Борбор Азиядагы эң ири чет элдик инвесторлордун бири болуп калган. "Франс-пресс" жазгандай, акыркы 10 жылда эле чөлкөмгө салынган түз инвестициялардын 40 пайызы Европа өлкөлөрүнө туура келет.

Талдоочулардын айтымында, шаркетте өзөктүк энергетика кайрадан актуалдуу болуп жаткан маалда уран кендерине кызыгуу артып турат. Мындан тышкары, титан, кобальт жана литий сыяктуу стратегиялык маанидеги металлдар да Европанын назарында.

Садыр Жапаров жана Урсула фон дер Ляйен.
Садыр Жапаров жана Урсула фон дер Ляйен.

Буга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстан сейрек кездешүүчү жана баалуу металлдардын кору көп экенин белгилеп, бул жаатта да кызматташса болорун айтты:

"Өнөктөштүктүн дагы бир келечектүү багыты — стратегиялык мааниге ээ чийки заттардын иштелип чыгышы. Кыргызстан сейрек жана баалуу металлдардын ири запастарына ээ. Бул багыттагы кызматташууну жандандырууну сунуштайбыз. Ал үчүн өзүнчө өнөктөштүк же "жол картасы" форматында иш жүргүзүүнү карасак болот. Бул тажрыйба буга чейин Европа Биримдиги менен биздин айрым коңшулардын (Казакстан, Өзбекстан) ортосунда ийгиликтүү колдонулуп келет".

Президент Жапаров акыркы төрт жылда Кыргызстандын Европа Биримдигинин өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 2,4 эсе, анын ичинде импорт 2,6 эсе, экспорт 1,5 эсе көбөйгөнүн билдирип, Европа мамлекеттерин Кыргызстандагы гидроэнергетика долбоорлоруна кошулууга чакырды.

“Камбар-Ата-1 ГЭСи флагмандык долбоору биздин пландарыбызда өзгөчө орунду ээлейт. Биз бул ири гидроэлектр станциясынын курулушун баштадык, анын долбоордук кубаттуулугу 1860 мВт жана жылына 5,6 миллиард кВт/саат иштеп чыгышы болжолдонууда. Аталган долбоор коңшуларыбыз Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте ишке ашырылып жатат”, - деди Жапаров.

Кытай менен Орусиянын реакциясы кандай болот?

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев дүйнөдө баалуулуктар алмашып жатканда Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясатта ар тараптуу алака куруу аракетин туура кадам катары баалады. Ал Евробиримдик менен Борбор Азиянын мамилеси бүгүн эле башталбаганын эске салууда.

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

“Кечээ эле саммит алдында тышкы иштер министрлеринин 19-жыйыны болуптур. Бул алаканын башталганына көп болду. Албетте, биз эки тараптын ортосунда саясий көз караштар, экономикалык өнүгүү жаатында айырмачылыктар барын тана албайбыз. Бирок азыр дүйнө дүрбөлөң түшүп, эл аралык байланыш, соода опурталдуу жагдайга кептелгенде эки тарапта тең мамилени бекем кармап, күчтөндүрүүгө кызыкчылык бар. Еврошаркеттин азыр Америка менен мамилеси олку-солку болуп турат. Кытай жана Орусия менен алакасы мурдатан эле жакшы эмес. Ошондой учурда Борбор Азияда жакын турган чоң өлкөлөрдүн экономикалык үстөмдүгү болуп кетпейби деген кооптонуу бар. Аны эске алып башка мамлекеттер менен алака түзүүгө аракет кылып келебиз. Азыр Европа менен өзүнчө, АКШ менен өзүнчө алака курганга мүмкүнчүлүк пайда болууда. Андыктан бул диалогдун келечеги кең, эки тарапка тең пайдалуу экенине ишенем”.

Айрым серепчилер Брюсселдин Борбор Азия боюнча Global Gateway же “Аалам каалгасы” стратегиясынын негизинде өтүп жаткан саммитти Кытайдын "Бир алкак–бир жол" демилгесине альтернатива катары да карап жатышат.

Самаркандда саммит өтөр алдында АКШ соода өнөктөштөрүнө жаңы тарифтер киргизиле турганын жарыялады. Эмилбек Жороев мындай шартта Кытай бул кызматташтыкка бут тоспойт деген пикирде:

“Кытай менен Орусиядан анчейин тоскоолдук болот деп ойлобойм. Кайсы бир деңгээлде алар деле кызыкдар. Азыр дүйнөдөгү ар кандай экономикалык күчтөрдүн жана аймактардын баш оорусу АКШнын жаңы тарифтери болуп жатат. Бул жерде Еврошаркет менен Кытайдын товарына бирдей тариф кирип жатат. Мен билгенден мурдатан эле Кытай менен Европанын ортосунда чоң көлөмдөгү соода болуп келет. Бизде курулуп жаткан темир жол деле Европа менен Кытайды байланыштырууга аракет. Менин билишимче, азыр ортолорунда дипломатиялык сүйлөшүүлөр болуп жатат. Бул саммит бүгүн эле башталган жок. Европа Биримдиги менен Борбор Азия ортосунда буга чейин эле кызматташуу болуп келген. Болгону азыр ал жаңы деңгээлге чыкканын көрүп жатабыз”.

"Европа Биримдиги Борбор Азияга үлгү болушу керек"

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев Евробиримдик менен кызматташуу авторитардык лидерлер башкарган Борбор Азияга акырындык менен оң таасирин берет деген ишенимде.

Анткен менен Борбор Азиядагы адам укуктарына байланыштуу маселелер саммиттин ачык бөлүгүндө көтөрүлгөн жок. Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар бул саммитте Евробиримдиктин лидерлерин чөлкөмдөгү укук бузууларга көңүл бурууга чакырышкан.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Евробиримдик мурдатан эле Борбор Азия өлкөлөрү менен өз-өзүнчө иштешип келгенин айтууда. Азыркы диалогдун арты менен чөлкөм биримдиктен интеграцияны үйрөнөт дейт серепчи.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

“Евробиримдиктен күчтүү интеграциялык бирикме жок. Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн баштап иштеп отуруп ушундай ийгиликке жеткен. Биз да мурда Борбор Азияда биримдик түзгөн элек. Аны чоң мамлекеттер бузуп коюшкан. Азыр ЕАЭБди дагы жөндөп иштете албай жатабыз. Бул жерден биз үйрөнө турган тажрыйба көп. Дүйнөдө жети күчтүү мамлекеттин үчөө Евробиримдиктин мүчөсү. Илим-билимдин, маданияттын башаты Европада. Жаштарыбыз ал жакта окуп жатат, жарандарыбызга барып иштегенге мүмкүнчүлүк берип жатышат. Биз эми алар демократия, адам укугу десе чалкадан түшпөй, түшүнүшүп иштешүүгө өтүшүбүз керек”.

"Борбор Азия чачырабай, бир болушу керек"

АКШ президенти Дональд Трамптын бийликке келиши менен эл аралык мамилелер жаңы сыноолорго кабылууда.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов мындай шартта Борбор Азия өлкөлөрү өз алдынча чачырабай, кызыкчылыгын биргеликте коргош керек деп эсептейт:

Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

“Батыш менен Чыгыш мурдагыдай араздашуу эмес, кызматташууга мезгил жетти. Антпесе, азыркы дүйнөдө болуп жаткан кризистерден, кыйынчылыктардан чыгып кетүү кыйын. Жалпысынан алсак, азыр баары аралашып калды. Кечээ эле демократиялуу деген мамлекеттер бүгүн авторитардык, күчкө салуу ыкмаларын пайдаланып жатат. Авторитардык деген мамлекеттер кайра бири-бири менен тил табышууга ыктай баштады. Самаркандда Еврошаркет менен Борбор Азиянын саммитин изденүү катары бааласак болот”.

Аликбек Жекшенкулов мурда дүйнөдө Борбор Азия мамлекеттерине өз-өзүнчө караган саясат жүргөнүн эске салды.

"Фергана мурдатан эле талуу жер болчу. Кытай менен Орусиянын ортосунда тургандыктан Борбор Азияга державалар дайым кызыгып келген. Ушундай учурда беш мамлекетке курал болбой, экономикалык болобу, тышкы саясатта болобу, тил табышып иштөөгө ыңгайы келип турат. Мурда Борбор Азияны лидерлер өз көз карашына, түшүнүгүнө жараша түзгөн да. Беш түрдүү башкаруу, беш түрдүү саясий жана экономикалык система калыптанган. Убагында бул өлкөлөрдүн лидерлеринин амбициялары да роль ойноп келди. ТИМде иштеп жүргөндө Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда атаандаштык, түшүнбөстүк болгондо ортодо биз кыйналып калчубуз. Азыр Борбор Азиядагы абалды ушул эки өлкөнүн лидерлери аныктайт деп ойлойм. Эгер ушул эки мамлекеттин саясаты туура болсо, башка маселелер да түзөлөт. Саммит алдында Өзбекстан менен Казакстандын президенттери жолукту. Алар бул маселени сүйлөшүп, чечти деп ойлойм. Мен эки өлкөнүн лидерин тең мамлекетчил, кыраакы адамдар катары билем, алдыны көрүп турушат. Дүйнө азыр өзгөрдү, биргеликте иш алып барбаса, өзүнчө суурулуп иш кылуу кыйын. Ушундай шартта беш мамлекеттин лидерлери кош стандарттуу саясат жүргүзүп, ойноп кетпесе эле баары жакшы болот”.

"Транскаспий коридору Кыргызстанга керек"

"Аалам каалгасынын" башкы таянычы – Борбор Азиядагы Транскаспий транспорт коридору ("Орток коридор" деген ат менен белгилүү).

Саясий серепчи Мүсүркул Кабылбеков Транскаспий коридору дүйнөгө чыгууда тоскоолдукка кабылып келген Кыргызстан үчүн жакшы мүмкүнчүлүк деген пикирде:

Мүсүркул Кабылбеков.
Мүсүркул Кабылбеков.

“Азыр жигердүү, так кадамдар жасалып жатат. Айрыкча Транскаспий коридору жакшы идея. Эгер өздөрү айткандай чындап кызыгып, инвестиция жумшаса, Евробиримдиктин бюрократиясына салса, ишти созбосо, чындап пайдалуу долбоор. Экономика үстөмдүк кылган учурда саясий режимдер роль ойнобой калат. Кыргызстан үчүн кандай транспорттук-логистикалык долбоорлор болбосун, пайдалуу. Биз азыр транспорттук блокадада турабыз. Бизге Түштүккө же Батышка карай жол ачкан кандай долбоор болбосун, керек. Бул жерде ири саясий оюнчулар да түшүнүү менен мамиле кылат деп ойлойм”.

Европа Биримдиги Орусия Украинага согуш ачкандан бери бир канча санкциялар топтомун жарыялады. Буга чейин Борбор Азиянын бир катар компаниялары санкцияны айланып өтүүгө жардам берди деп "кара тизмеге" кирген.

Кабылбеков саммитте бул маселеге басым жасалбаганына көңүл бурду:

“Мени ойлондурган бир маселе – азыр алар санкцияны айланып өтүү маселесине анча маани бербей жатканы. Борбор Азия үчүн бул талуу маселе. Беш өлкө реэкспорт маселеси менен алектенип келгени белгилүү. Бул мамлекеттердин алакасы эле эмес, орусиялык бизнесмендер менен достук, туугандык байланыштар да барын билдирет. Саясий жагынан да бул орчундуу маселе. Орусиянын биздин өлкөлөргө таасири күч. Саммиттин мүдөөсү кандай ишке ашары жакында белгилүү болот. Орусия менен Кытай тараптан, албетте, тоскоолдук болушу мүмкүн. Кытай бул маршрутту өзү курууга кызыкдар эле. Бээжинди катыштырбай Кытайдан Европага чейин кантип жол салууга болсун?”.

Борбор Азия лидерлери Урсула фон дер Ляйен менен. Самарканд.
Борбор Азия лидерлери Урсула фон дер Ляйен менен. Самарканд.

2023-жылдан бери Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Украинада согуш башталганда пайда болгон экономикалык жана саясий боштукту пайдаланып Борбор Азияга мамлекеттик сапарлардын санын арттырды. Айрым серепчилер Москва менен тыгыз карым-катнашты сактап отурган Борбор Азия өлкөлөрү согуштан кийин тышкы саясатын өзгөртө баштаганын айтууда.

Самарканд саммити масштабы жагынан Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын ортосундагы мындай деңгээлдеги алгачкы жыйын болуп калды.

2022-жылы 27-октябрда Казакстандын борбору Астанада “Борбор Азия–Европа Биримдиги” форматында лидерлердин жолугушуусу өткөн. Анда бул иш-чара мындай форматтагы алгачкы саммит экени айтылган.

2023-жылы 2-июнда “Борбор Азия–Европа Биримдиги” саммити Кыргызстанда өткөн. Чолпон-Ата шаарында уюштурулган жолугушууга Европа Кеңешинин ошол кездеги төрагасы Шарль Мишель келип катышкан.

2024-жылы 25-июнда “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлган. Бул документ 1999-жылкы Бишкектин жана жалпы Брюсселдин ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимди алмаштырары айтылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG