Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Иракта парламенттик шайлоо өтүп жатат


Баш калаа Багдаддын тургундары парламенттик шайлоону утурлай илинген үгүт көрнөктүрүнүн тушунан өтүп баратышат. 6-ноябрь, 2025-жыл.
Баш калаа Багдаддын тургундары парламенттик шайлоону утурлай илинген үгүт көрнөктүрүнүн тушунан өтүп баратышат. 6-ноябрь, 2025-жыл.

Иракта улуттук парламентке шайлоо өтүп жатат. 11-ноябрдагы добуш берүүгө 21 миллионго жакын жаран катышууга укуктуу.

46 миллион калкы бар өлкөнүн парламентиндеги 329 орун үчүн 7754 талапкер ат салышууда. Ирак парламентиндеги орундардын төрттөн бири аялдар үчүн бөлүнгөн. Шайлоого Бириккен Улуттар Уюму жана Араб мамлекеттеринин лигасынын өкүлдөрүн кошкондо 300дөн ашуун байкоочу көз салууда.

Алдын ала жыйынтыктар добуш берүү аяктагандан кийинки 24 сааттын ичинде белгилүү болот. Жыйынтыгы жарыялангандан кийин өкмөттү түзүү процесси башталат. Ал бир нече жума же айга созулушу мүмкүн. Учурдагы премьер-министр Мухаммед ас-Судани өкмөттүн башында калуу ниетин билдирген.

Бул жолку шайлоо ондогон жылдарга созулган ар кандай куралдуу жаңжалдар жана андан кийинки кризистин тушунда өтүп жатат.

Байкоочулардын айтымында, шайлоо кампаниясы негизинен саясий программаларга же ачык дебаттарга эмес, таасир, кызмат жана мандат үчүн күрөшкө багытталган.

Шерине

XS
SM
MD
LG