"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Кыргызстанда кургакчылык, сугат суунун тартыштыгы дыйкандардын негизги көйгөйүнө айланды. Изилдөөлөргө ылайык, климаттык оош-кыйыштын кесепети ириде айыл чарбасына тиет. Адистер мындан улам келечекте азык-түлүк жана суу коопсуздугуна байланыштуу курч маселер жаралышы ыктымалдыгын эскертишет.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиевди каматкан айрым жагдайларды ачыкка чыгарды.
Президент Садыр Жапаров 31-мартта Нарын баштаган бир катар шаарлардын мэрлерин, айрым райондордун акимдерин алмаштырды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин аймактагы кээ бир өкүлдөрүнүн жана акимдеринин орун басарларын дайындады.
Кыргызстанда 1992-2023-жылдар аралыгында абанын орточо температурасы 1,3 градуска көтөрүлдү жана жакынкы жылдары дагы жогорулашы мүмкүн. Мындай климаттык оош-кыйыштын айынан өлкөдө жер көчкү, сел өңдүү табыгый кырсыктар дагы көбөйүшү ыктымал. "Азаттыктын" даректүү тасмасы.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев 26-мартта күбө катары милицияга экинчи жолу көрсөтмө бергени жөнүндө маалымат чыкканы менен ал өзү азырынча үн катпай турат. Бул жагдай, өз кезегинде, ар кандай түкшүмөл ойлорду жаратты.
“Аю холдингин” негиздеген ишкер, Лондондо жүргөн Шаршенбек Абдыкеримовдун социалдык тармактарда жазган билдирүүлөрү кызуу талкууда. Ал жылдар бою түптөгөн бизнесинен кантип заматта кол жууп калганын, саясатка кантип аралашканын жазган.
Кыргызстанда "АЮ Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасына бир аптадан бери ачык билдирүүлөрдү жарыялай баштады.
Президент Садыр Жапаров 23-февралда бир катар кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгарган жарлыктарга кол койду. Ага ылайык, ички иштер министри Улан Ниязбековго генерал-полковник деген наам алды.
Президент Садыр Жапаров 23-февралда “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маегинде орусиялык ишкер Алексей Ширшовго байланышкан суроолорго жооп берди.
Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри кылып Жанар Акаевди дайындады. Ага чейинки мэр Жеңишбек Токторбаевди өзү жазган арыздын негизинде деген жүйө менен иштен алды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) атайын кызматта иштеп кеткен айрым адамдар "кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" шек саналып жатканын билдирди.
Кыргыз коомчулугунда социалдык тармактарда 2026-жылы президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу талкуу башталды. Бир катар саясатчылар, активисттер буга байланыштуу пикирин айтып, жазып чыгышты.
Кыргызстанда вице-президент кызматы киргизилиши мүмкүнбү, жокпу, зарылбы деген суроолордун айланасында талкуу жүрө баштады. Бийликтеги саясий тандемди бекемдөө үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилип, вице-президент кызматы болобу, жокпу деген божомолдорго бийлик өкүлдөрү жооп бере элек.
Садыр Жапаровдун ант кармап, президенттик кызматка расмий киришкенине 28-январда туура беш жыл толду. Анын бийлигинин тушунда Кыргызстан толугу менен президенттик башкаруу формасына өттү. Өкмөттүн түзүмү өзгөрүп, парламенттин ролу, ыйгарым укуктары кескин кыскарды.
Кыргызстандын парламентиндеги окуяларга келели. Жогорку Кеңештин комитети мамлекеттик сынактан өткөн гимндин үч вариантын угуп, баарын четке какты. Эми бул чечим парламенттин жалпы жыйынында каралат.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети комиссиянын сынынан, сынактан өткөн, тандалып келген гимндин үч вариантын угуп, баарын тең четке какты. Эми бул чечим парламенттин келерки жалпы жыйынында каралат.
Кыргызстанда "калайман башаламандык" уюштурууга шек саналып кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов менен Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты. Бул маалыматты Бишкектеги Биринчи май райондук соту ырастады.
Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев жумуштан бошотулуп, Монголияга элчи болуп дайындалды. Монголияда элчилик ачылганы бул өлкөдөгү дипломатиялык миссияны алгач болуп башкарган Айбек Артыкбаев жумуштан бошотулду.
Кыргызстанда бийлик алмашуу менен аяктаган Октябрь окуяларынын башкы каармандарынын бири катары таанылган Сыймык Жапыкеев тууралуу талаш-талкуу токтой элек.
Дагы жүктөңүз