Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:36

Эң көп талапкер Сокулукта, эң азы Манас шаарында. Шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды


17-ноябрь, 2024-жыл. Жергиликтүү жана шаардык кеңештерге өткөн шайлоо. Бишкек.
17-ноябрь, 2024-жыл. Жергиликтүү жана шаардык кеңештерге өткөн шайлоо. Бишкек.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу үгүт өнөктүгү башталды. 29-ноябрга чейин өлкө боюнча отуз округда 467 талапкер үгүт жүргүзөт. Бул жолку үгүт алдындагы айрым жагдайларга сереп салабыз.

Соцтармактарда башталган үгүт өнөктүгү

Үгүт өнөктүгүнүн алгачкы маанайы социалдык тармактарда байкалды. 10-ноябрга караган түнкү 12:00дөн баштап эле соцтармактарда айрым талапкерлердин сүрөтү жайнап, аны мактаган билдирүүлөргө толду. Айрым социалдык тармактын колдонуучулары эми 20 күнгө жакын Кыргызстан шайлоо менен гана жашай турганын айтып, талапкерлердин убадаларын угууга күч-кубат берсин деп тамашалашып жатышат.

Үгүт өнөктүгү 20 күнгө уланып, 29-ноябрда аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттады, алардын 276ы эркектер, 191и аялдар.

Кыргызстан боюнча Сокулук району жана Бишкектин батыш бөлүгүндөгү айрым жаңы конуштарды кошкон №19 округда 25 адам каттоодон өтүп, эң көп талапкер чыкса, эң аз талапкер Манас шаарындагы №11 шайлоо округунда болду. Мында беш гана адам талапкер болгон. Бир округдан үч депутат шайланарын эске алганда бул шаарда жеңилгендерден жеңүүчүлөр көбүрөөк болот. Ал эми өлкө боюнча орточо эсепте округдардан 15ден талапкер туура келет.

Боршайком мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, саясий кызматта отургандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдар, 18 жашка чыга электер, чет элдик жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт иштерин жүргүзө албай турганын билдирди.

Андан тышкары Кыргызстанда маалымат тараткан чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары да үгүт өнөктүгүн жүргүзө албайт. БШК талапкерлердин жана саясий партиялардын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган теле жана радио программаларды көрсөтүүгө тыюу салынарын эскертти. Эгерде бул талап бузулса жоопкерчилик каралган. Талапкерлер шайлоо фонддору аркылуу гана иштеши керек.

Алдын ала жарыяланган тизмеге ылайык, Кыргызстанда 4 млн 300 миңге жакын шайлоочу бар.

  • “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет же эки аял болсо бири эркек болушу шарт.


Үгүт өнөктүгүнүн өзгөчөлүгү эмнеде?

Буга чейинки үгүт кампанияларга иштеп келген медиа эксперт Жаркын Ибраева бул жолку өнөктүктө талапкерлер аймактардагы инфлюенсерлерге көбүрөөк көңүл буруп жактанын белгилейт:

"Соңку жылдарда болуп келгендей эле интернетте, социалдык тармактарда үгүт кампаниясына көңүл бурулуп жатат. Бирок бул жолу бир мандаттуу округдар болгону үчүн аймактагы сөзү өткөн адамдарга талап жогору болууда. Жер-жерлерде дал ушундай үгүтчүлөрдү жалдап жатканына күбө болдум. Үгүтчүлөр арасында жаштар көбүрөөк тартылгандай. Ошондой эле бул жолу Кыргызстанда соңку учурда уюштурулуп жаткан муундар арасындагы ынтымак деген көрүнүштү үгүт үчүн колдонуу аракети байкалууда".

Ибраева бул жолку талапкерлердин шайлоо фонду көбөйгөнү үчүн үгүтчүлөрдүн акысы жогорулап, колунда бар талапкерлер аларды көбүрөөк жалдап жатканын кошумчалады.

Быйыл өзгөртүлгөн шайлоо мыйзамына ылайык, талапкердин шайлоо фонду 20 млн сомго, саясий партиялардыкы 300 млн сомго чейин көтөрүлгөн. Ошондой эле талапкердин үгүтчүлөрү 500дөн 1000 адамга чейин көбөйтүлгөн. Дал ушул жагдайлар буга чейин коомчулукта талкууланып, шайлоодо бардар талапкерлерге артыкчылык берилбейби деген суроолорду жараткан.

Президент Садыр Жапаров бул сындарга жооп кайтарып, бир талапкерге миң үгүтчү көптүк кыларын, бирок бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлөрүн убада кылган.

Бул жолку шайлоодо өлкө бийлиги шайлоодогу мыйзамдын сакталышы, добуштарды сатууга жол бербөө, административдик жана башка ресурстардын колдонушун толугу менен четке кагууну убада кылып жатат. Садыр Жапаров бир нече жолу шайлоо темасына кайрылып, саясий өнөктүктүн мыйзамдуу өтүшүн өзү көзөмөлдөрүн билдирген:

"Мындан ары шайлоолордо добуш саноодо жана жыйынтык чыгарууда бийликтин эч кандай таасири болбойт. Добуштарды компьютер санайт, жыйынтыгын дароо компьютер чыгарып берет. Андан кийин кол менен дагы санап алсаңыздар болот. Жыйынтыгында эч айырма болбойт, ошол эле компьютер чыгарган жыйынтык жана кол менен санаган бюллетендер бирдей чыгат. 30 жылда миң түркүн депутаттарды көрдүңүздөр. Жакшысын да, жаманын да, популистин да, демагогун да, кыйкырчаагын да, бакырчаагын да, кооз сүйлөгөнүн да, байын да, кедейин да, добуш сатып алганын да, сатканын да көрдүңөр дегендей. Ошентип, депутат шайлоодо “мастер” эле болуп калдыңыздар деп ишенем. Ошондуктан келе жаткан шайлоодо татыктуусун гана шайлаңыздар демекчимин. Татыктууларды шайлап алуу эми мындан ары өз колуңуздарда", - деген.

Шайлоо-2025: Талапкерликке 500дөн ашуун жаран талпынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:29 0:00

Кыргыз бийлигинин шайлоого өзгөчө көңүл бурушунун жөнү бар. Эгемен Кыргызстандын тарыхында үч жолу элдик толкундоолор дал ушул шайлоодогу нааразылыктардан улам чыккан. Дал ушул жагдайдан улам бийлик бул жолку саясий өнөктүктү туруктуулук шартында өткөрүп, мыйзам бузууларга жол берилбей турганын утур-утур эскертип жатат.

Медиа эксперт Жаркын Ибраева үгүтчүлөрдүн даярдыгына көбүрөөк көңүл буруп, шайлоо мыйзамы, үгүт эрежелери тууралуу окууларды өткөргөнүн белгилейт. Буга талапкерлер ортосундагы атаандаштык жана бул жолу көзөмөл күчтүү болот деген өлкө бийлигинин билдирүүлөрү себеп болду деген пикирде.

Анткен менен бул жолку шайлоодо бийликтин ролу жогору жана эрежерлери күч болот деген пикирлер да жок эмес. Жарандык активист Айбек Теңизбай бул жолку өнөктүктө дал ушул жагдай байкалганын “Азаттыкка” билдирген:

"Депутаттыкка талапкерлигин койгондорду талдай турган болсок, анда өтө деле чоң жаңылык байкаган деле жокмун. Шайлоо эрежелерин, мыйзамдарын анализдей турган болсок, алдын ала тандоого ылайыкташтыргандай экени байкалууда. Талапкерлер ошондой көзөмөлдөн өтүп, депутат болуп, андан кийин деле ошого жараша ишмердигин жүргүзсө керек. Буга чейин депутат болгондор деле айтып жатат, депутат болуп ким барбасын, ким катуу сүйлөсө деле, чийинден чыкса деле баары бир бийлик тарбиялап алат дегендей мааниде айтып жатышат. Бийликке каршы бир альтернатива сунуштаган парламент болот деп айтуудан алысмын".

Талапкер боло албагандар, БШКнын элеги

Бул жолку өнөктүктө талапкерлерди каттоо бир катар окуялар менен коштолду. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышуу ниети менен арыз бергендердин документин кароо учурунда буга чейин сот жообуна тартылганы, кримчөйрө менен байланышы болгону, диний уюмдарды саясий максатта колдонгону жана соңку беш жылда Кыргызстандын аймагында туруктуу жашаган эмес деген критерийлердин негизинде бир нече жаранды каттаган жок.

Маселен, Кыргызстандын аймагында туруктуу жашаган эмес деген негизде Курманбек Жоошбаев, Венера Койчиева сыяктуу жарандар талапкер боло албады. Ал эми буга чейинки чакырылыштагы депутат Жалолидин Нурбаевдин арызы 2006-жылкы баңгизатка байланышуу иш жана 2021-жылы дагы бир козголгон кылмыш ишинин кыскарып кеткенинен улам четке кагылды. Бул иштер боюнча Нурбаев реабилитациялык процесстен өтпөгөнү айтылды.

Дагы бир экс-депутат Шайлообек Атазов, токтогулдук активист Болот Дүйшөналиев, буга чейин бир нече басылмада журналист катары иштеп, 2020-жылдагы Октябрь окуясынан соң президент Жапаровдун тарапкери катары бир катар мамлекеттик ишканаларды жетектеген Кудрет Тайчабаров криминалдык топтор менен байланышы бар болгон деген негизде талапкер боло албай калды.

Муну менен катар диний уюмдарда иштеген деген жүйө менен катталбай калгандар да бар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров “кылмыштуу топторго тиешеси бардыгы” үчүн каттоодон баш тартуу боюнча чечимдер укук коргоо органдарынын расмий маалыматтарына негизделгенин билдирди:

“Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча ушундай маалыматтарды алууда биз Ички иштер министрлиги менен кызматташабыз. Бул конституциялык мыйзамдын талабы. Ошондуктан бул мамлекеттик орган расмий түрдө берген каттын маалыматынын негизинде биз тиешелүү чечимдерди кабыл алабыз. ИИМ расмий түрдө ушундай жогорудагы баяндамада айтылгандай маалыматты берип атат. Биз чечим кабыл алганга милдеттүүбүз”, - деп билдирди ал.

Шайлоого катыша албай калган бул жарандардын айрымдары нааразылыгын ачык айтып, айрымдар саясий негизде деп айтып жиберүүгө жетишти.

Кудрет Тайчабаровдун криминалдык чөйрөгө тиешеси бар деген жүйө менен кармалганы белгилүү болду.

  • Кыргызстандын 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңеши 25-сентябрда өзүн-өзү таркаткан. Муну депутаттар кийинки жылы президенттик шайлоо менен парламенттик шайлоо удаалаш келип каларын, ал саясий туруктуулукка таасир тийгизиши мүмкүн экенин жана жаңы кабыл алынган шайлоо мыйзамдарына ылайык жаңы парламент келиши керектиги менен түшүндүргөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG