Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Букер сыйлыгын венгриялык жазуучу Дэвид Солой алды


Букер премиясынын 2025-жылдагы лауреаты, жазуучу Дэвид Солой
Букер премиясынын 2025-жылдагы лауреаты, жазуучу Дэвид Солой

Быйылкы жылдын Букер сыйлыгына британ-венгер жазуучусу Дэвид Солой "Кумар" (Flesh) аттуу романы менен татыды.

Калыстар бул чыгарманы "өзгөчө" жана "такыр башкача" роман катары баалашты.

Адабият дүйнөсүндөгү эң абройлуу сыйлыктардын бири болгон Букер сыйлыгын тапшыруу аземи Лондондо 10-ноябрда өттү. Бул жылы калыстар тобун ирландиялык драматург Родди Дойл жетектеди.

"Кумар" Солойдун алтынчы романы. Анда Иштван жигиттин карапайым венгер кварталынан тарта, Лондондогу байлардын чөйрөсүнө жеткенге чейинки жашоосу сүрөттөлөт. Чыгармада социалдык ажырым, кайраттуулук, миграция, бийлик табияты тууралуу маселе көтөрүлгөн.

"Тили кыска жана так, бул анын эң чоң күчү. Ар бир сөзү маанилүү, ал тургай сөздөрдүн ортосундагы тыныгуу да маанилүү. Бул романды окуп жатканда тирүү экенибизге, китеп окуп жатканыбызга, ушул өзгөчө дүйнөгө аралашып жатканыбызга кубанабыз", — деп белгиледи калыстар тобунун төрагасы Родди Дойл.

Жазуучунун айтымында, бул китепте "заманбап Европанын маданий жана экономикалык айырмачылыктары тууралуу" жазган. 51 жаштагы Солойго сыйлык менен кошо 50 миң фунт стерлинг акчалай сыйлык ыйгарылды.

Дэвид Солой Букер сыйлыгына 2016-жылы дагы "All That Man Is" деген романы менен көрсөтүлгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG