Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:38

"Сапат" маселеси: Балдарынын окуусуна тынчсызданган ата-энелер президентке кайрылды


"Сапаттын" окуу классы (архивдик сүрөт)
"Сапаттын" окуу классы (архивдик сүрөт)

“Сапат” мектептеринде билим алган окуучулардын ата-энелери өлкө жетекчилигине кайрылып, окуу жай Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти. Билим берүү жана илим министрлиги, "Маариф" фонду андай камтама болууга негиз жок экенин айтып жатышат.

Окуучулардын тагдырын кимге тапшырабыз?

21-январда Бишкекте маалымат жыйын өткөргөн ата-энелер "Сапат" билим берүү мекемелери Түркиянын “Маариф” фондуна өткөндөн кийин айрым окуу жайларда мугалимдер иштен кетип, кээ бирлеринде билим берүү программасы үзгүлтүккө учурап жатканын айтып чыкты.

Таласта эки баласы лицейде окуган Айтбек Жумашалиев "буга чейин жолго коюлуп калган система бузулбайбы" деп чочулап турат.

Маалымат жыйын өткөргөн ата-энелер.
Маалымат жыйын өткөргөн ата-энелер.

“Уулум быйыл бүтүрүүчү 11-класста окуйт. Физика сабагынан олимпиадага катышат. Азыр “Үмүт” деген программага кошулган. “Үмүт” жалпы өлкө боюнча лицейлерден жакшы окуган балдарды жалпы республикалык тестирлөөгө, олимпиадага даярдайт. Ошол программа азыр үзгүлтүккө учурады. Жаңы жылдан кийин он күндүк программасы болгон жок. Менин гана уулум эмес, бул жалпы аймактар боюнча балдардын окуусунун жыйынтыгына терс таасирин тийгизди", - деди Жумашалиев.

Маалымат жыйында Асел Алдаярова “Сапат” мектебинде окуган балдары эл аралык сынактарда ийгилик жаратып келгенин айтты. Ал соңку кырдаал боюнча "Маариф" фондунун өкүлдөрүнүн жоопторуна канааттанбай жатканын билдирди:

"“Маариф” фондунун өкүлдөрү бир канча лицейге барып, ата-энелер менен жолугушту. Жолугушууда чекебиз жылыган жооп алган жокпуз. Суроо берип, талап койдук. Эч кандай канааттандыралык жооп албадык. Ушунча окуучунун тагдырын кимге тапшырып жатабыз? Андан тышкары колунда билим берүү боюнча программасы жок, мектептерди өнүктүрүү пландары анык эмес. Ушулары жок, биз кантип ишенебиз?".

Чогулган ата-энелер "Сапат" системасынын сакталышын, окууну бүткөндө документке "Сапаттын" мөөрү коюлушун, күчтүү мугалимдердин сакталып калышын каалашат. Алар президент Садыр Жапаровду жогорудагы маселеге көңүл бурууга чакырууда.

Билим министрлигинин жообу

Азырынча “Маариф” фонду ата-энелердин нааразылыгына жооп бере элек. Ал эми Билим берүү жана илим министрилиги 20-январда расмий билдирүү таратып, тынчсызданууга негиз жоктугун белгилеген.

Министрлик “Сапат” билим берүү мекемесинин башкаруучуларынын курамы гана өзгөргөнүн, билим берүүдө негизги жана кошумча окутуу программалары сакталарын билдирди. 2024-2025-окуу жылында билим берүү процессин үзгүлтүккө учуратууга жол берилбей турганы айтылды.

“Министрлик өзүнүн компетенциясынын чегинде билим берүү уюмдарында мамлекеттик билим берүү стандартынын, предметтик стандарттардын, Базистик окуу планынын, окуу пландарынын, негизги жана кошумча билим берүү программаларынын аткарылышына тыкыр көзөмөл жүргүзүлөрүн кошумчалайт. Министрлик окуучулардын жана студенттердин ата-энелерин жана жакындарын тынчсызданбоого жана кызыкдар тараптардын куралына айланып калбоого чакырат”, - деп айтылган билдирүүдө.

Билим министрлиги "Маариф” эл аралык фонду билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 2,5 млн АКШ доллар инвестиция саларын убада кылганын кошумчалады.

16-январда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган жана Түркиянын "Маариф" фондунун өкүлдөрү менен жолуккан.

Нурланбек Азыгалиев элчи Ахмет Садык Доган жана “Маариф” өкүлдөрү менен.
Нурланбек Азыгалиев элчи Ахмет Садык Доган жана “Маариф” өкүлдөрү менен.

Анда "Маариф" фондунун өкүлдөрү аталган мектептер кадимкидей режимде иштеп жатканын, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн белгилешкен.

Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү 31-декабрда белгилүү болгон. “Сапат” 1-январда лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” билдирген. 2-январда ал бардык мүлкүн жана расмий мөөрүн “Маариф” фондуна өткөрүп бергени белгилүү болгон.

“Сапаттын” сайтындагы маалымат боюнча, билим берүү мекемесинин Кыргызстанда 16 лицейи, “Ала-Тоо” университети, 12 башталгыч мектеби бар. Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте өзүнүн биринчи мектебин ачкан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Шерине

XS
SM
MD
LG