Бийлик жетекчилери канча киреше тапкан?
Салык кызматынын маалыматында, президент Садыр Жапаров 2023-жыл ичинде 2 млн 760 миң сом киреше тапкан. Чыгашасы болгон эмес. Президентке катталган мүлктөн 63 сотых (0,63 гектар) айыл чарбасына багытталган жер бар.
Жакын туугандарынын кирешеси көрсөтүлгөн эмес. Аларга таандык 17 чарчы метр имарат бар. Жапаровдун 2021-жылдагы декларациясы дагы ушундай болгон.
2024-жылы президент мүлкүн жашырып жүргөндөрдү байлыгын легалдаштырууга чакырып, мурда башкаларга каттаткан 20 млн долларлык мүлкүн өзүнө жаздырганын жарыялаган.
Президент Садыр Жапаров жакындарын мамлекеттик иштерге кийлигиштирбей турганын айтып келет. Өлкө башчысынын туугандары эмне иш менен алектенери белгисиз. Бирок айрым журналисттер президенттин жакындары жөнүндө иликтөө жасашкан.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев декларацияны төраганын орун басары болуп турган учурда тапшырыптыр. Ал бир жыл ичинде 2 млн 554 миң сом таапкан. Касымалиевдин дагы чыгашасы болгон эмес. Үйү жок экени көрсөтүлгөн. Мүлкүнөн баасы 90 миң сомдук үй эмереги, 80 миң сомдук фото-видео техника, 25 миң сомдук компьютер, 40 миң сомдук үй буюмдары жана 2 млн 200 миң сом акча каражаты бар экени жазылган.
Касымалиевдин жакын туугандары 4 млн 654 миң сом киреше таап, 2 млн 516 миң сом чыгаша кылган. Аларга 216,7 чарчы метрлик турак үй, 1529,2 чарчы метрлик имарат, 574 сотых ар кандай жер-жемиш өстүрүүгө ылайыкташкан жер, айыл чарбасына багытталбаган 130 сотых жер катталган. Министрлер кабинетинин төрагасынын жакын туугандарында 1 млн 400 миң сомдук жана 2 млн 753 миң сомдук эки машинасы бар. Ошондой эле 3 млн 200 миң сомдук акча каражаты бар экени жазылган.
Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров кызматта турганда декларация тапшырган. Жапаров бир жылда 2 млн 826 миң сом тапкан. Мурдагы өкмөт башчынын 77,5 чарчы метр батиринен башка мүлкү жок экени жазылган. Анын жакын туугандарынын дагы үй-мүлкү, чыгаша-кирешеси көрсөтүлгөн эмес.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жыл ичинде 2 млн 288 миң сом киреше тапкан. Чыгашасы көрсөтүлгөн эмес. 179 жана 180 чарчы метрлик турак жайы катталган. Ал эми жакын туугандары 8 млн 654 миң сом киреше тапкан. Алардын 385 чарчы метрлик турак жайы, 57 чарчы метрлик батири бар экени көрсөтүлгөн. Айыл чарба багытында эмес 350 чарчы метр жер дагы бар.
Ал эми өкмөт башчынын дагы бир орун басары Эдил Байсалов 2 млн 202 миң сом киреше тапкан. 125 чарчы метр турак жайы катталган. Туугандарынын мүлкү көрсөтүлгөн эмес.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 1 млн 570 миң сом киреше тапкан, ага 230 миң сомдук автоунаа катталган. Ал эми жакын туугандарына баасы 700 миң сомдук автоунаа катталган.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жыл ичинде 1 млн 707 миң сом киреше тапкан. Өзүнүн жана жакын туугандарынын үй-мүлкү боюнча маалымат жок.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жыл ичинде 10 млн 491 миң сом киреше тапкан. Ага ар кандай жер-жемиш өстүрүүгө ылайыкташкан 3700 чарчы метр жер жана 1 млн 68 миң сомдук мотоцикл катталган. Жакын туугандары 1 млн 420 миң сом киреше таап, аларга баасы 1 млн 780 миң сомдук машине катталган.
Салык кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиевдин киреше-чыгашасын быйыл дагы чыгарган жок. Буга чейин мекеме муну мыйзамда улуттук коопсуздукка байланыштуу кызматта иштегендердин декларациясы ачыкталбай турганы менен түшүндүргөн.
2023-жылы министр болуп туруп декларация тапшыргандардан мурдагы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 8 млн 454 миң сом таап, эң көп киреше көргөн министр болгон. Финансы министри Алмаз Бакетаев 6 млн 836 миң сом киреше тапкан. Көпчүлүк министрлер 1-2 млн сомдун тегерегинде киреше табышкан. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин туугандары 41 млн сом киреше тапканы көрсөтүлгөн.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин, финансы мининсти Алмаз Бакетаевдин, мурдагы экономика министри, азыркы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиевдин, ички иштер министри Улан Ниязбековдун үйү жок экени көрсөтүлгөн.
Депутаттардын кимиси көп киреше тапты?
Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулу Нурланбек малдуу десек болот. Шакиев бир жыл ичинде 2 млн 200 миң сом киреше тапса, 10 млн 884 миң сом чыгаша болгон. Шакиевге баасы 6 млн сомдук автоунаа катталган.
Ошондой эле 2 млн 600 миң сомдук жылкы, 1 млн 850 миң сомдук бодо мал, 1 млн 500 миң сомдук кой-эчкиси бар. 1 млн 350 миң сомдук зер буюм жана 2 млн 300 миң сомдук башка ар кандай буюм катталган. Шакиевдин туугандарында дагы бир нече батир, кымбат буюмдар бар экени жазылган.
Парламент депутаттарынын декларациясын карап чыксак, бир жыл ичинде эң көп киреше тапкандардын сап башында мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулу турат. Ал Ноокат шайлоо округунан шайланып келип, 2024-жылдын апрель айында мандатын тапшырган. Ал жыл ичинде 72 млн 178 миң сом киреше тапкан. 17 млн 900 миң сом чыгаша кылган. Мурдагы депутатка кымбат балуу үй-мүлк, автоунаа жана ишканалардын үлүшү катталган.
Андан кийин депутат Гүлшаркан Култаева 14 млн 298 миң сом, Алишер Козуев 14 млн 332 миң сом, Нурбек Алимбеков 10 млн 768 миң сом, Исхак Масалиев 7 млн сом киреше тапкан. Көпчүлүк депутаттардын кирешеси 2-3 млн сомдун тегерегинде деп көрсөтүлгөң. Эң аз 488 001 миң сом киреше тапкан депутат Равшанбек Рысбаев болгон.
“Үйү жок” эл өкүлдөрү...
Өзүнө эч кандай үй же батир катталбаган депутаттар – Алишер Эрбаев, Мейкинбек Абдалиев (мандатын тапшырган), Айгүл Айдарова, Султанбай Айжигитов, Медербек Алиев, Нилуфар Алимжанова, Ырысбек Атажанов, Шайлообек Атазов (мандатын тапшырган), Динара Ашимова, Улан Бакасов, Дастан Бекешев, Эмилбек Жусупов (мандатын тапшырган), Жамиля Исаева, Азамат Исираилов, Нуржигит Кадырбеков (мандатын тапшырган), Аманкан Кенжебаев, Эрулан Көкүлов, Жаныбек Кыдыкбаев, Талайбек Масабиров, Марат Мураталиев, Нурлан Ражабалиев (мандатын тапшырган), Медербек Саккараев, Мирлан Самыйкожо уулу, Максатбек Сарбагышев, Элвира Сурабалдиева, Жылдыз Таалайбек кызы, Акбөкөн Таштанбеков, Данияр Төлөнов, Балбак Түлөбаев, Арсланбек Малиев, Айсара Абдибаева жана Эльдар Сулайманов.
Ал эми депутаттардын бири Бакыт Тентишевдин жеке өзүнө 13 батир, анын жакындарына 9 батир жана 4 турак үй катталганын көрүүгө болот.
Жогорку соттун жана Башкы прокуратуранын экс-башчылары
2024-жылы Жогорку соттун төрагасы жана Башкы прокуратура башчысы алмашты. Андыктан 2023-жылдагы декларацияда Жогорку соттун мурдагы төрагасы Замирбек Базарбековдуку жана Башкы прокурор Курманкул Зулушевдики бар.
Жогорку соттун мурдагы төрагасы Замирбек Базарбеков 2 млн 704 миң сом киреше тапкан. Ага 1 млн 600 миң сомдук мүлк катталган.
Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев 11 млн 865 миң сом тапкан. Анын жарым гектар айыл чарба жери, 2 млн 640 миң сомдук автоунаасы, 7 млн сомдук таза кандуу жылкылары, 11 млн сомдук бээлери, 1 млн 200 миң сомдук уйлары жана 11 млн сом каражаты бар.
Салык кызматы жарыялаган декларация менен бул жактан таанышсаңыз болот.
Кыргызстандын мыйзамдарында саясий кызмат ээлегендер жыл сайын кирешеси, мал-мүлкү боюнча декларация тапшырат. Бирок өлкөдөгү эң бай делген аткаминерлердин айрымдары мүлкүн жашырып, кагаз жүзүндө кедей болуп чыкканы коомчулукта сын-пикир жаратып келет.
Шерине