***********
Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 2024-жылы декабрда тегат жаратуучу сөздөр эске алынган жаңы мыйзамдын долбоорун алгачкы окулушта жактырган. Негедир айрым депутаттар “тегин” деген төл сөзгө каршы чыгышты. Бул антропоформантты сактап калууга чакырган тарыхчынын блогу.
Биз үчүн маанилүү мыйзам долбоорун даярдап жаткандардын бири – өзүбүз сыйлап келген Мирлан Самыйкожо мырза. Ал өзү “тегин” антропоформантына каршы чыгып жаткандыгы абдан өкүнүчтүү жагдай болду.
Албетте, айрым урматы улук депутаттар карапайым жаран айтчу жүйөөлүү сөздү угушу деле күмөн, бирок башкалары жана коомчулук эске алаар, деген үмүт менен ушул чакан блогду жазууга аргасызмын.
Кыргыз тилинин (башка тектеш жана чет тилдердей эле) эне тил үчүн төл сөз болгон көөнө сөздөрдү жаңы мааниге көчүрүү аркылуу сактап калуу тажрыйбасы мол.
Тектеш жана башка тилдерге деле мисал үчүн учкай кайрыла кетели.
Азыркы анатолиялык түрктөрдөгү “араба” (“araba”) деген сөз, чын-чынында, ат чегилген эски арабаны эмес, автоунааны билдирет. Англис тилинде дагы автоунааны билдирген азыркы ”каа” (“car”) деген сөз илгери атка чегилген үстү жабык арабаны туюнтчу.
Кыргыздарда жана башка түрк калктарында каган (хан) чыгарган буйрукту “жарлык” (диалекттик вариантьар – “жардык”, “йарлык”) деп аташчу. Азыр бул сөз Кыргызстанда хандын буйругун эмес, шайланма бийликтин ээси – президент тарабынан чыгарылган буйрукту туюнтат.
“Тегин” антропоформанты да жаңы мазмун алган төл сөз
Орто кылымдарда түрктөр (анын ичинде кыргыздар) “тегин” сөзү аркылуу “канзаада”, “кагандын тукуму”, “кагандан кийинки тепкичте турган тектүү киши” маанисин туюнтушкандыгын эч танууга болбойт.
Орхондогу айтылуу Билге-каганга арналган битик жазмасын Йоллыг-тегин аттуу канзаада 735-жылы жайында ташка жазгандыгы маалым.
Ал эми азыркы “тегин” деген кыргызча төл сөз Кыргызстандын парламенти тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда жаңы мазмунга өткөрүлгөн.
Ал кезде бул саптардын ээси эми гана отуздун кырына чыккан жаш чыгыш таануучу болсо, ал эми Мирлан Самыйкожо уулу иним (ал 1984-жылы 14-майда туулган) беш гана жашта экен.
Демек, совет доорунда эле эне тил үчүн олуттуу секирик жасай алган Кыргызстандын Жогорку Кеңеши “тегин” сөзүн “урпактарыбыз урматтап колдонушаар” деген илгери үмүт менен жаңы мазмунга көчүргөн. Депутат болбогон соң, менин 1989-жылдагы мыйзамга эч тийешем болбоду, бирок аны урматтап жана ага шыктанып, адабий тегатым катары “Чоротегин” сөзүн колдоно баштадым. Кожогелди Култегин сыяктуу досторум да ушундай нукту тандашты.
(Каратегин сыяктуу жер-суу аталыштарына токтолуп отурбайлы).
1989-жылкы мыйзамдын бир гана мүчүлүштүгү бар эле: анда “-тегин” антропоформанты кишинин чоң атасынын (же бабасынын; орусча “фамилия”) атына эмес, түздөн-түз атасынын (орусча “отчество”) атына гана жалгашсын, деп чектелип жазылып калган.
Дал ушул катаны гана оңдоп коюу керек. “Тегин” сөзү, жаңы мыйзамдык түзөтүүгө ылайык, чоң атанын жана андан да мурдагы бабанын атына жалгашса, анда биз совет дооруна чейинки кыргыз ысымдарынын көпчүлүгүн болочокто да кыргызча киши аттарында ырааттуу сактап кала алабыз.
Совет доорунда МТСбек, РТСбек, Колхозбек, Марклен, Совхозбек, Съездбек ж.б. ысымдар жайнап кеткен. Албетте, мындай ысымы бар абдан сонун кишилер бар, бирок улут көрөңгөсү үчүн байыртадан келе жаткан ысымдарды сактоонун жолдорунун бири катары ата-эненин жана эрезеге жеткен жарандын каалоосу менен киши атына “-тегин” сөзүн жалгаштырып сактоо ыкмасын айтаар элем.
Тажиктер “-зода”, азербайжандар “-заде” антропоформанты аркылуу, армяндар “-ян” аркылуу, грузиндер “-швили”, “-ия” антропоформанттары аркылуу өз улуттук тегатын совет доорунда эле айырмалап көрсөтө алышчу.
Жогорудагы 1989-жылкы мыйзамга түзөтүү кирчү болсо, анда кыргыздар “-тегин” антропоформантын азыркыдан да арбын колдоно башташат, деп үмүттөнөм.
Бул сөз “н” үнсүз тыбышы менен аяктайт. Эл аралык чөйрөгө чыкканда бул вариант латын жана башка алфавиттерде колдонууга жана чет тилдерде (мисалы, орус тилинде) жөндөөгө да ылайыктуу.
Орусча “кимге?” (“кому?”) – Нуртегину; “кимден?” (“от кого?”) – от Нуртегина, ж.б.
Эми ушул варианттын ордуна М.Самыйкожо сунуштаган “Нуртеги” дегенди коюп жөндөп көрүңүз.
Латын тамгасында үнсүз “н” (“n”) тыбышы менен аяктаган Nurtegin варианты да көп тилдер үчүн чанылдырууга өзгөчө ылайыктуу.
Тегат өзү зат атооч болуп саналат, ал эми “-теги” менен бүткөндө аны зат атооч катары кабыл алуу оңтойсуздук жаратат.
Сүйлөм: “Нуртегиндин теги – кыргыз”. (Салыштырыңыз: “Нуртегинин теги – кыргыз”).
Албетте, айрым замандаштарыбыз өз уулунав Айтегин деп ат коюп алган учурлар болду.
Демек, Айтегин кийинчерээк чоң ата болгондо анын ысымынан кантип жаңы тегат жаратабыз? Чаташуу же терминдик батташуу жаралбайбы?
Бул маселе деле оңой чечилет. Жаңы мыйзамдын бир беренечесинде “эгерде кыргыз жаранынын өз аты “тегин” сөзү менен аяктаган болсо, анда болочокто мындай ысымдагы “-тегин” сөзү бир эле учурда тегаттык куранды сөз (антропоформант) кызматын аркалай берет”, деп жазып коюу гана керек.
Демек, Айтегин деген жаш бала кийин чоң ата болгондо, анын небере-чөбөрө урпактары “Айтегинтегин” деген татаал тегатты албастан, “Айтегин” деген гана тегатты өздөрүнө ала алышат.
Тасма. "Тегин" сөзүнүн төркүнү. 14.1.2025.
“Мырза” сөзү мурда кимди туюнткан?
Эгемендик доорунун башынан тартып биз кыргыз тилинде “мырза” жана “айым” сөздөрүн жигердүү колдоно баштадык. Азыр деле бул “мырза” деген сөзгө чычалаган, тырчыган, аны жериген кишилер жок эмес, бирок бул сөз да коомдо алынып кетти.
Орто кылымдарда Эмир Темирдин урпактарын “эмирзаада” (“эмирдин тукуму”, “Кол башчынын урпагы”) дешчү. Кийин бул сөз кыскартылып отуруп “мырза” (“мирза”) сөзүнө түшкөн.
Андан соң, бара-бара, бул “мырза” сөзү менен иши кылып ар кимге урматтап кайрылып калышкан (алардын, албетте, Эмир Темирге эч тийешеси жок).
Азыркы өзбек тилинде “мырза” сөзүнүн маанилеши катары “жанааб” (“жаноб” – “janob”) сөзү колдонулуп келет.
Демек, “мырза” сөзү азыркы тапта кыргыздын жаңы чапан кийген нагыз заманбап термини.
Айтмакчы, “Мирлан” ысымы дагы түбү “Темирлан” сөзүнө барып такалат.
“Темир” (“Тимур”) сөзү фарсыча “ленг” деген “аксак” сөзүн туюнткан жана инсанды майыптыгы үчүн кемсинткен кошумча сөзгө жалгашып, “Тимурленг”, Темурленг”, “Тимурлан” (“Аксак Темир / Тимур”) деген ат келип чыккан.
Албетте, кас душмандары атаган бул кемсинтчү ысымды Эмир Темир эч качан өзү үчүн колдонгон эмес.
Биз дагы эмгектерибизде “аксагы” жок эле “Эмир Темир” деп жазып келебиз. Эмир Темирге таандык деп жоромол кылынган чагатай түркчө чыгарма дагы “Темурнинг түзүклери” – “Темир өзү түзгөн баяндар” деп аталат.
Кыргыздар совет доорундагы орус тилдүү адабияттын күүсү менен өз эркек балдарына Темирлан, Тимурлан, Тамерлан жана Эмирлан деп көп ат коюшту, бирок мындагы “лан” сөзү кишинин майыптыгын билдирчү фарсыча начар сөз экенин ата-энелер ылгап отурушкан эмес.
Айтор, Ала-Тоодогу ата-энелер иши кылып балдарыбыздын аттары оторчулардын ысымдарына көчүп, “Иван”, “Владимир” болуп калышпаса экен, деп санааркашкан.
Анан ушул илеп менен “Мирлан” деген да ысым пайда болду. Мындагы алгачкы “мир” сөзүн айрымдар “тынчтык” деп чечмелешсе, айрымдар “эмир” сөзүнүн кыска варианты катары карашат.
Кандай болсо да, ата-эне жаңы мазмунга көчкөн сөздөр колдонулган бул ысымдар аркылуу өз чүрпөлөрүнө бейпилдик, саламаттык жана жаркын келечек гана каалашкан.
“Кожо” сөзү антропоформант катары диний маанисин жоготкон
Биздин Мирлан Самыйкожо уулу инибиздин атасынын ысымында “самый” жана “кожо” сөздөрү бар.
“Самый” ысымы Алла-тааланын 99 татынакай атынын бири “ас-Сами” (ٱلسَّمِيعُ) – “Бардыгын тең угуп туруучу” деген арапча сөздөн өздөштүрүлгөн.
Ал эми ысымдын “кожо” деген бөлүгү болсо фарсыча “хважа” – “хожа” (خواجه) деген сөзгө барып такалат. Бул сөз менен “урматтуу”, “ардактуу”, “жогорку чиндеги төбөл” маанилери туюнтулган. Түркстанда ханафийлик сопулук (суфийлик) философиялык-диний агымдардын айрым топторунун башчыларын да “кожо” (“хожа”) деп атап коюшаар эле.
Осмон султандыгында бул “кожо” сөзү менен дарыгерди, илимпозду жана ал түгүл гаремдеги бычылган жооптуу кызматкерди деле атап коюшчу экен. Азыркы Түркияда бул сөз “устат окутуучу”, “профессор” деген оң мааниге ээ.
Албетте, бүгүнкү күнү кыргыздардын киши аттарын түзгөн “кожо” сөзүнүн динге жана сопулук агымга жана Осмон султандыгында колдонулган маанилерге эч тийешеси жок.
Бул кыргызча сөз – жаңы мазмунга көтөрүлгөн, диний мазмундан ажыратылып, тек гана антропоформант болуп калган секулярдык (айдыңдык) термин.
“Кожо” сөзү көптөгөн кыргыз киши аттарында алгачкы бөлүк катары да кезигет: Кожобек, Кожогул, Кожобай, Кожокелди, Кожомурат, Кожош, ж.б.
“Чоро” сөзүнүн мааниси
Орто кылымдардын эрте мезгилинде “чор” жана “эл-чор” сөздөрү түрк каганаттарында төбөлдүк даражаны туюнткан. Ири көчмөн түрк каганаттары ыдыраган учурларда “чор” даражасына ээ болуп, бирок кыйла өз алдынчалыкка жетишкен өкүмдарлар да болгон.
Тарыхта Күли-Чор, Көл-Чор, Кут-Чор, Кара-Чор, Байан-Чор, Йеген-Чор, Чабыш-Чор сыяктуу киши атттары катталган.
Түндүк Кавказда мурдагы кыпчактардан калган этностук бөлүктөрү да бар түрк тилдүү элдерде Чор (Чора) ысымы азыр да учурайт. Түндүк Кавказда карачай жана малкар (балкар) элдеринде “Байчора” киши аты кезигет.
Кыргыз элинин “Манас” баатырдык эпосунда “Чоро” сөзү бир эле учурда Манастын тандалма кырк жоокери, кырк башка уруунун бектери же чакан хандары маанисинде кезигет.
Албетте, бул термин да кыргыздын заманбап киши аттарын жасоодо колдонулат: Чоро, Чоробай, Чоробек, Жээнчоро, Байчоро, Бекчоро, Көлчоро, Күлчоро, Канчоро.
(Даңазалуу фолклор таануучу жана дастанчы Абдыкалык Чоробаев, Кыргыз эл артисти Чоро Дубанаев, викичи Чоробек Сааданбек сыяктуу ысымдар эсиме түштү).
Орто кылымдарда түрк элдеринде “чорос” деген да уруу аталышы кезиккен. XVII кылымда Ак-Тоонун (Чыгыш Памирдин) этегиндеги Жаркент (Йаркенд) шаарында түрк тилдүү көчмөн могол этносунун чорос уруусунан чыккан даңазалуу тарыхчы Мырза Шах Махмуд ибн Мырза Фазил Чорас (арап-фарсы тамгасы боюнча Чурас) жашагандыгы белгилүү.
Алтай элинин даңазалуу инсаны – сүрөтчү жана мамлекеттик ишмер Григорий Иванович Чорос–Гуркин (12(24).01.1870 – 11.10.1937) жөнүндө да эскере кетсек болот.
Кыргыздар болсо бул киши аталышына “с” тамгасын кошпостон, “Чоро” деп гана колдонушкан.
Сөздүн көп маанилүүлүгү
Айрым саясатчылар “тегин” сөзү “эч нерсеге арзыбаган” деген терс мааниге ээ экен, деп айтып келишет.
Албетте, буга аргасыздан жылмаясыз.
Деги, туура, оң маанидеги сөздү каймана же терс маанилерде колдонгон учурлар, ар кыл омонимдер азбы? Алардын бирин гана “туура” деп эске алып, башка сөздөрүн четке кагууга болобу?
Мисалы, көп маанилүү, айтылышы бирдей “ат” сөзүн алалык (1) “жылкы” сөзүнө маанилеш; энчилүү жана башка аталыштар; “ат!” буйрук этиши). Булардын бирин гана тандап алып, башкасына тыюу сала алабызбы?
1990-жылдардагы куудулдардын бир аңчы тууралуу азили эсимде: жандоочу болгон киши кайберенди эмес, бадалдан башы гана бир аз көрүнгөн жылкыны мээлеп калган мергенге “А-ат!..” деп шыбыраса, тигиниси маанилеш сөзгө түшүнбөстөн, шарт мылтык милтесин басып жиберип, өздөрү минип келген аттардын бирин жайлап алган экен.
Баса, мындагы “жайлап” (“өлтүрмөк”) сөзү да “жайлоодо бирге жайлап келүү” сөз айкашы менен чаташтырылып калбасын!
Чүйгүн тамактын бирин атайлы: каткалаң “к” менен айтылчу қарта – жылкынын ич эти (казы-карта, чучукту элестетиңиз).
Ал эми жумшак “к” менен карта – ойной турган кагаз баракча, карта – Жердин картографиялык сыпатталышы. Кыргызча кирил жазмасында алар бирдей жазылышат.
(Кыргыздын арапча алфавитинде каткалаң қ жана жумшак к үнсүз тыбыштары өз алдынча тамгалар (каф жана кеф) менен айырмалуу чагылдырылат).
Омонимдердин ар бири астейдил үйрөнүлүшү зарыл. “Ат!” дегенди угаар замат акыл калчабастан туруп минген атыбызды атып салбайлы!
Кыска корутунду
Демек, “тегин” сөзү деле өз эне тилинин бай сөз казынасын аздектеген сабаттуу кишилер эч качан чаташпай турган көп маанилүү төл сөз.
Кашпировский, Чумак сыяктуу чунактарды чакырып келип: “Айланайындар! Кагылып кетейиндер! Деги “тегин” сөзүнөн анчалык коркпогулачы”, – деп айрым замандаштарыбызга “дем салдыруунун” деле эч кажети жок го дейм. Тек гана калыстыкка үндөйбүз.
Урматтуу депутаттарды “тегин” антропоформантын кыргызча тегаттын бөлүгү катары чоң ата менен бабалардын атына кошууга мыйзамдык уруксат берүү аркылуу Жогорку Кеңештин 1989-жылы тарыхый мыйзамды кабыл алып, эрдик кылган чакырылышынын өкүлдөрүнүн – жакынкы ата-бабаларыбыздын – архаикалык сөзгө жан киргизген татынакай табылгасына урпак катары ызаат көрсөтүүгө чакыргым келет.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.
Шерине