Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Салык кызматындагы коррупция: төрага менен орун басары камалды


Алтынбек Абдувапов жана Исламбек Кыдыргычов.
Алтынбек Абдувапов жана Исламбек Кыдыргычов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалганын бүгүн, 6-декабрда кабарлады. Атайын кызмат аты аталган жетекчилердин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталганын билдирүүдө.

6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Абдуваповду жана Кыдыргычовду 20-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

УКМК Алтынбек Абдувапов менен Исламбек Кыдыргычев коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шек саналып камалганын билдирди. Учурда тергөө-иликтөө дагы уланып жатканын белгиледи:

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычевдин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экени аныкталган. Бүгүнкү күнгө карата аталган жогорку кызматтагы аткаминерлер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди, мыйзамда белгиленген мөөнөттө аларга айып тагылып, сот тарабынан бөгөт чарасы тандалат".

Кармалгандардын жактоочулары жана жакындары буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Мунун алдында атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев апта башында Салык кызматынын Бишкек шаарындагы райондук башкармалыктын жетекчилеринин камалышы тууралуу маалымат берген. Анда алардан жогорку жетекчилери да камаларын эскерткен. Ташиев салыкчылар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазга (ЭТТК-ЭТТН) байланыштуу коррупциялык схема түзүп алганын айткан.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Коррупция менен күрөшүүгө караганда уюшкан кылмыштуу топ менен, бандиттер менен күрөшүү оңоюраак экен. Мен муну өзүм көрдүм, сездим. Коррупция азыркыга чейин уланып жатат. Жогорку деңгээлге чейин жетти. Эки күн мурда салык инспекциясынын жетекчилерин кармадык. Биздин алдын ала эсептөөлөрүбүз боюнча, алар бюджетке 3,2 миллиард сом зыян келтиришти. Ошол эле учурда биз жөнөкөй жарандарыбызды, базарда отургандарды салык төлө деп кыйнап жатабыз, ЭТТН деп талап кылып жатабыз. Бирок салыкчылар өздөрү ЭТТН боюнча коррупциялык схема түзүшкөн. Азыр 3,2 милилард сом деген бул башталышы гана. Балким, биз жогору жакта турган жетекчилерди кармай баштайбыз. Чоң жетекчилерге чейин жетиши мүмкүн. Булар бир бүтүн коррупциялык-мафиялык түзүмдү ойлоп чыгышкан. Азыр эми "салыкчыларды камап койдуңар, биз планды толтура албай калдык" деп жатышат, "ушуларды чыгарып бергиле" деп айтып жатышат. Мен аларга "жок" деп атам. Булар (кармалган салыкчылар - ред.) товарды, мисалы, аракты алышат экен дагы, кампалардын чыгарылган электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК-ЭТТН) жазып жөнөтүшөт. "Сосновка" постунан аны кайра артка кайтардык, товар кампага келди деп коюшат. Бирок товар артка келбей эле Ош, Жалал-Абад же Баткенге жетип сатылып кетип жатат. Ошол эле кезде салыгы төлөнбөйт. Товар болсо сатылып кетет. Бизде ушундай операциялыр түзүлүп, ошонун негизинде Бишкек шаарында эле 3,2 миллиард сомду түзгөн көмүскө экономиканын көлөмү аныкталды. Биз ошол эле маалда базарда же бир соода жайында отурган жарандарыбызды 10-20 миң, 100 миң сом төлөп кой деп артынан жүрөбүз. Бул жерде болсо миллиарддаган сом жөнүндө кеп болуп жатат. Бул коррупциялык схеманы салыкчылар өздөрү түзгөн. Алар акчаны начальниктери менен бөлүшүп турган, биз муну аныктайбыз”, - деген Ташиев.


Парламентте депутат Элвира Сурабалдиева бул окуяга байланыштуу өкмөт башчы, Салык кызматынын төрагасы кызматтан кетиши керектигин айтып чыккан. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жооп кайтарып, Х социалдык тармагындагы баракчасына эл өкүлүнүн өкмөттөгү коррупция, элдин ишеними кеткени тууралуу дооматтары "суу кечпейт" деп жазган. Акылбек Жапаров болсо анын отставкасы тууралуу талаптарга үн катпай турат.

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Исхак Масалиевдин пикиринде, бул окуя салык системасында коррупцияга жол ачкан жагдайлар жоюла электигинен кабар берет:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Эгерде салык чогултуу, салык төлөмдөрү көбөйсө, айрым жетекчилер "планды аткардык, баары жакшы эле, биз дагы кичине тиричилик кылалы" деп айрым бир кыйшык иштерге барып калат окшойт. Ташиев айткан, бул жерде төрт эле начальник эмес. Бул жерде өтө чоң коррупциялык схема болуп жатат. Накта коррупциялык схема деген ушу. Булар мыйзамдын айрым мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып ушундай кадамга барган. Демек, бул аткаруу, салык системасында коррупцияга толук мүмкүнчүлүк болгон. Мен айрым кесиптештеримдин Акылбек Жапаров тууралуу айткандарына кошулат элем. Ал өзү салык системасында иштеген, жагдайды мыкты билет. Адатта салык тармагын өзү көзөмөлдөчү. Ал киши кантип эле билбей, туйбай калды деген суроо пайда болот. Ага жообу болушу керек. Ал жигиттен (Акылбек Жапаровдон - ред.) сурай турган деле мезгил келип калды окшойт".


3-декабрда УКМК кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги төрт райондук башкармалыктарында жана ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгында тинтүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында төрт райондук башкармалыктын башчылары жана башка отуздай кызматкер кармалганы маалымдалган. Камакка алынгандар жана алардын жактоочулары, жакындары үн ката элек. Бул окуялар кыргыз өкмөтү улам салыктын жаңы түрлөрүн киргизип, салык төлөмдөрүн кобөйтүүгө аракет кылып жаткан учурга туш келди.

Коррупция маселелери боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева коррупциянын жоюлбай жоюлбай жаткан жагдайдын айрым себептерине токтолду:

Эркайым Мамбеталиева.
Эркайым Мамбеталиева.


"Коррупция менен күрөш чынында эле оор. Ага мындай спрут катары мүнөздөмө берсек болот. Бул маселенин оорлошуп кеткен себеби - коррупция биздин аң-сезимге дагы аябай батып калган. Көптөгөн жылдар бою биз коррупцияны жашообуздун бир бөлүгү катары көрүп калганбыз. Ансыз иш бүтүрүү мүмкүн эмес, кайсы жакка кайрылсаң да сөзсүз түрдө пара беришиң керек деген түшүнүк калыптанып калган. Ошондуктан дагы аны менен күрөшүү оор деп айтса болот. Бул жерде мамлекет менен жарандардын ортосундагы ишенимди бекемдеш керек. Эгер ишеним болбосо, мунун дагы кесепети тийбей койбойт. Биринчиден, пара берүүнү токтотуу керек, аткаминерлер дагы алам деген ойдон арылышы керек. Азыр коррупциянын алдын алуу жаатында прокуратурада, санариптештирүүдө иштер жасалып жатат. Бирок ошол эле учурда орто деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер дагы өзүнүн салымын кошуусу керек. Коррупция менен күрөш мамлекеттик мекеме-органдын жетекчилеринин саясий эркинен дагы көз каранды".


Финансы министри Алмаз Бакетаев октябрь айында Кыргызстанда коррупциядан бюджетке 46 млрд сом өндүрүлгөнүн билдирген, бирок бул каражат качан, кайсы маалда, кимдерден өндүрүлгөнүн тактаган эмес. Ташиев жайында УКМКнын жарым жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып, бюджеттен уурдалган 70 млрд сомдон ашык каражаттын теңинен көбү, тактап айтканда, 50 млрд сому өндүрүлгөнүн маалымдап, чоо-жайына кенен токтолгон эмес.

Transparency International (TI) эл аралык уюмунун коррупциянын деңгээли тууралуу соңку баяндамасында Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 141-орунду ээлеп, 2022-жылдагы көрсөткүчкө караганда бир баскычка артка кеткен.

Шерине

XS
SM
MD
LG