Бирикмедеги Орусия соңку убактарда бул жааттагы мыйзамдарын катаалдаштыра баштаган. Мамлекеттик Дума аз күн мурда эле бул боюнча жаңы мыйзамдар пакетин сунуштаган.
Орусиянын чарасы, Кыргызстандын позициясы
Евразия Экономикалык Бирлигинин ичиндеги миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдар тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-октябрда Армениянын борбору Ереванда өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында чыгып сүйлөгөндө айтты.
Жапаров уюмдагы интеграция биринчи кезекте ага мүчө мамлекеттердин жарандарына пайдалуу болушу керектигин, биримдикке мүчө мамлекеттер өз жарандарына жана өнөктөштөрдүн жарандарына бирдей мамиле кылышы керектигин белгиледи:
“Миграция чөйрөсүн жөнгө салууну катаалдаштырууга багытталган улуттук мыйзам актыларын иштеп чыгуу боюнча баяндамалар өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Мыйзам чыгаруу демилгелери ЕАЭБ жөнүндө келишимдин нормаларына карама-каршы келбеши керек, башкача айтканда, биздин иштеп жаткан жарандарыбызга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешелүү болбоого тийиш. Мамлекеттик органдар тарабынан демилгеленген документтерде да, коомдук мейкиндикте да ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана ага мүчө болбогон өлкөлөрдүн жарандарынын укуктарын так бөлүп көрсөтүү зарыл. Мен комиссияны биздин өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдары менен бирдикте мындай маселелерде өз ара алгылыктуу жана оптималдуу чечимдерди табууга чакырам. Алдыга кадам таштоо менен жетишилген ийгиликтерди жоготпоо абдан маанилүү, эки кадам артка кете албайсың”, – деп айтты Еревандагы жыйында Акылбек Жапаров.
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы кайсы бир мыйзамдарды атап көрсөткөн жок. Бирок кеп Орусияда соңку айларда сунушталган актылар жөнүндө болуп жатканы түшүнүктүү.
Айталы, июнь айында Мамлекеттик Дума мигранттарга көзөмөлдү күчөткөн мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Документте чет элдиктердин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салуу себептеринин тизмеси кеңейтилген.
Июль айында Орусиянын Ички иштер министрлиги чет элдик мигранттарды өлкөдөн чыгаруунун шартын жеңилдеткен дагы жаңы мыйзам сунуштаган. Ага ылайык, административдик кодекстин дагы 20 беренеси боюнча мигранттарды Орусиядан чыгарууга жол ачылганы турат.
Августта болсо Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы ЛДПР фракциясы мигранттардын үй-бүлөсүн өлкөгө алып киришине тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштаган. Кийин ушул эле демилгени Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев да колдоп чыккан.
Сентябрдын ортолорунда Орусиянын бийлиги уруксатсыз жүргөн чет элдиктердин атайын реестрин түзүп жатканы, ага илинген мигранттар машина айдоо, банк кызматынан пайдалануу, менчик укуктарын каттоого тургузуу, нике документтерин алуу, балдарын бала бакчага жана мектепке орноштуруу укугунан ажырай турганы айтылды. Бул чаралар жаңы жылдан тартып күчүнө кирери айтылган.
30-сентябрда "Свобода" радиосу Орусияда мыйзамсыз миграцияны ооздуктоого багытталган кезектеги мыйзам долбоорлору даярдалып жатканын жазды. Маалыматта айтылгандай, мыйзам чыгаруу ишмердиги менен алектенген өкмөттүк комиссия бул жааттагы мыйзамдарды катаалдаштыра турган демилгелерди караштырып жатат, алардын негизги бөлүгү даярдалып бүтүп, колдоо табууда.
"Коммерсантъ" басылмасынын журналисттеринин колуна Орусиянын Административдик кодексине жана Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу үч долбоор тийген. Ага ылайык, өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн мигрант кылмыш кылса, анын жазасын оорлотуу, аларды жумушка алуу үчүн документ жасаган ишканаларды жазага тартуу, мыйзамсыз миграция уюштурууга катаал чара көрүү сыяктуу нормалар каралган.
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Азаттыктын” суроо-талабы менен Орусиянын жаңы мыйзамдары тууралуу коментарий берди.
Мекеменин басма сөз катчысы Айзада Рахимова министрликтин позициясын мындайча келтирди:
“Бул мыйзамдык демилгелер Орусия Федерациясынын аймагында эмгек мыйзамдарын бузуу менен жүргөн эмгек мигранттарына жайылтылат (каттоо тартибин бузуу, миграциялык каттоого туруу, расмий эмес ишке орношуу ж.б.). Эмгек миграциясын жүзөгө ашыруу үчүн Орусия Федерациясына барууну пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын мындай тартип бузууларына жол бербөө максатында, Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан туруктуу негизде жумушка орноштуруу жана Орусияда болуу эрежелерин чагылдыруу боюнча иштер такай жүргүзүлүп турат. Ошондой эле Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы элчилиги жана консулдук мекемелери менен биргеликте Кыргызстандын жарандарына юридикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү боюнча иштерди жүргүзүлүүдө”.
“Ар бир үчүнчү мигрантка тиешелүү”. Орусиянын жаңы мыйзамдарынын кесепети
Соңку мыйзам долбоорлорун Орусиянын Мамлекеттик Думасынын "Единая Россиянын" депутаттары Ирина Яровая менен Олег Морозов иштеп чыгышкан.
Документтердин биринчисине ылайык, эгер документи туура эмес мигрант кылмыш кылып кармалса, анын мыйзамсыз жүргөндүгү жазасын оорлотуучу фактор катары каралат. Мыйзам долбоорунда жазылгандай, Орусияда азыркы тапта 630 миңден ашуун мыйзамсыз мигрант бар. 2024-жылы алардын арасынан кылмыш жасагандардын саны үч эсе көбөйгөн.
Экинчи мыйзам долбоору менен мыйзамсыз мигрантты жумушка алыш үчүн документ жасаткан мекеме-ишканаларды жазага тартуу каралууда. Азыркы тапта мындай мыйзам бузуунун жазасы 400 миң рублден 1 миллион рублге чейин жетет. Эгер депутаттар сунуш кылган жаңы демилге колдоо тапса, айып пул өлчөмү 5 миллиондон 10 миллион рублге чейин жогорулайт. Эгер кылмыш кайра кайталанса, 10-60 миллион рубль төлөш керек болот.
Үчүнчү мыйзам долбооруна ылайык, мыйзамсыз миграция уюштуруунун жазасы катуулайт. Азыркы мыйзамда беш жылга чейин эркинен ажыратуу керектигижазылган. Эми ага минималдык мөөнөттү так көрсөтүп, эки жылдан беш жылга чейин деп жазуу сунушталууда.
Орусиядагы мигранттардын укуктарын коргоо жаатында иш алып барган юрист Эрлан Токтосунов сунушталып жаткан чаралар мыйзамдарда бар экенин, эми алар күчөтүлүп жатканын белгиледи:
“Негизи эле Орусиядагы миграциялык мыйзамдардын аткарылышы өтө татаалдаштырылган. Эми ага киргизилип жаткан толуктоолор жана өзгөртүүлөр дагы да катаалдаштырылып, жоопкерчиликти жогорулатып жатат. Менин оюмча, Орусиядагы ар бир экинчи-үчүнчү мигрант бул катаалдаштыруудан жабыр тартып калышы мүмкүн. Мигрант өзү билип-билбей, же каалабай деле аталган мыйзамдардын эрежелерин бузуп алышы мүмкүн. Мисалы, көпчүлүк учурда мигранттар жашаган үйдүн кожоюндары аларды ошол жерге каттоого тургузуудан баш тартканын билебиз. Бул миграциялык эрежелерди бузуудагы бирден-бир себеп. Анткени ар бир мигрант жашаган жеринде катталышы керек деген норма бар. Мына ошол нерсе менен эле мигранттарды жоопкерчиликке тартып, өлкөдөн чыгарып коюп жатышат. Мурда мунун баары сот аркылуу ишке ашып келсе, эми полиция кызматкерине аталган себеп менен чет элдик жаранды депортация кылып жиберүүсүнө укук берилет”.
Орусиянын бийлигинин миграциялык мыйзамдарды өзгөртүү жана жоопкерчиликтерди күчөтүү демилгелеринин арты сунуш деңгээлинде турса, алды ар кайсы формада аткарыла баштады. Анын ичинен мигранттардын балдарын мамлекеттик мектеп жана бала бакчаларга кабыл алууга чектөө киргизүү али күчүнө кирбегени менен, де-факто иштеп жатат.
Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын ичинен аты-жөнүн атоодон карманган жалгыз бой энелердин бири “Азаттыкка” буларды айтты:
“Мектептер балдарды кабыл алууга каршы эмес, маселен, мен өзүбүз жашаган жердеги мектеп директору менен деле сүйлөшүп чыктым. Бирок Билим берүү башкармалыгы бизди системага такыр жолотпой жатат. Атайын онлайн системада менин каттоом чыгып жатат, бирок кызымдын каттоосу чыкпай калды. Болбосо экөөбүз бир эле жерде каттоодо турабыз. Кандай документ керек десем, катталгандыгы тууралуу кабарлама керек дейт. Анысын бүтүрүп берсем, дагы башка нерселерди айта башташты. Айтор, мен түшүнгөндөй, кыргызстандык балдарды мектептерге албай жатышат экен. Буга чейин ошол эле мектептерде окуп келген балдарда деле ушул көйгөй пайда болуптур. Аларга болсо “мектепте орун жок” деп эле жооп беришүүдө. Бала бакчалардын биринин жетекчиси менен сүйлөшсөм, ал “мигранттардын балдары бир тайпада 20% ашпаш керек” деген жазылбаган талап берилгенин айтты. Жеке менчик мектептерге жана бала бакчаларга балдарды берсе болот, бирок алардын акысы кымбат. Маселен, жеке мен кызым үчүн менчик мектепке айына 25 миң сом төлөп жатам. Бул жалгыз бой эне үчүн абдан кыйынчылык жаратууда. Мен билгенден, көпчүлүк мигранттар балдарын онлайн окутууда, ага да акы төлөшөт. Ага мүмкүнчүлүгү жоктордун балдары эч кандай билим ала албай отурушат”, – деди ал.
Кыргызстандык мигранттар көп иштеген Орусия 2022-жылы февралда коңшусу Украинага кол салып, мына ушундан улам ал жакта мигранттарды текшерүү күчөгөн. Бул кезинде аларды да опуза менен согушка тартуу максаты менен түшүндүрүлүп жаткан. Алгач жарандык албаган мигранттар гана текшерилип турса, кийин жарандык алган чет элдиктерге деле басым боло баштаган.
Быйыл март айындагы "Крокус Сити Холлго" жасалган кол салуудан кийин, Орусияда мигранттарга каршы рейддер, басым-кысым дагы жанданды. Буга терактты уюштурууга шек саналып камалгандардын дээрлик бардыгынын теги борбор азиялык экени түрткү болгон.
Быйыл жыл башынан бери орус полициясы өлкөдөн 65 миң чет элдикти чыгарып, 120 миң чет өлкөлүктүн кирүүсүнө тыюу салды.
Орусияга мигранттар агымы соңку 10 жылда алгачкы жолу эң төмөнкү көрсөткүчкө түшүп, экономисттердин өлкөдө жумуш күчүнүн жетишсиздиги башталат жана тейлөө акысы кымбаттайт деген кооптонуусун жаратууда.
Кыргызстандын бийлиги соңку жылдары чет жактагы, анын ичинен Орусиядагы мигранттардын санын азайтууга жетишкенин билдирип келет. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болгон.